БИЙСЕЕВ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИЙСЕЕВ''' Доктурбек Касымбекович (28.2.1960- | '''БИЙСЕЕВ''' '''Доктурбек Касымбекович''' (28. 2. 1960- жылы туулган, Нарын облусу, Жумгал району, Чаек кыштагы) – бийчи, балетмейстер, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2004). 1970– 1979-жылдары Ленинграддагы В. Я. Ваганова атындагы академиялык | ||
[[File:БИЙСЕЕВ108.png | thumb | none|250x250px]] хореография окуу жайында окуган, 2002-жылы Кыргыз улуттук консерваториясы­нын балетмейстердик бөлү­мүн бүтүргөн. 1979-жылдан А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет те­атрынын алдындагы сту­дияда классикалык бийден сабак берет. Л.Минкустун «Баядеркасынан» Солордун, «Дон Кихоттон» Базилдин, А. Адандын «Корсарынан» Бирбантонун, К. Мол­добасановдун «Маңкуртунан» Жуан-Жуандын, «Саманчы жолунан» Жоокердин, В. Власовдун «Аселинен» Байтемирдин, П. Чайковскийдин «Щелкунчигинен» Принцтин, «Ак куу көлүнөн» Шуттун, Э. Жумабаевдин «Саадак кактысы­нан» Жаналгычтын, «Ак кемесинен» Бала­нын, М. Раухвергердин «Чолпонунан» Жин­дин, Т. Хренниковдун «Макбетинен» Банконун жана башка партияларды, Н. Нишановдун «Ак кеп­тер», «Шырдак бий», «Шаман», «Ак куулар», С. Сакеевдин «Саймалуу таш» жана башка концерттик бийлерди аткарган. 1976-жылы Дрезден шаарында, 1981–1991-жылдары Москвада, Минскиде, Ташкенде, Дүйшөм­бүдө, Ригада, Алматыда, Киевде, Ереванда, Санкт-Петербургда, Таллинде, 2002-жылы Америка Кошмо Штаттарында, Түркиянын Анталия шаарында өткөн балет артист­теринин эл аралык конкурстарына, фестивалда­рына катышкан. 1989-жылы Орто Азия республикалары­нын жана Казакстан балет артисттеринин кон­курсунда лауреаттыкты жана Күмүш медалды жеңип алган. 1997-жылы бийчилерди даярдай тур­ган «Бий-Данс» деген балет мектебин ачкан. 2001–2002-жылдары Вена шаарында өткөн «Импульс-Бий» аттуу эл аралык фестивалдын чакыруусу боюнча концерттик программасына катышып, класси­калык бий боюнча сабак берген. Медалдар менен сый­ланган. | |||
[[Category: 2-том, 146-225 бб]] |
03:25, 7 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БИЙСЕЕВ Доктурбек Касымбекович (28. 2. 1960- жылы туулган, Нарын облусу, Жумгал району, Чаек кыштагы) – бийчи, балетмейстер, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2004). 1970– 1979-жылдары Ленинграддагы В. Я. Ваганова атындагы академиялык

хореография окуу жайында окуган, 2002-жылы Кыргыз улуттук консерваториясынын балетмейстердик бөлүмүн бүтүргөн. 1979-жылдан А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдындагы студияда классикалык бийден сабак берет. Л.Минкустун «Баядеркасынан» Солордун, «Дон Кихоттон» Базилдин, А. Адандын «Корсарынан» Бирбантонун, К. Молдобасановдун «Маңкуртунан» Жуан-Жуандын, «Саманчы жолунан» Жоокердин, В. Власовдун «Аселинен» Байтемирдин, П. Чайковскийдин «Щелкунчигинен» Принцтин, «Ак куу көлүнөн» Шуттун, Э. Жумабаевдин «Саадак кактысынан» Жаналгычтын, «Ак кемесинен» Баланын, М. Раухвергердин «Чолпонунан» Жиндин, Т. Хренниковдун «Макбетинен» Банконун жана башка партияларды, Н. Нишановдун «Ак кептер», «Шырдак бий», «Шаман», «Ак куулар», С. Сакеевдин «Саймалуу таш» жана башка концерттик бийлерди аткарган. 1976-жылы Дрезден шаарында, 1981–1991-жылдары Москвада, Минскиде, Ташкенде, Дүйшөмбүдө, Ригада, Алматыда, Киевде, Ереванда, Санкт-Петербургда, Таллинде, 2002-жылы Америка Кошмо Штаттарында, Түркиянын Анталия шаарында өткөн балет артисттеринин эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышкан. 1989-жылы Орто Азия республикаларынын жана Казакстан балет артисттеринин конкурсунда лауреаттыкты жана Күмүш медалды жеңип алган. 1997-жылы бийчилерди даярдай турган «Бий-Данс» деген балет мектебин ачкан. 2001–2002-жылдары Вена шаарында өткөн «Импульс-Бий» аттуу эл аралык фестивалдын чакыруусу боюнча концерттик программасына катышып, классикалык бий боюнча сабак берген. Медалдар менен сыйланган.