«БЕКБЕКЕЙ»: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''«БЕКБЕКЕЙ»''' – кыргыз оозеки адабий музыкалык чыгармачы­лыгындагы эмгек ырларынын бири. Ал көчмөн мал чарбачылыгына байланыштуу келип чык­кан. «Бекбекей» дегендин этимологиясы жөнүндө кыргыз фольклористикасында эки ача пикир бар. Ай­рым илимпоздор (М. И. Богданова) ырдагы «Бек­бекей», «Саксакай» деген аттарды байыркы көчмөндөр сыйынган тотемдик пирлер (колдоо­чулар) деп болжолдосо, айрымдары (Ж. Таште­миров) | '''«БЕКБЕКЕЙ»''' – кыргыз оозеки адабий музыкалык чыгармачы­лыгындагы эмгек ырларынын бири. Ал көчмөн мал чарбачылыгына байланыштуу келип чык­кан. «Бекбекей» дегендин этимологиясы жөнүндө кыргыз фольклористикасында эки ача пикир бар. Ай­рым илимпоздор (М. И. Богданова) ырдагы «Бек­бекей», «Саксакай» деген аттарды байыркы көчмөндөр сыйынган тотемдик пирлер (колдоо­чулар) деп болжолдосо, айрымдары (Ж. Таште­миров) «Бек! бек! эй!» жана «Сак! сак! эй!» деген этиштик кыйкырыктардан затташуу жолу менен келип чыккан деп ой жоруйт. Бул эки пикир тең тек гана божомол мүнөзүндө. «Бекбекей» ырын жайкы түндө короо күзөткөн жаштар, көбүнчө кыз-келиндер ырдашкан. Ырдын текстинде ба­йыркы поэзиядагы магиялык элементтер менен соңку лирикалык ырлардын мотивдери айка­лышып кеткен. «Бекбекей» ырынын бир нече вариан­ты бар, варианттарда айырмачылыкка караган­да окшоштуктар басымдуураак. «Бекбекей» лирика­лык мүнөздөгү обон менен аткарылган. Анын обону А. Аманбаев менен С. Германовдун «Айша менен Айдар» операсында, М. Абдраевдин «Суусамыр» симфониялык поэмасында пайдаланылган. Бекбекейди «''Кам­баркан» этнографиялык-фольклордук ансамбли'' түпкү өзөгүн бузбай, мукамдуу аткарат. | ||
Ад.: ''Закиров С., Токомбаева А.'' Кыргыздын элдик лирикаларынын жанрдык өзгөчөлүктөрү. Ф., 1981; ''Богданова М''. Киргизская литература. Очерк. М., 1947; ''Виноградов В. С.'' Киргизская народная музыка. Ф., 1958. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | Ад.: ''Закиров С., Токомбаева А.'' Кыргыздын элдик лирикаларынын жанрдык өзгөчөлүктөрү. Ф., 1981; ''Богданова М''. Киргизская литература. Очерк. М., 1947; ''Виноградов В. С.'' Киргизская народная музыка. Ф., 1958. | ||
[[Category: 2-том, 146-225 бб]] |
09:30, 4 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
«БЕКБЕКЕЙ» – кыргыз оозеки адабий музыкалык чыгармачылыгындагы эмгек ырларынын бири. Ал көчмөн мал чарбачылыгына байланыштуу келип чыккан. «Бекбекей» дегендин этимологиясы жөнүндө кыргыз фольклористикасында эки ача пикир бар. Айрым илимпоздор (М. И. Богданова) ырдагы «Бекбекей», «Саксакай» деген аттарды байыркы көчмөндөр сыйынган тотемдик пирлер (колдоочулар) деп болжолдосо, айрымдары (Ж. Таштемиров) «Бек! бек! эй!» жана «Сак! сак! эй!» деген этиштик кыйкырыктардан затташуу жолу менен келип чыккан деп ой жоруйт. Бул эки пикир тең тек гана божомол мүнөзүндө. «Бекбекей» ырын жайкы түндө короо күзөткөн жаштар, көбүнчө кыз-келиндер ырдашкан. Ырдын текстинде байыркы поэзиядагы магиялык элементтер менен соңку лирикалык ырлардын мотивдери айкалышып кеткен. «Бекбекей» ырынын бир нече варианты бар, варианттарда айырмачылыкка караганда окшоштуктар басымдуураак. «Бекбекей» лирикалык мүнөздөгү обон менен аткарылган. Анын обону А. Аманбаев менен С. Германовдун «Айша менен Айдар» операсында, М. Абдраевдин «Суусамыр» симфониялык поэмасында пайдаланылган. Бекбекейди «Камбаркан» этнографиялык-фольклордук ансамбли түпкү өзөгүн бузбай, мукамдуу аткарат.
Ад.: Закиров С., Токомбаева А. Кыргыздын элдик лирикаларынын жанрдык өзгөчөлүктөрү. Ф., 1981; Богданова М. Киргизская литература. Очерк. М., 1947; Виноградов В. С. Киргизская народная музыка. Ф., 1958.