БЕШ-ТАШ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
|||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''БЕШ-ТАШ''' – Талас районундагы суу, Талас дарыясынын сол куймасы. Узундугу 54 ''км,'' алабынын аянты 314 ''км''<sup>2</sup>. Талас Ала-Тоосунун борбордук бөлүгүндөгү Беш-Таш ашуусундагы мөңгүдөн башталып, кууш Беш-Таш капчыгайы аркылуу түндүк-батышты карай агат. Талас өрөөнүнө чыкканда түндүккө бурулат. Жылдык орточо чыгымы 3,55 ''м''<sup>3</sup>''/сек;'' байкалган эң көп чыгымы – 55,4 ''м''<sup>3</sup>''/сек,'' эң азы – 0,37 ''м''<sup>3</sup>''/сек.'' Июнь айында кирип, августта тартылат. Жал­пы узундугу 192 ''км''ге жеткен 88 куймасы бар. Эң ири­лери: Кайыңды, Өмүр, Карагайлы, Терек, Туюк-Төр, Коргон-Шанык (сол), Корумду, Кырк-Колот, Төбөй, Атчыкпас (оң). Алабында жалпы аянты 0,79 ''км''<sup>2 </sup>келген 7 тоо көлү бар; эң ириси – ''Беш-Таш көлү''. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Ко­зучак, Балбал, Хивинка кыштактары жайгашкан. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
03:25, 6 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БЕШ-ТАШ – Талас районундагы суу, Талас дарыясынын сол куймасы. Узундугу 54 км, алабынын аянты 314 км2. Талас Ала-Тоосунун борбордук бөлүгүндөгү Беш-Таш ашуусундагы мөңгүдөн башталып, кууш Беш-Таш капчыгайы аркылуу түндүк-батышты карай агат. Талас өрөөнүнө чыкканда түндүккө бурулат. Жылдык орточо чыгымы 3,55 м3/сек; байкалган эң көп чыгымы – 55,4 м3/сек, эң азы – 0,37 м3/сек. Июнь айында кирип, августта тартылат. Жалпы узундугу 192 кмге жеткен 88 куймасы бар. Эң ирилери: Кайыңды, Өмүр, Карагайлы, Терек, Туюк-Төр, Коргон-Шанык (сол), Корумду, Кырк-Колот, Төбөй, Атчыкпас (оң). Алабында жалпы аянты 0,79 км2 келген 7 тоо көлү бар; эң ириси – Беш-Таш көлү. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Козучак, Балбал, Хивинка кыштактары жайгашкан.