БЕТТИК АКТИВДҮҮ ЗАТТАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БЕТТИК АКТИВДҮҮ ЗАТТАР''' – фазалардын ор­тосундагы бетте адсорбцияланууга жөндөмдүү ж-а анын натыйжасында алардын беттик энер­гиясын (беттик тартылуусун) азайтуучу заттар. Молекулалары уюлдуу гидрофилдүү топтору м-н бирге углеводород радикалдары бар көпчүлүк орг. бирикмелердин суудагы эритмелери ушун­дай касиетке ээ. Аларга гомол. катардын моле­куласында көмүртектин 12–18 атому бар би­рикмелер тиешелүү. Өтө маанилүү ж-а көп кол­донулуучу, беттик активдүүлүгү жогору заттар­га орг. заттар кирет. Алардын суудагы эритме­лери коллоиддик мүнөздө. Текстиль өндүрүшүн­дө, а. ч-да, нефтини изилдөөдө ж-а кайра иш­тетүүдө, тоокен иштеринде кен байытууда, бе­тон ж-а курулуш материалдарын алууда, ме­таллдарды, пластмассаларды иштетүү техно­логиясында ж. б. тех. маанилүү ''дисперстик сис­темаларды'' алууда колдонулат. [[Category: 2-том, 146-225 бб]]
'''БЕТТИК АКТИВДҮҮ ЗАТТАР''' – фазалардын ор­тосундагы бетте адсорбцияланууга жөндөмдүү ж-а анын натыйжасында алардын беттик энер­гиясын (беттик тартылуусун) азайтуучу заттар. Молекулалары уюлдуу гидрофилдүү топтору м-н бирге углеводород радикалдары бар көпчүлүк органикалык бирикмелердин суудагы эритмелери ушун­дай касиетке ээ. Аларга гомологиялык  катардын моле­куласында көмүртектин 12–18 атому бар би­рикмелер тиешелүү. Өтө маанилүү ж-а көп кол­донулуучу, беттик активдүүлүгү жогору заттар­га органикалык заттар кирет. Алардын суудагы эритме­лери коллоиддик мүнөздө. Текстиль өндүрүшүн­дө, айыл чарбасында, нефтини изилдөөдө ж-а кайра иш­тетүүдө, тоо кен иштеринде кен байытууда, бе­тон ж-а курулуш материалдарын алууда, ме­таллдарды, пластмассаларды иштетүү техно­логиясында ж. б. техникалык маанилүү ''дисперстик сис­темаларды'' алууда колдонулат. [[Category: 2-том, 146-225 бб]]
 

09:41, 4 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы

БЕТТИК АКТИВДҮҮ ЗАТТАР – фазалардын ор­тосундагы бетте адсорбцияланууга жөндөмдүү ж-а анын натыйжасында алардын беттик энер­гиясын (беттик тартылуусун) азайтуучу заттар. Молекулалары уюлдуу гидрофилдүү топтору м-н бирге углеводород радикалдары бар көпчүлүк органикалык бирикмелердин суудагы эритмелери ушун­дай касиетке ээ. Аларга гомологиялык катардын моле­куласында көмүртектин 12–18 атому бар би­рикмелер тиешелүү. Өтө маанилүү ж-а көп кол­донулуучу, беттик активдүүлүгү жогору заттар­га органикалык заттар кирет. Алардын суудагы эритме­лери коллоиддик мүнөздө. Текстиль өндүрүшүн­дө, айыл чарбасында, нефтини изилдөөдө ж-а кайра иш­тетүүдө, тоо кен иштеринде кен байытууда, бе­тон ж-а курулуш материалдарын алууда, ме­таллдарды, пластмассаларды иштетүү техно­логиясында ж. б. техникалык маанилүү дисперстик сис­темаларды алууда колдонулат.