БИОГЕОГРАФИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БИОГЕОГРА́ФИЯ''' (''био''... ж-а ''география'') – био­ценоздордун, а. и. өсүмдүк, жаныбарлар ж-а микроорганизмдердин таралуу мыйзамченем­дүүлүгү ж-дөгү илим. Б. биосфера ж-дөгү илим­дердин курамына кирет. Ал микроорганизмдер географиясын, өсүмдүктөр географиясын, өсүмдүк жамаатташтыгынын географиясын, жаныбар­лар географиясын ж-а жалпы организмдер географиясын камтыйт. Б-ны айрым авторлор (Э. Маттон, В. Г. Гептнер, Ф. Витисек ж. б.) ботан. география м-н зоол. географиянын би­римдиги катары караса, башкалары (В. Б. Со­чава) – жер бетиндеги орг. дүйнөнүн таралуусу­нун жалпы геогр. мыйзамченемдүүлүгүн изил­деген өзалдынча илим тармагы деп эсептейт. Б. илим катары 19-к-дын башында, өсүмдүктөр ж-а жаныбарлар географиясы ж-дө маалымат­тар топтолгондон кийин калыптанган. Негизги багыттары: ареологиялык, флоралык, фауна­лык, экол., тарыхый ж-а региондук биогеогра­фия. Б. өсүмдүк м-н жаныбарлардын айрым түр­лөрүнүн жайгашуусун, о. эле айрым облустар­дын флоралык ж-а фауналык өзгөчөлүктөрүн аныктайт; жершарынын бири-бирине баш ий­ген Б-лык райондорунун системасын бөлөт. Организмдердин азыркы таралуусунун себептерин ж-а алардын айлана-чөйрө м-н байланышын изилдейт. ''Б. Үсөнканов''. [[Category: 2-том, 146-225 бб]]
'''БИОГЕОГРА́ФИЯ''' (''био''... ж-а ''география'') – био­ценоздордун, анын ичинде өсүмдүк, жаныбарлар ж-а микроорганизмдердин таралуу мыйзам ченем­дүүлүгү жөнүндөгү илим. Биогеография биосфера жөнүндөгү илим­дердин курамына кирет. Ал микроорганизмдер географиясын, өсүмдүктөр географиясын, өсүмдүк жамаатташтыгынын географиясын, жаныбар­лар географиясын ж-а жалпы организмдер географиясын камтыйт. Биогеографияны айрым авторлор (Э. Маттон, В. Г. Гептнер, Ф. Витисек ж. б.) ботаникалык география м-н зоологиялык географиянын би­римдиги катары караса, башкалары (В. Б. Со­чава) – жер бетиндеги органикалык дүйнөнүн таралуусу­нун жалпы географиялык мыйзам ченемдүүлүгүн изил­деген өз алдынча илим тармагы деп эсептейт. Биогеография илим катары 19-кылымдын башында, өсүмдүктөр ж-а жаныбарлар географиясы жөнүндө маалымат­тар топтолгондон кийин калыптанган. Негизги багыттары: ареологиялык, флоралык, фауна­лык, экологиялык, тарыхый ж-а региондук биогеогра­фия. Биогеография өсүмдүк м-н жаныбарлардын айрым түр­лөрүнүн жайгашуусун, ошондой эле айрым облустар­дын флоралык ж-а фауналык өзгөчөлүктөрүн аныктайт; жер шарынын бири-бирине баш ий­ген Биогеографиялык райондорунун системасын бөлөт. Организмдердин азыркы таралуусунун себептерин ж-а алардын айлана-чөйрө м-н байланышын изилдейт.  


''Б. Үсөнканов''. [[Category: 2-том, 146-225 бб]]

05:56, 10 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы

БИОГЕОГРА́ФИЯ (био... ж-а география) – био­ценоздордун, анын ичинде өсүмдүк, жаныбарлар ж-а микроорганизмдердин таралуу мыйзам ченем­дүүлүгү жөнүндөгү илим. Биогеография биосфера жөнүндөгү илим­дердин курамына кирет. Ал микроорганизмдер географиясын, өсүмдүктөр географиясын, өсүмдүк жамаатташтыгынын географиясын, жаныбар­лар географиясын ж-а жалпы организмдер географиясын камтыйт. Биогеографияны айрым авторлор (Э. Маттон, В. Г. Гептнер, Ф. Витисек ж. б.) ботаникалык география м-н зоологиялык географиянын би­римдиги катары караса, башкалары (В. Б. Со­чава) – жер бетиндеги органикалык дүйнөнүн таралуусу­нун жалпы географиялык мыйзам ченемдүүлүгүн изил­деген өз алдынча илим тармагы деп эсептейт. Биогеография илим катары 19-кылымдын башында, өсүмдүктөр ж-а жаныбарлар географиясы жөнүндө маалымат­тар топтолгондон кийин калыптанган. Негизги багыттары: ареологиялык, флоралык, фауна­лык, экологиялык, тарыхый ж-а региондук биогеогра­фия. Биогеография өсүмдүк м-н жаныбарлардын айрым түр­лөрүнүн жайгашуусун, ошондой эле айрым облустар­дын флоралык ж-а фауналык өзгөчөлүктөрүн аныктайт; жер шарынын бири-бирине баш ий­ген Биогеографиялык райондорунун системасын бөлөт. Организмдердин азыркы таралуусунун себептерин ж-а алардын айлана-чөйрө м-н байланышын изилдейт.

Б. Үсөнканов.