БИЙ (мансап даражасы): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БИЙ''' – уруу башчысынын мансап наамы же даражасы. Уруулук мамилелер үстөмдүк мезги­линде Б-дин орду бийик деңгээлде болгон. Анын бийлик жүргүзүүсү адатка негизделген. Б. үйбү­лөлүк, чарбалык иштерден согуштук-саясий иштерге чейинки маселелерди чечкен. Ал мурас катары атадан балага өткөн. 19-к-дын 1-жары­мынан Б. мансабы манаптарга, үрп-адаттарды жакшы билген барктуу аксакалдарга, эл ара­сында даңкы чыккан чечендерге өтө баштайт. Б-лер чоң манаптарга баш ийип, алардын та­ламдарын жакташкан. Алар мүлк талашы,
'''БИЙ''' – уруу башчысынын мансап наамы же даражасы. Уруулук мамилелер үстөмдүк мезги­линде Бийдин орду бийик деңгээлде болгон. Анын бийлик жүргүзүүсү адатка негизделген. Бий үй-бү­лөлүк, чарбалык иштерден согуштук-саясий иштерге чейинки маселелерди чечкен. Ал мурас катары атадан балага өткөн. 19-кылымдын 1-жары­мынан Бий мансабы манаптарга, үрп-адаттарды жакшы билген барктуу аксакалдарга, эл ара­сында даңкы чыккан чечендерге өтө баштайт. Бийлер чоң манаптарга баш ийип, алардын та­ламдарын жакташкан. Алар мүлк талашы, үй-бүлө маселеси, уурулук, киши өлтүрүү сыяк­туу кылмыштарды карап, тийиштүү айыптарга кириптер кылышкан. Андан өзүлөрүнө тиешелүү «маянасын» алышкан. 1865–66-жылдарда Россия па­дышалыгы Түркстанда башкаруунун тартиби ж­өнүндө чыгарган жоболорго ылайык Бийлер соту уюш­турулат. Бийлер соту 3 жылдык мөөнөткө шай­ланып, кылмыш иштери боюнча бир жарым жыл­га чейин камак жазасын берүүгө же үч миң сом­го чейин айып салууга укуктуу болгон. Бий ман­сабы айылдык Бийге, болуштук Бийге бөлүнгөн. Бийлердин атайын чакырылган курултайында кыргыз урууларынын, коңшулаш жашаган баш­ка элдердин талаш-тартыштары каралган. Ок­тябрь революциясынан кийин айрым жерлерде казы м-н болуш соту убактылуу калтырылып, алар жөнүндө атайын жобо чыгарылган. Бий соту советтик сот органдарынын көзөмөлү астында иштеген. 1927– 28-жылдары казы ж-а Бий соту жоюлган. [[Category: 2-том, 146-225 бб]]
үйбүлө маселеси, уурулук, киши өлтүрүү сыяк­туу кылмыштарды карап, тийиштүү айыптарга кириптер кылышкан. Андан өзүлөрүнө тиешелүү
«маянасын» алышкан. 1865–66-ж. Россия па­дышалыгы Түркстанда башкаруунун тартиби ж­дө чыгарган жоболорго ылайык Б-лер соту уюш­турулат. Б-лер соту 3 жылдык мөөнөткө шай­ланып, кылмыш иштери б-ча бир жарым жыл­га чейин камак жазасын берүүгө же үч миң сом­го чейин айып салууга укуктуу болгон. Б. ман­сабы айылдык Б-ге, болуштук Б-ге бөлүнгөн. Б-лердин атайын чакырылган курултайында кыргыз урууларынын, коңшулаш жашаган баш­ка элдердин талаш-тартыштары каралган. Ок­тябрь рев-сынан кийин айрым жерлерде казы м-н болуш соту убактылуу калтырылып, алар ж-дө атайын жобо чыгарылган. Б. соту сов. сот органдарынын көзөмөлү астында иштеген. 1927– 28-ж. казы ж-а Б. соту жоюлган. [[Category: 2-том, 146-225 бб]]
 

09:04, 6 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы

БИЙ – уруу башчысынын мансап наамы же даражасы. Уруулук мамилелер үстөмдүк мезги­линде Бийдин орду бийик деңгээлде болгон. Анын бийлик жүргүзүүсү адатка негизделген. Бий үй-бү­лөлүк, чарбалык иштерден согуштук-саясий иштерге чейинки маселелерди чечкен. Ал мурас катары атадан балага өткөн. 19-кылымдын 1-жары­мынан Бий мансабы манаптарга, үрп-адаттарды жакшы билген барктуу аксакалдарга, эл ара­сында даңкы чыккан чечендерге өтө баштайт. Бийлер чоң манаптарга баш ийип, алардын та­ламдарын жакташкан. Алар мүлк талашы, үй-бүлө маселеси, уурулук, киши өлтүрүү сыяк­туу кылмыштарды карап, тийиштүү айыптарга кириптер кылышкан. Андан өзүлөрүнө тиешелүү «маянасын» алышкан. 1865–66-жылдарда Россия па­дышалыгы Түркстанда башкаруунун тартиби ж­өнүндө чыгарган жоболорго ылайык Бийлер соту уюш­турулат. Бийлер соту 3 жылдык мөөнөткө шай­ланып, кылмыш иштери боюнча бир жарым жыл­га чейин камак жазасын берүүгө же үч миң сом­го чейин айып салууга укуктуу болгон. Бий ман­сабы айылдык Бийге, болуштук Бийге бөлүнгөн. Бийлердин атайын чакырылган курултайында кыргыз урууларынын, коңшулаш жашаган баш­ка элдердин талаш-тартыштары каралган. Ок­тябрь революциясынан кийин айрым жерлерде казы м-н болуш соту убактылуу калтырылып, алар жөнүндө атайын жобо чыгарылган. Бий соту советтик сот органдарынын көзөмөлү астында иштеген. 1927– 28-жылдары казы ж-а Бий соту жоюлган.