БЕШ-БАЛЫК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
|||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''БЕШ-БАЛЫК''' , Б э й т и н – Чыгыш Түркстанда­гы орто кылымдарга таандык шаар. Азыркы Синь­цзянь Уйгур автономиялуу районунун Үрүмчү шаары­на жакын жайгашкан. Кытай даректеринде Бэй­тин деген ат м-н да белгилүү. 7-кылымдын 40-жыл­дары Чыгыш Түркстанда кытай аскер гарнизон­дору уюштурулуп, 658-жылдан Беш-Балык чөлкөмдөгү Кытайдын коргонуу борборуна айланган, аны башкаруу кытай акимдерине, кээде түрк аким­дерине тапшырылган. Беш-Балык ж-а Аньси гарнизон­дору Түргөш кагандыгынын түштүк-чыгыш чекте­рине коркунуч келтирип турган. 714-жылы Кытай коменданты түрк урууларынын чабуулунун ми­зин майтарган. 8-кылымдын 2-жарымында Кочо, Ка­ра-Шаар ж-а Беш-Балык шаарлары Моңголиянын түндүгүн­дөгү Уйгур мамлекетинин протекторатына ай­ланган. 788–89-жылдарда тибеттиктер м-н карлуктар­дын биргелешкен күчтөрү Бэйтинге чабуул ко­юшкан. Андагы уйгурлар м-н бирге алардын союздашы кытайлыктар шаарды таштап ка­чышкан. 791-жылы күзүндө уйгурлар абалды оңдо­гонго аракет кылып, 60–70 миң аскерин жөнөт­көн, ал жүрүш ийгиликсиз аяктаган ж-а Беш-Балык кар­луктардын колунда калган. 840-жылы ''Уйгур ка­гандыгы'' кыргыздардын соккусунан кыйраган. Алардын Яглакар Пантегин баштаган бөлүгү Чыгыш Теңир-Тоонун этектерине көчүп келген. Буку Чин башында турган уйгурлардын жи­гердүү тобу Беш-Балыкка бекем орноп, 866-жылы Турпанды басып алышкан ж-а тибеттиктерди кыйратып, аймакка толук кожоюндук кылышкан. Натый­жада, Чыгыш Теңир-Тоонун этегиндеги Кочо ж-а Беш-Балык кайрадан түптөлгөн Уйгур мамлекети­нин борбору болуп калган. 840-жылдан кийин уйгурлардын артынан түшкөн кыргыздар Ань­син ж-а Бэйтинге чабуул коюп, убактылуу ээлешкен. 982-жылы Кытайдын Сун династиясы­нын элчиси Вань Янь-дэ Беш-Балыкта кабыл алынган ж-а шаар жөнүндө анын жазгандары сакталып кал­ган. Беш-Балык тууралуу автору белгисиз «Худуд ал- Ааламда» (982–983) ж-а Гардизинин «Зайн ал­ахбар» («Кабарлардын аземи») эмгегинде эске­рилет. «Худуд ал-Ааламда» Тофкан (Теңир-Тоо) тоолорунан түндүктөгү Панжикант шаары (Беш-Балыктын персче которулушу) уйгур падышасынын жай­кы резиденциясы экендиги баяндалат. Гарди­зинин кабары боюнча «тогуз гуздардын падыша­сынын» ордосу Арк (Кара-Шаар) эсептелинген, ал эми Пенжикент (Беш-Балык) өлкөдөгү шаар­лардын бири болгон. Хакандар м-н кан төгүлгөн салгылашуудан кийин Беш-Балыктан чыккан династия бийликти алган. 13-кылымда Беш-Балыкка Моңголиядан кач­кан уруулар, кийин моңголдор өздөрү келишкен. Моңголдордон кийин Беш-Балык Чагатай улусунун кара­магында турган. Чагатай тукумдарынын ич ара согуштарынын натыйжасында 14-кылымда Беш-Балык өзүнүн жашоосун токтоткон. 15-кылымда Беш-Балык аймактын аты катары гана пайдаланылган. 14–15-кылымдарда ''Те­мирдин'' небереси Искендер Моголстанга кол са­лып, Алмалыктын ж-а Хотандын сулууларын, ошондой эле Беш-Балыктагы кыргыз чүрөктөрүн колго түшүрүп, чоң атасына тартууга жөнөткөндүгү айтылат. Демек, 14–15-кылымдарда кыргыздар Чыгыш Теңир-Тоо­нун этектерин, башкача айтканда Беш-Балыктын айланасын байыр­лашкан. | ||
Чыгыш | |||
ал эми Пенжикент ( | |||
чоң атасына тартууга жөнөткөндүгү айтылат. | |||
Демек, 14–15- | |||
Ад.: ''Грумм-Гржимайло Г. Е.'' Описание путешествия в Западный Китай. Т. 1. СПб., 1996; ''Бартольд В. В.'' Кыргыздар ж-а Кыргызстан тарыхы б-ча тандалма эмгектер. Б., 1996; ''Кляшторный С. Г., Каисников А. А.'' Восточный Туркестан глазами русских путешествен­ников (II половина XIX в.). А.-А., 1998. | Ад.: ''Грумм-Гржимайло Г. Е.'' Описание путешествия в Западный Китай. Т. 1. СПб., 1996; ''Бартольд В. В.'' Кыргыздар ж-а Кыргызстан тарыхы б-ча тандалма эмгектер. Б., 1996; ''Кляшторный С. Г., Каисников А. А.'' Восточный Туркестан глазами русских путешествен­ников (II половина XIX в.). А.-А., 1998. | ||
