БЕШ-АРАЛ КОРУГУ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''БЕШ-АРАЛ КОРУГУ''' – жаныбарлары коргоого алынган аймак. Чаткал тоосунун түндүк-батыш капталында, Терс суусунун алабында жайгаш­кан. 1979-жылы Батыш Теңир-Тоонун көптөгөн сей­рек ж-а жоголуп бараткан жаныбарларын, ай­рыкча бүткүл дүйнөлүк Кызыл китепке каттал­ган мензбир суурун сактоо максатында уюшул­ган. Аянты 116,7 миң ''га.'' Корук деңиз деңгээлинен 950– 2300 ''м'' бийиктикте жайгашкан. Чаткал өрөө­нүнүн төр жагы акырындап кууш капчыгайга, анан кенен төрлөргө өтөт. Орто бөлүгү тектирлүү түздүк; төмөн жагы шаңшаар. Тоо капталдары капчыгайлуу. Өрөөн аркылуу ''Чаткал'' суусу агат. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орточо температурасы –13,5°С, июлдуку 16,7°С. Жыл­дык жаан-чачыны 250–700 ''мм.'' Жарым чөл, кур­гак талаа (2500 ''м'' бийиктикке чейин), бадал аралаш шалбаалуу талаа, сейрек арча токою, субальп (2000–3500 ''м'') ж-а альп шалбаасы, гля­циалдык-нивалдык ландшафт алкактары мү­нөздүү. Коруктун аймагына саванна сымал ж-а дүңгөлүү талаа ландшафты, түрдүү чөптүү шал­баа мүнөздүү. Токой ж-а сейрек токой массивде­ри 30 миң ''га''дай жерди ээлейт. Өсүмдүктүн 300гө жакын түрү бар, анын 30у чанда кездешүүчү­лөрдөн. Талааларда аюу чач, шашыр ж. б. ба­сымдуу. Жоогазын, шыбак, пскем пиязы, че­кенде, кызылот, кымыздык ж. б. да өсөт. Да­рак өсүмдүктөрдөн арча, карагай (Каратокодо), бадалдардан мисте, Чаткал дарыясынын ж-а анын куй­маларынын жайылмаларында терек, тал, ка­йың, бөрү карагат, ит мурун, табылгы, изирик, долоно, шилби, ыргай, чычырканак ж. б. кезде­шет. Өрөөндүн төмөн жагында (батышында) жаңгак, алма, алча, айвансари токою бар. Тоо капталдарын бетеге, ак кылкан ж. б. талаа өсүм­дүктөрү ээлейт. Корук аймагындагы өсүмдүк­төрдүн айрым түрлөрү – арум, илария, кулун­чак, жоогазын, пскем пиязы, гирча ж. б. мур­дагы СССРдин Кызыл китебине катталган. Жа­ныбарлар дүйнөсүнө бай. Мында түлкү, аркар, тоо эчки, элик, кашкулак, кара суур, карыш­кыр, күрөң аюу, кундуз, илбирс, суусар, суу­күсөн, мадыл мекендейт. Канаттуулардан бүр­күт, бакачы куш, ылаачын, ителги, жору да бар. Алардын баары Кызыл китепке катталган. Ко­рук 7 токойчулук аймагына (Кара-Кулжа, Баш­кы-Терек, Чаткал, Кең-Булуң, Ак-Таш, Беш-Арал, Араб) бөлүнгөн. Ар бири өз аймагын коруйт. | ||
А''. Осмонов''. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | А''. Осмонов''. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
05:38, 5 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БЕШ-АРАЛ КОРУГУ – жаныбарлары коргоого алынган аймак. Чаткал тоосунун түндүк-батыш капталында, Терс суусунун алабында жайгашкан. 1979-жылы Батыш Теңир-Тоонун көптөгөн сейрек ж-а жоголуп бараткан жаныбарларын, айрыкча бүткүл дүйнөлүк Кызыл китепке катталган мензбир суурун сактоо максатында уюшулган. Аянты 116,7 миң га. Корук деңиз деңгээлинен 950– 2300 м бийиктикте жайгашкан. Чаткал өрөөнүнүн төр жагы акырындап кууш капчыгайга, анан кенен төрлөргө өтөт. Орто бөлүгү тектирлүү түздүк; төмөн жагы шаңшаар. Тоо капталдары капчыгайлуу. Өрөөн аркылуу Чаткал суусу агат. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орточо температурасы –13,5°С, июлдуку 16,7°С. Жылдык жаан-чачыны 250–700 мм. Жарым чөл, кургак талаа (2500 м бийиктикке чейин), бадал аралаш шалбаалуу талаа, сейрек арча токою, субальп (2000–3500 м) ж-а альп шалбаасы, гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Коруктун аймагына саванна сымал ж-а дүңгөлүү талаа ландшафты, түрдүү чөптүү шалбаа мүнөздүү. Токой ж-а сейрек токой массивдери 30 миң гадай жерди ээлейт. Өсүмдүктүн 300гө жакын түрү бар, анын 30у чанда кездешүүчүлөрдөн. Талааларда аюу чач, шашыр ж. б. басымдуу. Жоогазын, шыбак, пскем пиязы, чекенде, кызылот, кымыздык ж. б. да өсөт. Дарак өсүмдүктөрдөн арча, карагай (Каратокодо), бадалдардан мисте, Чаткал дарыясынын ж-а анын куймаларынын жайылмаларында терек, тал, кайың, бөрү карагат, ит мурун, табылгы, изирик, долоно, шилби, ыргай, чычырканак ж. б. кездешет. Өрөөндүн төмөн жагында (батышында) жаңгак, алма, алча, айвансари токою бар. Тоо капталдарын бетеге, ак кылкан ж. б. талаа өсүмдүктөрү ээлейт. Корук аймагындагы өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрү – арум, илария, кулунчак, жоогазын, пскем пиязы, гирча ж. б. мурдагы СССРдин Кызыл китебине катталган. Жаныбарлар дүйнөсүнө бай. Мында түлкү, аркар, тоо эчки, элик, кашкулак, кара суур, карышкыр, күрөң аюу, кундуз, илбирс, суусар, суукүсөн, мадыл мекендейт. Канаттуулардан бүркүт, бакачы куш, ылаачын, ителги, жору да бар. Алардын баары Кызыл китепке катталган. Корук 7 токойчулук аймагына (Кара-Кулжа, Башкы-Терек, Чаткал, Кең-Булуң, Ак-Таш, Беш-Арал, Араб) бөлүнгөн. Ар бири өз аймагын коруйт.
А. Осмонов.