БИЙЛИК: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИЙЛИК''' – укук, мыйзам, авторитет, ынанды­руу, салт, мораль, талап, кысым, коркутуу, мажбурлоо, кара күч сыяктуу каражаттар ар­кылуу өз эркин башка бирөөнүн эркине таңуу­лоо. | '''БИЙЛИК''' – укук, мыйзам, авторитет, ынанды­руу, салт, мораль, талап, кысым, коркутуу, мажбурлоо, кара күч сыяктуу каражаттар ар­кылуу өз эркин башка бирөөнүн эркине таңуу­лоо. Бийлик – адам коому м-н бирге пайда болгон, мекемелери, куралдуу күчтөрү, чалгындоочу органдары бар башкаруучу күч. Ал биринчи кезекте коомдун бүтүндүгүн ж-а биримдигин камсыз кылууну көздөйт. Бийликтин экономикалык, саясий, социалдык, рухий ж-а үй-бүлөлүк түрлөрү бар. Ал биринчи кезекте коом м-н мамлекеттин ор­тосундагы мамиле экендиги ж. б. өзгөчөлүктөрү жөнүндө Аристотель, Монтескье, Локк, Макиавел­ли, Гегель, Маркс, Ленин, Вебер ж. б. философ­тордун, саясатчылардын эмгектеринен белгилүү. Бийлик субъекттери – мамлекет ж-а анын институттары, саясий элиталар, лидерлер, саясий партиялар; объекттери – индивиддер, социалдык топтор, масса, эл катмарлары ж. б. Функциялары – жетекчилик, башкаруу, үстөмдүк, жөнгө салуу, тарбиялоо, көзөмөл, уюштуруу, жазалоо ж. б. Бийликтин бир катар айырмаланган сапаттуу белги­лери (атрибуттары) бар: легалдуулук, чечим­деринин милдеттүүлүгү, ачыктыгы, жалпыга бирдейлиги, коом атынан башкаруусу, борбор­доштурулганы, ресурстуулугу. | ||
мекемелери, куралдуу күчтөрү, чалгындоочу | |||
органдары бар башкаруучу күч. Ал биринчи кезекте коомдун бүтүндүгүн ж-а биримдигин камсыз кылууну көздөйт. | |||
<p align='right'>''Т. Эсенгелдиев.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | <p align='right'>''Т. Эсенгелдиев.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
09:41, 6 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БИЙЛИК – укук, мыйзам, авторитет, ынандыруу, салт, мораль, талап, кысым, коркутуу, мажбурлоо, кара күч сыяктуу каражаттар аркылуу өз эркин башка бирөөнүн эркине таңуулоо. Бийлик – адам коому м-н бирге пайда болгон, мекемелери, куралдуу күчтөрү, чалгындоочу органдары бар башкаруучу күч. Ал биринчи кезекте коомдун бүтүндүгүн ж-а биримдигин камсыз кылууну көздөйт. Бийликтин экономикалык, саясий, социалдык, рухий ж-а үй-бүлөлүк түрлөрү бар. Ал биринчи кезекте коом м-н мамлекеттин ортосундагы мамиле экендиги ж. б. өзгөчөлүктөрү жөнүндө Аристотель, Монтескье, Локк, Макиавелли, Гегель, Маркс, Ленин, Вебер ж. б. философтордун, саясатчылардын эмгектеринен белгилүү. Бийлик субъекттери – мамлекет ж-а анын институттары, саясий элиталар, лидерлер, саясий партиялар; объекттери – индивиддер, социалдык топтор, масса, эл катмарлары ж. б. Функциялары – жетекчилик, башкаруу, үстөмдүк, жөнгө салуу, тарбиялоо, көзөмөл, уюштуруу, жазалоо ж. б. Бийликтин бир катар айырмаланган сапаттуу белгилери (атрибуттары) бар: легалдуулук, чечимдеринин милдеттүүлүгү, ачыктыгы, жалпыга бирдейлиги, коом атынан башкаруусу, борбордоштурулганы, ресурстуулугу.
Т. Эсенгелдиев.