БИОСФЕРАДАГЫ ГЛОБАЛДЫК ПРОБЛЕМАЛАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |

(5 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИОСФЕРАДАГЫ ГЛОБАЛДЫК ПРОБЛЕМАЛАР ''' – табигый чөйрөнүн, антропогендик | '''БИОСФЕРАДАГЫ ГЛОБАЛДЫК ПРОБЛЕМАЛАР ''' – табигый чөйрөнүн, антропогендик жана накта антропогендик (экономикалык, социалдык ж. б.) кубулуштар менен байланышкан жана азыркы коомдун тарыхый өнүгүүсүндө пайда болуп, өзүнүн таасир этүү масштабы боюнча планеталык деӊгээлге жеткен экономикалык, саясий, социалдык, биологиялык, техникалык, технологиялык системалардын, ошондой эле аларды чечүү үчүн бүткүл дүйнөлүк аракеттенүүнү талап кылган проблемалар жыйындысы. Азыркы учурда негизги глобалдык проблемаларга: ядролук коркунуч, экологиялык кризис, иммун жетишсиздик ооруусунун синдрому (ИЖОС – «СПИД») эпидемиясы, саламаттык сактоо абалы, дүйнө калкынын санынын кескин өсүшү, сабатсыздык, экономикалык кризис, азык-түлүк, каада-салттарды жокко чыгаруу, конверсия жана терроризм проблемалары кирет. Бул глобалдык проблемалардан 20-кылымдын аягында экологиялык проблемалар өтө курч мүнөзгө ээ болду. Алар адамзаттын табиятка жана өзгөргөн табияттын кайра адамга таасир этиши менен байланышкан. Кескин антропогендик таасирге дуушар болгон чөйрө, белгилүү бир чекке жеткенде кайтарылгыс мүнөзгө жетип, өзүнүн калыбына келүү жөндөмүнөн ажырайт. Бул болсо тиричиликтин табигый шартын бузат. Азыркы учурдагы глобалдык экологиялык проблемаларга дүйнөлүк океандын булганышы, минералдык ресурстардын түгөнүшү, озон катмарынын жукарышы (озон тешиги), өсүмдүк менен жаныбарлар түрлөрүнүн жоголушу, климаттын глобалдык деӊгээлде жылышы (''парниктик эффект''), эл аралык кырсык каптаган аймактардын (''Арал, Чернобыль,'' Амазонка токойлору ж. б.) пайда болушу, кылым оорулары (ИЖОС, рак ж. б.) кирет.
Дүйнөлүк океандын булганышы биринчи кезекте антропогендик зыяндуу заттардын (нефть, көмүртектүү суутек бирикмелери, пестициддер, оор металлдар, детергенттер, радионуклиддер ж. б.) океан акваториясына түшкөнү боюнча эсептелинет. Зыяндуу заттар деӊизге жана океанга дарыя агымдары, атмосфералык аба (таштандыларды деӊиздерде жок кылууда), деӊиз транспортунун жана танкерлердин авариясында келип түшөт. Атмосфера аркылуу айрыкча биогендик компоненттер, органикалык-синтетикалык бирикмелер (көмүртектүү суутек бирикмелери, дихлордифенилтрихлорэтон – ДДТ, полихлордуу бифенилдер – ПХБ ж. б.) океанга кошулат. Океанга жылына 30 миӊдей ар түркүн химиялык бирикме (1,2 млрд тга жакын) түшөт. Сууларда болжолдуу 500 миӊ т ДДТ бар экендиги катталган. Хлор органикалык бирикмелер жогорку биоаккумуляциялык жөндөмгө жана кескин токсиндик эффектиге ээ болуп, глобалдык деӊгээлде таралган. Орус окумуштуусу Ю. А. Израель ж. б. билдиргендей, дүйнөлүк океандын булганышына антропогендик салым болжолдуу төмөнкүдөй: коргошун үчүн – 92%, сымап – 70%, кадмий – 50%, нефть бирикмелери – 88% ж-а ПХБ менен пестициддер – 100%. Деӊиз экосистемаларына айрыкча коркунучту 3,5 млн т нефть бирикмелеринин түшүшү туудурат. Булардын ичинен танкер флоту нефть көмүр тектүү суу тек бирикмелеринин көбүн берет. Анын ичинен 1,46 млн т нефть бирикмелеринин 10%и танкерлердин авариясына таандык. Океанда нефть бирикмелеринин концентрациясы ар кандай аймактарда түрдүүчө: Жер Ортолук деӊизде 0–950 ''мкг/л,'' Түндүк деӊизде 0–350 ''мкг/л'', Атлантика океанында 0–160 ''мкг/л'' ж. б. Дүйнөлүк океанга дайыма жасалып туруучу басым деӊиз экосистемаларынын деградациясына жана экологиялык оор кырдаалга алып келүүдө. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, сууга түшкөн нефтинин кичине эле концентрациясы мидиялар менен кош капкалуу моллюскалардын өсүү ылдамдыгын басаӊдатып, гидробионттордун көбөйүшүн азайтат. Ошондой эле планктондун түшүмдүүлүгүн кыскартып турат. Ал эми пестициддер (ДДТ) менен деӊиз чөйрөсүн булгоо, деӊиз сүт эмүүчүлөрүн ар түрдүү ооруларга чалдыктырып, морфологиялык терс натыйжага (балыктарда шишиктердин пайда болушу, омурткаларынын жана сүзгүчтөрүнүн өзгөрүшү, ошондой эле устрицалардын, креветкалардын вирустар аркылуу оорушу ж. б.) алып келет. Мунун бардыгы айланып отуруп адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет.
Озон катмарынын жукарышы негизинен антропогендик факторлордун фреондорду жана азот бирикмелеринин атмосферага бөлүнүшүнөн (үн ылдамдыгынан жогору болгон ылдамдыкка ээ болгон учуучу жана космос аппараттарынын органикалык отунду толук күйгүзбөшүнөн) пайда болгон (к. ''Озон тешиги)''. Парниктик эффект проблемасы болсо жер бетиндеги климаттын жылый башташы менен байланышкан. Бул кубулуш антропогендик кошулмалар (СО2, СН4, О3, азот кычкылы, фреондор) көбөйүшүнүн негизинде болуп жатат. Ал эми ''кислоталуу жаан-чачын'' проблемасы – антропогендик таасирлердин натыйжасында атмосферанын күкүрттүн диоксиди жана азоттун оксиди аркылуу булганышынан пайда болгон.
Ад.: ''Лавров С. Б.'' Глобальные проблемы современности. М., 1993; ''Аттали Ж.'' На пороге нового тысячелетия. М., 1993; ''Яншин А. Ю''. Научные проблемы охраны природы и экологии. М., 1999.
''Б. Үсөнканов, М. Чоров.'' | ||

