БИЛЛЬ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИЛЛЬ''' (англ. bill) – Улуу Британияда, АКШ Канада ж. б. англис – саксон укук тутумуна кирген өлкөлөрдө мыйзам чыгаруучу органдар­дын кароосуна киргизилген мыйзамдын долбоору же кабыл алынган мыйзамдын өзү. | '''БИЛЛЬ''' (англ. bill) – Улуу Британияда, АКШ, Канада ж. б. англис – саксон укук тутумуна кирген өлкөлөрдө мыйзам чыгаруучу органдар­дын кароосуна киргизилген мыйзамдын долбоору же кабыл алынган мыйзамдын өзү. Биллдин ж-а ага киргизилген алымча-кошумчалардын, то­луктоо-түзөтүүлөрдүн тагдыры парламентте ба­сымдуулук кылган партиянын же партиялык блок­тун ээлеген ордуна, көз карашына жараша че­чилет. Мисалы, 1968-жылы Улуу Британиянын укук­тары жөнүндөгү Билль – Англиянын мамлекеттик мыйзамда­рынын бири, «жазылбаган» Конституциясынын бир бөлүгү, ага 1215-жылдагы эркиндиктердин улуу Хартиясы, 1628-жылдагы Укуктар жөнүндөгү Петиция (коллективдүү өтүнүч), 1679-жылдагы Хабеас Корпус Акт, 1701-жылдагы тактыны (пре­столду) мурастоо жөнүндөгү Акт кирген; 1791-жылдагы АКШнын укуктары жөнүндөгү Билль – АКШнын Конституциясына киргизилген алгачкы он түзө­түүлөр Конгресс тарабынан кабыл алынып, штаттар тарабынан бекитилген. Азыркы учур­да укуктар жөнүндөгү Биллдердин окшоштуктары иш жүзүндө бардык мамлекеттердин конституцияларында бар.<p align='right'>''М. Керимбаев.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
<p align='right'>''М. Керимбаев.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | |||
04:59, 10 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БИЛЛЬ (англ. bill) – Улуу Британияда, АКШ, Канада ж. б. англис – саксон укук тутумуна кирген өлкөлөрдө мыйзам чыгаруучу органдардын кароосуна киргизилген мыйзамдын долбоору же кабыл алынган мыйзамдын өзү. Биллдин ж-а ага киргизилген алымча-кошумчалардын, толуктоо-түзөтүүлөрдүн тагдыры парламентте басымдуулук кылган партиянын же партиялык блоктун ээлеген ордуна, көз карашына жараша чечилет. Мисалы, 1968-жылы Улуу Британиянын укуктары жөнүндөгү Билль – Англиянын мамлекеттик мыйзамдарынын бири, «жазылбаган» Конституциясынын бир бөлүгү, ага 1215-жылдагы эркиндиктердин улуу Хартиясы, 1628-жылдагы Укуктар жөнүндөгү Петиция (коллективдүү өтүнүч), 1679-жылдагы Хабеас Корпус Акт, 1701-жылдагы тактыны (престолду) мурастоо жөнүндөгү Акт кирген; 1791-жылдагы АКШнын укуктары жөнүндөгү Билль – АКШнын Конституциясына киргизилген алгачкы он түзөтүүлөр Конгресс тарабынан кабыл алынып, штаттар тарабынан бекитилген. Азыркы учурда укуктар жөнүндөгү Биллдердин окшоштуктары иш жүзүндө бардык мамлекеттердин конституцияларында бар.
М. Керимбаев.