БЕРЛИОЗ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕРЛИО́З''' Гектор Луи (11.12. 1803, Франция, Ла-Кот-Сент-Андре – 8.3. 1869, Париж) – фран­цуз композитору, дирижёр. Романтикалык про­граммалуу симфонияны жазуунун баштоочула­рынан болгон. Париж | '''БЕРЛИО́З''' '''Гектор Луи''' (11. 12. 1803, Франция, Ла-Кот-Сент-Андре – 8. 3. 1869, Париж) – фран­цуз композитору, дирижёр. Романтикалык про­граммалуу симфонияны жазуунун баштоочула­рынан болгон. Париж консерваториясын бүтүргөн (1830). «Сарданапал» кантатасы үчүн Рим сыйлыгын алган (1830). Берлио симфониялык музыканы те­атрлаштырууга умтулган. | ||
[[File:БЕРЛИОЗ79.png | thumb | none|343x343px]] Музыкалык формалар, гармония, аспапташтыруу жагына көп жаңылык киргизген. Кө­рүнүктүү чыгармалары: «Фантастикалык симфо­ния» (1830), «Реквием» (1837), «Ромео жана Жу­льетта» (1839), «Фаустту айыптоо» (1846) оратория­лары, «Троялыктар Карфагенде» экилтик операсы (1855–1859) жана башкалар. Ал Р. Вагнер менен бирге дирижёрлук кылуу боюнча жаңы мектепке негиз салган. «Оркестрдин дирижёру» трактатынын, мемуарлардын ав­тору. | |||
[[Category: 2-том, 146-225 бб]] |
08:07, 3 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БЕРЛИО́З Гектор Луи (11. 12. 1803, Франция, Ла-Кот-Сент-Андре – 8. 3. 1869, Париж) – француз композитору, дирижёр. Романтикалык программалуу симфонияны жазуунун баштоочуларынан болгон. Париж консерваториясын бүтүргөн (1830). «Сарданапал» кантатасы үчүн Рим сыйлыгын алган (1830). Берлио симфониялык музыканы театрлаштырууга умтулган.

Музыкалык формалар, гармония, аспапташтыруу жагына көп жаңылык киргизген. Көрүнүктүү чыгармалары: «Фантастикалык симфония» (1830), «Реквием» (1837), «Ромео жана Жульетта» (1839), «Фаустту айыптоо» (1846) ораториялары, «Троялыктар Карфагенде» экилтик операсы (1855–1859) жана башкалар. Ал Р. Вагнер менен бирге дирижёрлук кылуу боюнча жаңы мектепке негиз салган. «Оркестрдин дирижёру» трактатынын, мемуарлардын автору.