БЕТТИК ЭНЕРГИЯ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕТТИК ЭНЕ́РГИЯ''' – молекулалар арасындагы | '''БЕТТИК ЭНЕ́РГИЯ''' – молекулалар арасындагы өз ара тартылуу күчтөрү түрдүүчө чоңдукта бол­гон эки фазанын (телонун) тийишүү чегиндеги беттик катмардын кошумча энергиясы. Беттик энергия беттин түзүлүшүнө кеткен энергиядан, башкача айтканда мо­лекулалардын (атомдордун) фаза көлөмүнөн бет­тик катмарга которулушунда молекулалардын (атомдордун) өз ара аракеттешүү күчүн жеңүүгө кеткен жумуштан ж-а бул процесске байланыш­кан жылуулук эффектисинен турат. Термодинамикалык көз карандылыкка ылайык толук салыштырма­луу беттик энергия: ''и =''σ''+ q'' = σ – Т (σr''q/''σТ), мында σ – кыймылдуу суюктук үчүн беттик тартылуунун маанисине дал келүүчү салыштырмалуу эркин беттик энергия, ''q –'' беттик бирдик аянтынын катылган жылуулугу (байланган энергия), Т – абсолюттук темп­ература, σ''q''σТ – терс чоңдуктагы салыштырмалуу беттик энтропия. ''Т'' жогорулаганда эркин беттик энергия сызыктуу азаят. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
10:17, 4 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БЕТТИК ЭНЕ́РГИЯ – молекулалар арасындагы өз ара тартылуу күчтөрү түрдүүчө чоңдукта болгон эки фазанын (телонун) тийишүү чегиндеги беттик катмардын кошумча энергиясы. Беттик энергия беттин түзүлүшүнө кеткен энергиядан, башкача айтканда молекулалардын (атомдордун) фаза көлөмүнөн беттик катмарга которулушунда молекулалардын (атомдордун) өз ара аракеттешүү күчүн жеңүүгө кеткен жумуштан ж-а бул процесске байланышкан жылуулук эффектисинен турат. Термодинамикалык көз карандылыкка ылайык толук салыштырмалуу беттик энергия: и =σ+ q = σ – Т (σrq/σТ), мында σ – кыймылдуу суюктук үчүн беттик тартылуунун маанисине дал келүүчү салыштырмалуу эркин беттик энергия, q – беттик бирдик аянтынын катылган жылуулугу (байланган энергия), Т – абсолюттук температура, σqσТ – терс чоңдуктагы салыштырмалуу беттик энтропия. Т жогорулаганда эркин беттик энергия сызыктуу азаят.