БЕРКЛИ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕ́РКЛИ''' Жордж (12.3.1685, Ирландия, Килкен­ниге жакын – 14.1.1753, Оксфорд) – | '''БЕ́РКЛИ''' '''Жордж''' (12.3.1685, Ирландия, Килкен­ниге жакын – 14.1.1753, Оксфорд) – англиялык фило­соф. Клойндо (Ирландия) епископ болгон. Беркли ар түрдүү заттардын негизи материя деген түшүнүк бардык чаташуулардын түйүнү деп билип, аны төгүнгө чыгарууну максат кылып койгон. Ал объективдүү дүйнө өзүнчө жашабайт, субъек­ттин сезимдеринен гана турат, ар кандай таа­нып-билүү сезүүдөн башталат, аны бизге сезүүбүз берет деп, нерсе менен көрүнүштөрдүн объективдүү жашоосун танат. Анын ою боюнча нерселер – түшүнүктөр, ал эми түшүнүктөр акыл-ойдон тышкары боло албайт. Мына ушундан келип «бар болуш – бул кабыл алыныш» деген жобо­сун сунуш кылат, динди актап, «жаратылыш­тын закондорун» Кудайдын жасаган эрежеси, анын эч бир объективдүү мазмуну жок деп түшүндүрүүгө аракеттенет. Берклинин философиясы материализмди жокко чыгарып, динге маани берген. | ||
«бар болуш – бул кабыл алыныш» деген жобо­сун сунуш кылат, динди актап, «жаратылыш­тын закондорун» Кудайдын жасаган эрежеси, анын эч бир объективдүү мазмуну жок деп түшүндүрүүгө аракеттенет. | |||
<p align='right'>''Ж. К. Асанов.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | <p align='right'>''Ж. К. Асанов.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
05:45, 3 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БЕ́РКЛИ Жордж (12.3.1685, Ирландия, Килкенниге жакын – 14.1.1753, Оксфорд) – англиялык философ. Клойндо (Ирландия) епископ болгон. Беркли ар түрдүү заттардын негизи материя деген түшүнүк бардык чаташуулардын түйүнү деп билип, аны төгүнгө чыгарууну максат кылып койгон. Ал объективдүү дүйнө өзүнчө жашабайт, субъекттин сезимдеринен гана турат, ар кандай таанып-билүү сезүүдөн башталат, аны бизге сезүүбүз берет деп, нерсе менен көрүнүштөрдүн объективдүү жашоосун танат. Анын ою боюнча нерселер – түшүнүктөр, ал эми түшүнүктөр акыл-ойдон тышкары боло албайт. Мына ушундан келип «бар болуш – бул кабыл алыныш» деген жобосун сунуш кылат, динди актап, «жаратылыштын закондорун» Кудайдын жасаган эрежеси, анын эч бир объективдүү мазмуну жок деп түшүндүрүүгө аракеттенет. Берклинин философиясы материализмди жокко чыгарып, динге маани берген.
Ж. К. Асанов.