БЕШТАШ КӨЛҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''БЕШ-ТАШ КӨЛҮ''' – Талас Ала-Тоосунун түндүк кап­талындагы Беш-Таш капчыгайында деңиз деңгээлинен 3008 ''м'' бийиктикте жайгашкан көл. Аянты 0,54 ''км''<sup>2</sup>, орточо тереңдиги 13 ''м,'' эң терең жери 28 ''м.'' Узундугу 1200 ''м,'' туурасы эң жазы жеринде 600– 700 ''м.'' Суунун көлөмү 6,6 млн ''м''<sup>3</sup>. Жер көчкүдөн кийин өрөөндүн бөгөлүп калышынан пайда бол­гон. Суусу тунук, мөңгү ж-а булак сууларынан толукталат. Июнь–июлда деңгээли 1–2 ''м''ге че­йин көтөрүлүп, сентябрь–майда кайра бөксөрөт. Октябрда тоңуп, апрелде ачылат. Балык (жилингир, алабуга, севан жилингири) бар. Көлдөн Беш-Таш суусу агып чыгат. Көлдүн тегереги, ай­рыкча андан төмөнүрөөк, Беш-Таш суусунун сол жээгинде жайгашкан эки чакан көлдүн ланд­шафты өтө кооз. Рекреациялык мааниси зор. | ||
[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | |||
03:38, 6 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БЕШ-ТАШ КӨЛҮ – Талас Ала-Тоосунун түндүк капталындагы Беш-Таш капчыгайында деңиз деңгээлинен 3008 м бийиктикте жайгашкан көл. Аянты 0,54 км2, орточо тереңдиги 13 м, эң терең жери 28 м. Узундугу 1200 м, туурасы эң жазы жеринде 600– 700 м. Суунун көлөмү 6,6 млн м3. Жер көчкүдөн кийин өрөөндүн бөгөлүп калышынан пайда болгон. Суусу тунук, мөңгү ж-а булак сууларынан толукталат. Июнь–июлда деңгээли 1–2 мге чейин көтөрүлүп, сентябрь–майда кайра бөксөрөт. Октябрда тоңуп, апрелде ачылат. Балык (жилингир, алабуга, севан жилингири) бар. Көлдөн Беш-Таш суусу агып чыгат. Көлдүн тегереги, айрыкча андан төмөнүрөөк, Беш-Таш суусунун сол жээгинде жайгашкан эки чакан көлдүн ландшафты өтө кооз. Рекреациялык мааниси зор.