БИЙ АЛМА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
м (Temirkan moved page БИЙАЛМА to БИЙ АЛМА)
 
(Айырма жок)

09:13, 6 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы

БИЙ АЛМА , б и х и (Cydonia) – роза гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бийиктиги 1,5–7 мдей. Калың шактуу, жалбырагы жазы, жумуртка сымал, гүлү чоң, жалгыздан, тамыры жерге те­рең кирип өсөт, жылуу, нымдуу жерде жакшы

өсүүчү дарак өсүмдүк. Бир түрү – кадимки бий алма Европа, Түндүк Америка, Японияда ж-а Кыргызстан­дын түштүгүндө жапыз дарак же бадал сыяк­туу өсөт. Саргыч, аң­кыган жыттуу мөмөсү октябрь–ноябрда бы­шат. Мөмөсү алмага ок­шош, андан кыям, мөмө-жемиш килкилдеги жасалат. Бий алма – алмурут м-н кыйыштырылат ж-а кооздук үчүн өстүрүлөт.