Дүйнөлүк океандын булганышы биринчи кезекте антропогендик зыяндуу заттардын (нефть, көмүртектүү суутек бирикмелери, пестициддер, оор металлдар, детергенттер, радионуклиддер ж. б.) океан акваториясына түшкөнү | |||

Озон катмарынын жукарышы негизинен антропогендик факторлордун фреондорду | |||

Ад.: ''Лавров С. Б.'' Глобальные проблемы современности. М., 1993; ''Аттали Ж.'' На пороге нового тысячелетия. М., 1993; ''Яншин А. Ю''. Научные проблемы охраны природы и экологии. М., 1999. | |||

''Б. Үсөнканов, М. Чоров.'' | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:13, 11 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БИОСФЕРАДАГЫ ГЛОБАЛДЫК ПРОБЛЕМАЛАР – табигый чөйрөнүн, антропогендик жана накта антропогендик (экономикалык, социалдык ж. б.) кубулуштар менен байланышкан жана азыркы коомдун тарыхый өнүгүүсүндө пайда болуп, өзүнүн таасир этүү масштабы боюнча планеталык деӊгээлге жеткен экономикалык, саясий, социалдык, биологиялык, техникалык, технологиялык системалардын, ошондой эле аларды чечүү үчүн бүткүл дүйнөлүк аракеттенүүнү талап кылган проблемалар жыйындысы. Азыркы учурда негизги глобалдык проблемаларга: ядролук коркунуч, экологиялык кризис, иммун жетишсиздик ооруусунун синдрому (ИЖОС – «СПИД») эпидемиясы, саламаттык сактоо абалы, дүйнө калкынын санынын кескин өсүшү, сабатсыздык, экономикалык кризис, азык-түлүк, каада-салттарды жокко чыгаруу, конверсия жана терроризм проблемалары кирет. Бул глобалдык проблемалардан 20-кылымдын аягында экологиялык проблемалар өтө курч мүнөзгө ээ болду. Алар адамзаттын табиятка жана өзгөргөн табияттын кайра адамга таасир этиши менен байланышкан. Кескин антропогендик таасирге дуушар болгон чөйрө, белгилүү бир чекке жеткенде кайтарылгыс мүнөзгө жетип, өзүнүн калыбына келүү жөндөмүнөн ажырайт. Бул болсо тиричиликтин табигый шартын бузат. Азыркы учурдагы глобалдык экологиялык проблемаларга дүйнөлүк океандын булганышы, минералдык ресурстардын түгөнүшү, озон катмарынын жукарышы (озон тешиги), өсүмдүк менен жаныбарлар түрлөрүнүн жоголушу, климаттын глобалдык деӊгээлде жылышы (парниктик эффект), эл аралык кырсык каптаган аймактардын (Арал, Чернобыль, Амазонка токойлору ж. б.) пайда болушу, кылым оорулары (ИЖОС, рак ж. б.) кирет.
Дүйнөлүк океандын булганышы биринчи кезекте антропогендик зыяндуу заттардын (нефть, көмүртектүү суутек бирикмелери, пестициддер, оор металлдар, детергенттер, радионуклиддер ж. б.) океан акваториясына түшкөнү боюнча эсептелинет. Зыяндуу заттар деӊизге жана океанга дарыя агымдары, атмосфералык аба (таштандыларды деӊиздерде жок кылууда), деӊиз транспортунун жана танкерлердин авариясында келип түшөт. Атмосфера аркылуу айрыкча биогендик компоненттер, органикалык-синтетикалык бирикмелер (көмүртектүү суутек бирикмелери, дихлордифенилтрихлорэтон – ДДТ, полихлордуу бифенилдер – ПХБ ж. б.) океанга кошулат. Океанга жылына 30 миӊдей ар түркүн химиялык бирикме (1,2 млрд тга жакын) түшөт. Сууларда болжолдуу 500 миӊ т ДДТ бар экендиги катталган. Хлор органикалык бирикмелер жогорку биоаккумуляциялык жөндөмгө жана кескин токсиндик эффектиге ээ болуп, глобалдык деӊгээлде таралган. Орус окумуштуусу Ю. А. Израель ж. б. билдиргендей, дүйнөлүк океандын булганышына антропогендик салым болжолдуу төмөнкүдөй: коргошун үчүн – 92%, сымап – 70%, кадмий – 50%, нефть бирикмелери – 88% ж-а ПХБ менен пестициддер – 100%. Деӊиз экосистемаларына айрыкча коркунучту 3,5 млн т нефть бирикмелеринин түшүшү туудурат. Булардын ичинен танкер флоту нефть көмүр тектүү суу тек бирикмелеринин көбүн берет. Анын ичинен 1,46 млн т нефть бирикмелеринин 10%и танкерлердин авариясына таандык. Океанда нефть бирикмелеринин концентрациясы ар кандай аймактарда түрдүүчө: Жер Ортолук деӊизде 0–950 мкг/л, Түндүк деӊизде 0–350 мкг/л, Атлантика океанында 0–160 мкг/л ж. б. Дүйнөлүк океанга дайыма жасалып туруучу басым деӊиз экосистемаларынын деградациясына жана экологиялык оор кырдаалга алып келүүдө. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, сууга түшкөн нефтинин кичине эле концентрациясы мидиялар менен кош капкалуу моллюскалардын өсүү ылдамдыгын басаӊдатып, гидробионттордун көбөйүшүн азайтат. Ошондой эле планктондун түшүмдүүлүгүн кыскартып турат. Ал эми пестициддер (ДДТ) менен деӊиз чөйрөсүн булгоо, деӊиз сүт эмүүчүлөрүн ар түрдүү ооруларга чалдыктырып, морфологиялык терс натыйжага (балыктарда шишиктердин пайда болушу, омурткаларынын жана сүзгүчтөрүнүн өзгөрүшү, ошондой эле устрицалардын, креветкалардын вирустар аркылуу оорушу ж. б.) алып келет. Мунун бардыгы айланып отуруп адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет.
Озон катмарынын жукарышы негизинен антропогендик факторлордун фреондорду жана азот бирикмелеринин атмосферага бөлүнүшүнөн (үн ылдамдыгынан жогору болгон ылдамдыкка ээ болгон учуучу жана космос аппараттарынын органикалык отунду толук күйгүзбөшүнөн) пайда болгон (к. Озон тешиги). Парниктик эффект проблемасы болсо жер бетиндеги климаттын жылый башташы менен байланышкан. Бул кубулуш антропогендик кошулмалар (СО2, СН4, О3, азот кычкылы, фреондор) көбөйүшүнүн негизинде болуп жатат. Ал эми кислоталуу жаан-чачын проблемасы – антропогендик таасирлердин натыйжасында атмосферанын күкүрттүн диоксиди жана азоттун оксиди аркылуу булганышынан пайда болгон.
Ад.: Лавров С. Б. Глобальные проблемы современности. М., 1993; Аттали Ж. На пороге нового тысячелетия. М., 1993; Яншин А. Ю. Научные проблемы охраны природы и экологии. М., 1999.
Б. Үсөнканов, М. Чоров.