БИЛИМДИ ӨЗДӨШТҮРҮҮНҮН ДЕҢГЭЭЛИ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИЛИМДИ ӨЗДӨШТҮРҮҮНҮН ДЕҢГЭЭЛИ''' – | '''БИЛИМДИ ӨЗДӨШТҮРҮҮНҮН ДЕҢГЭЭЛИ''' – айланадагы чындыктын сезимдүү кабыл алын­ган ж-а эсте сакталып калган тигил же бул объекттери жөнүндөгү маалымат. Ал билимди кыс­кача чыгармачылык м-н пайдаланылуучу деңгээлде өздөштүрүлгөн маалымат деп да аныкталат. Би­лимдин окутуу процессинде сөзсүз эске алынуу­чу эң баалуу төмөнкүдөй түрлөрү бар: термин, түшүнүк, факт, мыйзам, теория, методологиялык би­лим ж-а баа берүү билимдери. Терминдер ж-а түшүнүктөр үйрөнүлүүчү объекттердин кандай­дыр бир түрүн же билимдердин жыйындысын белгилөө үчүн колдонулат. Терминдердин ж-а түшүнүктөрдүн жардамы м-н ой жасалат, адам­дын ой-пикири туюнтулуп айтылат. Фактылар жөнүндөгү билим бардык башка билимдердин база­сын түзөт, анткени, алар түздөн-түз реалдуу чындыкты чагылдырышат. Фактыларды бил­мейинче мыйзамдарды, теорияларды сезимдүү кабыл алуу мүмкүн эмес, башкача айтканда чыныгы факты­лар арасындагы мүмкүн болгон байланышты чагылдырууга болбойт. Мыйзамдар белгилүү гана сандагы фактылардын байланыштарын чагылтат. Теория болсо көп сандагы фактылар­дын чогуусун ж-а аларды байланыштыруучу мыйзамдарды өз ичине камтыйт, конкреттүү кубулуштарды жалпы мыйзамдардын негизин­де түшүнүүгө жардам берет, адамдын түшүнүк­төрүн системага келтирет. Методологиялык билимдерге методдор жөнүндөгү, таанып-билүүнүн тарыхы, чыгармачы­лыктын ж-а эмгектенүүнүн ар кандай ыкмала­ры жөнүндөгү билимдер кирет. Ал өздөштүрүлгөн билимдерди анын улам жаңы үлүштөрүнө ээ болууда кандайча колдонуу керектигине туура багыт берет. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
айланадагы чындыктын сезимдүү кабыл алын­ган ж-а эсте сакталып калган тигил же бул объекттери | |||
өздөштүрүлгөн маалымат деп да аныкталат. Би­лимдин окутуу процессинде сөзсүз эске алынуу­чу эң баалуу төмөнкүдөй түрлөрү бар: термин, түшүнүк, факт, мыйзам, теория, | |||
чындыкты чагылдырышат. Фактыларды бил­мейинче мыйзамдарды, теорияларды сезимдүү кабыл алуу мүмкүн эмес, | |||
чагылдырууга болбойт. Мыйзамдар белгилүү гана сандагы фактылардын байланыштарын | |||
чагылтат. Теория болсо көп сандагы фактылар­дын чогуусун ж-а аларды байланыштыруучу мыйзамдарды өз ичине камтыйт, конкреттүү кубулуштарды жалпы мыйзамдардын негизин­де түшүнүүгө жардам берет, адамдын түшүнүк­төрүн системага келтирет. | |||
болууда кандайча колдонуу керектигине туура багыт берет. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | |||
04:47, 10 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БИЛИМДИ ӨЗДӨШТҮРҮҮНҮН ДЕҢГЭЭЛИ – айланадагы чындыктын сезимдүү кабыл алынган ж-а эсте сакталып калган тигил же бул объекттери жөнүндөгү маалымат. Ал билимди кыскача чыгармачылык м-н пайдаланылуучу деңгээлде өздөштүрүлгөн маалымат деп да аныкталат. Билимдин окутуу процессинде сөзсүз эске алынуучу эң баалуу төмөнкүдөй түрлөрү бар: термин, түшүнүк, факт, мыйзам, теория, методологиялык билим ж-а баа берүү билимдери. Терминдер ж-а түшүнүктөр үйрөнүлүүчү объекттердин кандайдыр бир түрүн же билимдердин жыйындысын белгилөө үчүн колдонулат. Терминдердин ж-а түшүнүктөрдүн жардамы м-н ой жасалат, адамдын ой-пикири туюнтулуп айтылат. Фактылар жөнүндөгү билим бардык башка билимдердин базасын түзөт, анткени, алар түздөн-түз реалдуу чындыкты чагылдырышат. Фактыларды билмейинче мыйзамдарды, теорияларды сезимдүү кабыл алуу мүмкүн эмес, башкача айтканда чыныгы фактылар арасындагы мүмкүн болгон байланышты чагылдырууга болбойт. Мыйзамдар белгилүү гана сандагы фактылардын байланыштарын чагылтат. Теория болсо көп сандагы фактылардын чогуусун ж-а аларды байланыштыруучу мыйзамдарды өз ичине камтыйт, конкреттүү кубулуштарды жалпы мыйзамдардын негизинде түшүнүүгө жардам берет, адамдын түшүнүктөрүн системага келтирет. Методологиялык билимдерге методдор жөнүндөгү, таанып-билүүнүн тарыхы, чыгармачылыктын ж-а эмгектенүүнүн ар кандай ыкмалары жөнүндөгү билимдер кирет. Ал өздөштүрүлгөн билимдерди анын улам жаңы үлүштөрүнө ээ болууда кандайча колдонуу керектигине туура багыт берет.