БИОБАШКАРУУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИОБАШКАРУУ''' – башкаруучу сигнал катары жандуу организмдердин ар түрдүү аракеттерин пайдаланып, приборлор, механизмдер ж-а түзү­лүштөр м-н башкаруу системасы. | '''БИОБАШКАРУУ''' – башкаруучу сигнал катары жандуу организмдердин ар түрдүү аракеттерин пайдаланып, приборлор, механизмдер ж-а түзү­лүштөр м-н башкаруу системасы. Биобашкаруу дүүлүк­түрүүчү ткандар пайда кылуучу биоэлектр по­тенциалдары, жүрөк-кан тамыр ж-а дем алуу системаларынын ишин коштоочу механикалык ж-а акус­тика кубулуштары, дене температурасынын өзгөрү­шү ж. б. байланыштуу. Бардыгынан биоэлек­трдик башкаруу системасы кеңири таралган. Мындай системаларда булчуңдар, жүрөк, мээ, нервдер пайда кылган биопотенциалдар адеген­де күчөтүлүп, иштелип, андан ары команда берүүчү, башкаруучу сигналдарга айландырылат. Мээнин биопотенциалдарын пайдалануу элект­рэнцефалографы м-н автоматтык башкаруучу приборлорду түзүүгө мүмкүндүк берген. Бул при­борлор кычкылтек жетишсиздигин автоматтык түрдө билдирет, наркоз заттарын берүүнү авто­маттык түрдө башкарат ж-а наркозду белгилүү стадияда кармап турат. Көпчүлүк приборлор жү­рөк биопотенциалдары (оору учурунда электр­кардиограмманын мүнөздүү өзгөрүүлөрү) м-н башкарылат. Приборлор диагностикалык, кат­тоочу аппараттарды иштетүүчү ж-а дарылоочу болуп бөлүнөт. Биоэлектрдик башкаруу техни­када (аралыктан башкарылуучу биоманипуля­торлордо) да колдонулат. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
05:34, 10 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БИОБАШКАРУУ – башкаруучу сигнал катары жандуу организмдердин ар түрдүү аракеттерин пайдаланып, приборлор, механизмдер ж-а түзүлүштөр м-н башкаруу системасы. Биобашкаруу дүүлүктүрүүчү ткандар пайда кылуучу биоэлектр потенциалдары, жүрөк-кан тамыр ж-а дем алуу системаларынын ишин коштоочу механикалык ж-а акустика кубулуштары, дене температурасынын өзгөрүшү ж. б. байланыштуу. Бардыгынан биоэлектрдик башкаруу системасы кеңири таралган. Мындай системаларда булчуңдар, жүрөк, мээ, нервдер пайда кылган биопотенциалдар адегенде күчөтүлүп, иштелип, андан ары команда берүүчү, башкаруучу сигналдарга айландырылат. Мээнин биопотенциалдарын пайдалануу электрэнцефалографы м-н автоматтык башкаруучу приборлорду түзүүгө мүмкүндүк берген. Бул приборлор кычкылтек жетишсиздигин автоматтык түрдө билдирет, наркоз заттарын берүүнү автоматтык түрдө башкарат ж-а наркозду белгилүү стадияда кармап турат. Көпчүлүк приборлор жүрөк биопотенциалдары (оору учурунда электркардиограмманын мүнөздүү өзгөрүүлөрү) м-н башкарылат. Приборлор диагностикалык, каттоочу аппараттарды иштетүүчү ж-а дарылоочу болуп бөлүнөт. Биоэлектрдик башкаруу техникада (аралыктан башкарылуучу биоманипуляторлордо) да колдонулат.