9 сап: | 5 сап: | ||
<p align='right'>''Т. Асанов.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | <p align='right'>''Т. Асанов.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
07:58, 5 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БЕШ-БАЛЫК , Б э й т и н – Чыгыш Түркстандагы орто кылымдарга таандык шаар. Азыркы Синьцзянь Уйгур автономиялуу районунун Үрүмчү шаарына жакын жайгашкан. Кытай даректеринде Бэйтин деген ат м-н да белгилүү. 7-кылымдын 40-жылдары Чыгыш Түркстанда кытай аскер гарнизондору уюштурулуп, 658-жылдан Беш-Балык чөлкөмдөгү Кытайдын коргонуу борборуна айланган, аны башкаруу кытай акимдерине, кээде түрк акимдерине тапшырылган. Беш-Балык ж-а Аньси гарнизондору Түргөш кагандыгынын түштүк-чыгыш чектерине коркунуч келтирип турган. 714-жылы Кытай коменданты түрк урууларынын чабуулунун мизин майтарган. 8-кылымдын 2-жарымында Кочо, Кара-Шаар ж-а Беш-Балык шаарлары Моңголиянын түндүгүндөгү Уйгур мамлекетинин протекторатына айланган. 788–89-жылдарда тибеттиктер м-н карлуктардын биргелешкен күчтөрү Бэйтинге чабуул коюшкан. Андагы уйгурлар м-н бирге алардын союздашы кытайлыктар шаарды таштап качышкан. 791-жылы күзүндө уйгурлар абалды оңдогонго аракет кылып, 60–70 миң аскерин жөнөткөн, ал жүрүш ийгиликсиз аяктаган ж-а Беш-Балык карлуктардын колунда калган. 840-жылы Уйгур кагандыгы кыргыздардын соккусунан кыйраган. Алардын Яглакар Пантегин баштаган бөлүгү Чыгыш Теңир-Тоонун этектерине көчүп келген. Буку Чин башында турган уйгурлардын жигердүү тобу Беш-Балыкка бекем орноп, 866-жылы Турпанды басып алышкан ж-а тибеттиктерди кыйратып, аймакка толук кожоюндук кылышкан. Натыйжада, Чыгыш Теңир-Тоонун этегиндеги Кочо ж-а Беш-Балык кайрадан түптөлгөн Уйгур мамлекетинин борбору болуп калган. 840-жылдан кийин уйгурлардын артынан түшкөн кыргыздар Аньсин ж-а Бэйтинге чабуул коюп, убактылуу ээлешкен. 982-жылы Кытайдын Сун династиясынын элчиси Вань Янь-дэ Беш-Балыкта кабыл алынган ж-а шаар жөнүндө анын жазгандары сакталып калган. Беш-Балык тууралуу автору белгисиз «Худуд ал- Ааламда» (982–983) ж-а Гардизинин «Зайн алахбар» («Кабарлардын аземи») эмгегинде эскерилет. «Худуд ал-Ааламда» Тофкан (Теңир-Тоо) тоолорунан түндүктөгү Панжикант шаары (Беш-Балыктын персче которулушу) уйгур падышасынын жайкы резиденциясы экендиги баяндалат. Гардизинин кабары боюнча «тогуз гуздардын падышасынын» ордосу Арк (Кара-Шаар) эсептелинген, ал эми Пенжикент (Беш-Балык) өлкөдөгү шаарлардын бири болгон. Хакандар м-н кан төгүлгөн салгылашуудан кийин Беш-Балыктан чыккан династия бийликти алган. 13-кылымда Беш-Балыкка Моңголиядан качкан уруулар, кийин моңголдор өздөрү келишкен. Моңголдордон кийин Беш-Балык Чагатай улусунун карамагында турган. Чагатай тукумдарынын ич ара согуштарынын натыйжасында 14-кылымда Беш-Балык өзүнүн жашоосун токтоткон. 15-кылымда Беш-Балык аймактын аты катары гана пайдаланылган. 14–15-кылымдарда Темирдин небереси Искендер Моголстанга кол салып, Алмалыктын ж-а Хотандын сулууларын, ошондой эле Беш-Балыктагы кыргыз чүрөктөрүн колго түшүрүп, чоң атасына тартууга жөнөткөндүгү айтылат. Демек, 14–15-кылымдарда кыргыздар Чыгыш Теңир-Тоонун этектерин, башкача айтканда Беш-Балыктын айланасын байырлашкан.
Ад.: Грумм-Гржимайло Г. Е. Описание путешествия в Западный Китай. Т. 1. СПб., 1996; Бартольд В. В. Кыргыздар ж-а Кыргызстан тарыхы б-ча тандалма эмгектер. Б., 1996; Кляшторный С. Г., Каисников А. А. Восточный Туркестан глазами русских путешественников (II половина XIX в.). А.-А., 1998.
Т. Асанов.