БЕШ-ТАШ ШААР КАЛДЫГЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (Temirkan moved page БЕШТАШ ШААР КАЛДЫГЫ to БЕШ-ТАШ ШААР КАЛДЫГЫ) |
||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''БЕШ-ТАШ ШААР КАЛДЫГЫ''' – 10–12-кылымдарга таан­дык шаардын урандысы. Талас облусунун Талас районундагы Беш-Таш капчыгайында жайгашкан. Археологиялык табылгалары боюнча Беш-Таш шаар калдыгы 3кө бөлүнөт. 1-шаар калдыгы Козучак айылынан 0,7 ''км'' түштүктө жайгашып, 120x165 ''м'' аянтты ээлейт. Шаарды курчаган дубалдын бийиктиги 3 ''м''. Дубал­дары мунара м-н бекемделген. Түштүк-чыгыш ж-а түндүк-чыгыш жагында эки дарбаза курулган. Чыгыш бурчунда 36x50 ''м'' аянтта цитадель жай­гашкан. 2-шаар калдыгы 2 бөлүктөн турат. Кур­чалган бөлүгү тик бурчтуу планда. Дарбазасы чыгыш бөлүгүндө. Түштүк-чыгыш бөлүгүндө 10x12 ''м'' келген курулуштун изи билинет. Түндүк-батыш жагында тереңдиги 1,5 ''м''ге жеткен атайын ка­зылган чуңкурлар бар. Алардын эмнеге кызмат кылганы белгисиз. Дубалдын түндүк ж-а түштүк сыртында аң казылган. Андан табылган кара­палардын сыныктары 1-шаар калдыгынан та­былган материалдарга окшош. 3-шаарча 2-ша­арчадан 12 ''км'' алыстыкта жайгашып, чарчы формадагы 2 бөлүктөн турат. Сырткы бөлүгү 45x45 ''м''. Ички бөлүгү 25x25 ''м''. Сырткы бөлү­гүндөгү маданий катмар 0,4 ''м'', ички бөлүгүндөгү маданий катмар 0,6 ''м''. Беш-Таш шаар калдыгынын бардык бөлүктөрүнөн карапа сыныктары табылган. | ||
Чыгыш бурчунда 36x50 ''м'' аянтта цитадель жай­гашкан. 2-шаар калдыгы 2 бөлүктөн турат. Кур­чалган бөлүгү тик бурчтуу планда. Дарбазасы | [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
чыгыш бөлүгүндө. | |||
03:58, 6 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БЕШ-ТАШ ШААР КАЛДЫГЫ – 10–12-кылымдарга таандык шаардын урандысы. Талас облусунун Талас районундагы Беш-Таш капчыгайында жайгашкан. Археологиялык табылгалары боюнча Беш-Таш шаар калдыгы 3кө бөлүнөт. 1-шаар калдыгы Козучак айылынан 0,7 км түштүктө жайгашып, 120x165 м аянтты ээлейт. Шаарды курчаган дубалдын бийиктиги 3 м. Дубалдары мунара м-н бекемделген. Түштүк-чыгыш ж-а түндүк-чыгыш жагында эки дарбаза курулган. Чыгыш бурчунда 36x50 м аянтта цитадель жайгашкан. 2-шаар калдыгы 2 бөлүктөн турат. Курчалган бөлүгү тик бурчтуу планда. Дарбазасы чыгыш бөлүгүндө. Түштүк-чыгыш бөлүгүндө 10x12 м келген курулуштун изи билинет. Түндүк-батыш жагында тереңдиги 1,5 мге жеткен атайын казылган чуңкурлар бар. Алардын эмнеге кызмат кылганы белгисиз. Дубалдын түндүк ж-а түштүк сыртында аң казылган. Андан табылган карапалардын сыныктары 1-шаар калдыгынан табылган материалдарга окшош. 3-шаарча 2-шаарчадан 12 км алыстыкта жайгашып, чарчы формадагы 2 бөлүктөн турат. Сырткы бөлүгү 45x45 м. Ички бөлүгү 25x25 м. Сырткы бөлүгүндөгү маданий катмар 0,4 м, ички бөлүгүндөгү маданий катмар 0,6 м. Беш-Таш шаар калдыгынын бардык бөлүктөрүнөн карапа сыныктары табылган.