БЖЕЗИНСКИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БЖЕЗИ́НСКИЙ''' Збигнев Казимир (28.3.1928-ж. т., Варшава) – АКШнын мамл. ишмери, окумуш­туу. Философия илимд. доктору (1953), проф. (1960). Мак-Гилл (1949, Канада) ж-а Гарвард (АКШ) ун-ттерин бүтүргөн. 1953–60-ж. Гарвард, 1960-жылдан Колумб ун-тетинин (Нью-Йорк) проф., 1962–77-ж. ошол эле жерде Коммунизм маселелерин изилдөө ин-тунун директору. 1977– 81-ж. АКШ президенти Ж. Картердин улуттук коопсуздук маселелери б-ча жардамчысы. 1981– 89-ж. Жоржтаун ж-а Колумб ун-ттеринде, 1989– 99-ж. Жон Гопкинс ун-тинде эларалык мами­лелер бөлүмүн жетектеген. Б-дин эмгектеринде Совет бийлиги ж-а анын коммунисттик идеоло­гиясы сынга алынып, СССРдин ички ж-а тыш­кы саясатын ар тараптуу изилдөөнүн натыйжа­сында бул империянын да кыйрай тургандыгы тууралуу ил. божомолун жарыялаган. 20-к-дын 90-жылдарынан тарта Б. мурдагы СССРдин ай­магындагы, а. и. О. Азиядагы геосаясий абал ж-а жаңыдан пайда болгон көзкаранды эмес мамлекеттердин келечеги тууралуу маселелер­ди изилдеген. Негизги эмгектери: «Саясий бий­лик: АКШ/СССР» (1964, С. Хантингтон м-н бир­дикте), «Алаамат кыйроо. ХХ кылымдагы ком­мунизмдин төрөлүшү жана өлүмү» (1988), «Улуу шахмат тактасы» (1998). [[Category: 2-том, 146-225 бб]]
'''БЖЕЗИ́НСКИЙ''' '''Збигнев Казимир''' (28.3.1928-жылы туулган, Варшава) – АКШнын мамлекеттик ишмери, окумуш­туу. Философия илимдеринин доктору (1953), профессор (1960). Мак-Гилл (1949, Канада) ж-а Гарвард (АКШ) университеттерин бүтүргөн. 1953–60-жылдарда Гарвард, 1960-жылдан Колумб университетинин (Нью-Йорк) профессору, 1962–77-жылдарда ошол эле жерде Коммунизм маселелерин изилдөө институтунун директору. 1977– 81-жылдарда АКШ президенти Ж. Картердин улуттук коопсуздук маселелери боюнча жардамчысы. 1981– 89-жылдарда Жоржтаун ж-а Колумб университеттеринде, 1989– 99-жылдарда Жон Гопкинс университетинде эл аралык мами­лелер бөлүмүн жетектеген. Бжезинскийдин эмгектеринде Совет бийлиги ж-а анын коммунисттик идеоло­гиясы сынга алынып, СССРдин ички ж-а тыш­кы саясатын ар тараптуу изилдөөнүн натыйжа­сында бул империянын да кыйрай тургандыгы тууралуу илимий божомолун жарыялаган. 20-кылымдын 90-жылдарынан тарта Бжезинский мурдагы СССРдин ай­магындагы, анын ичинде Орто Азиядагы геосаясий абал ж-а жаңыдан пайда болгон көз каранды эмес мамлекеттердин келечеги тууралуу маселелер­ди изилдеген. Негизги эмгектери: «Саясий бий­лик: АКШ/СССР» (1964, С. Хантингтон м-н бир­дикте), «Алаамат кыйроо. ХХ кылымдагы ком­мунизмдин төрөлүшү жана өлүмү» (1988), «Улуу шахмат тактасы» (1998).  
 
[[Category: 2-том, 146-225 бб]]

05:52, 6 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы

БЖЕЗИ́НСКИЙ Збигнев Казимир (28.3.1928-жылы туулган, Варшава) – АКШнын мамлекеттик ишмери, окумуш­туу. Философия илимдеринин доктору (1953), профессор (1960). Мак-Гилл (1949, Канада) ж-а Гарвард (АКШ) университеттерин бүтүргөн. 1953–60-жылдарда Гарвард, 1960-жылдан Колумб университетинин (Нью-Йорк) профессору, 1962–77-жылдарда ошол эле жерде Коммунизм маселелерин изилдөө институтунун директору. 1977– 81-жылдарда АКШ президенти Ж. Картердин улуттук коопсуздук маселелери боюнча жардамчысы. 1981– 89-жылдарда Жоржтаун ж-а Колумб университеттеринде, 1989– 99-жылдарда Жон Гопкинс университетинде эл аралык мами­лелер бөлүмүн жетектеген. Бжезинскийдин эмгектеринде Совет бийлиги ж-а анын коммунисттик идеоло­гиясы сынга алынып, СССРдин ички ж-а тыш­кы саясатын ар тараптуу изилдөөнүн натыйжа­сында бул империянын да кыйрай тургандыгы тууралуу илимий божомолун жарыялаган. 20-кылымдын 90-жылдарынан тарта Бжезинский мурдагы СССРдин ай­магындагы, анын ичинде Орто Азиядагы геосаясий абал ж-а жаңыдан пайда болгон көз каранды эмес мамлекеттердин келечеги тууралуу маселелер­ди изилдеген. Негизги эмгектери: «Саясий бий­лик: АКШ/СССР» (1964, С. Хантингтон м-н бир­дикте), «Алаамат кыйроо. ХХ кылымдагы ком­мунизмдин төрөлүшү жана өлүмү» (1988), «Улуу шахмат тактасы» (1998).