БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗДАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗДАР '''- байыркы кытай жыл баяндарында б. з. ч. 201-жылдан бери эс­керилип келген түрк тилинде сүйлөгөн эл; Те­ңир-Тоодогу, Түндүк-Батыш Моңголиядагы, Ички Азиядагы (''лобнорлуктар, сары уйгурлар'') түрк элдеринин байыркы түпкү теги. Кыргыздар та­рыхый булактарда алгач хунн шанүйү Маодун­дун басып алуу саясатына байланыштуу кез­дешет. Маодун шанүй б. з. ч. 201-жылы Кытайга жортуул жасаардан мурда, өлкөнүн түн.-баты­шында жашаган беш мамлекетти, алардын арасында кыргыздарды басып алган. Бул окуя качан жкайсы жерде өткөндүгү тууралуу так маалымат жок. Эгер хунндардын Кытайга жа­саган жортуулун эске алсак, анда кыргыздар­дын Маодунга жеңилген мезгилин б. з. ч. 201- жылдан бир канча жыл мурун болгондугун бел­гилөө зарыл. Айрым окумуштуулар хунндардын Ордостогу мекенин эске алып, кыргыздарды Монголиянын түндүк-батышындагы Хяргяс-нор, башкача айтканда Кыргыз-көлүнүн айланасына жайгашты­рышат. Бирок, мында Хяргяс-нор качан, кайсы окуяларга байланыштуу «кыргыз көлү» аталгандыгы белгисиз. Ошондой эле кыргыздардын баштапкы мекенин Батыш Моңголияга чектөө тарыхый географиялык ж-а этнографиялык маалыматтарга дал келбейт. «Хань тарыхынын» («Хань шу») автору, Бань Гунун маалыматы боюнча хунндардын шанүйү ''Чжичжи'' б. з. ч. 49-жылы усундарды тал­калап, андан соң түндүк тараптагы уцзелерди баш ийдирет. Алардан кошуун курап, батыш тараптагы цзянькундарды (кыргыздарды) талкалайт. Кийин аларга түндүк жакта жайгашкан (уцзе ж-а кыргыздардын) динлиндер баш ийет. Чжичжи өз ордосун кыргыз жергесине орнотуп, усундар­га каршы кыргындуу жортуулун улантып турган. Ал эми хунндардын хан ордосу кыргыз­дардан чыгышка 7000 ''ли'', Чеши болсо түштүктү карай 5000 ''ли'' аралыкта жайгашкан. Соңку чыгыш таануу иликтөөлөрү боюнча, кыргыз жерге­си Дзосотын-Элисун чөлү м-н Боро-Хоро кыр­ка тоо аймагында орун алган. Чыгыш Түркстанда кыргыздар түрк тектүү чөйрөгө аралашкан ж-а ал алака кытай жылнаамалары «Чжоу шу», «Бэй ши» ж-а «Суй шуда» белгиленген. Бирин­чи уламыш боюнча түрктөрдүн ата-бабалары чоң саздын жээгинде жашап турган чагында, коң­шу уруулар тарабынан кыргындалып, андан оор жарадар болгон он жашар бала аман калат. Баланы ачкалыктан сактаган, кийин анын аялы болгон канчык карышкыр имиш. Карыш­кыр кийин аны душмандан коргоп кала албай, өзү Гаочан (Турпан - М. К.) тоосунун түндүк тара­бына качып барган экен. Карышкыр баягы өлгөн баладан он уул тууйт. Балдар эр жетип гаочандык кыздарга үйлөнүшүп, өз алдынча уруу­га бөлүнөт. Алардын биринин аты Ашина бол­гондуктан анын уруусу ушул ысымда аталып калат. Ашина бир туугандарына караганда жөндөмдүү болуп, жаңы тайпанын колбашчы­лыгына дайындалат. Уруулар көбөйүп, саны бир канча жүзгө жетет. Ашина тукумунан чыккан Асянь шад бөрү уруусун Гаочандан Алтайга көчүрүп келет. Ошентип алар Алтай тоосунун жергиликтүү аталашына жараша түрк аталып калат. Экинчи уламыш боюнча, түрктүн ата-бабалары Со ээлигинен чыккан. Тайпанын жол башчысы Апанбунун он жети биртууганы болуп, алардын бири Ичжинишиду бөрүдөн туулат. Со ээли­ги душман чабуулуна кабылып, уруулар бирин­деп тарап кетет. Ичжинишидунун сыйкырдуу жөндөмдүүлүгүнөн улам, анын уруусу кыйла жакшы абалда калат. Анын шамал чакырып, күн жаадырчу жайчылык жайы болуп, эки аялы бар экен. Бири жаз кайыптын кызы, экин­чиси кыш кайыптын кызы. Биринчи аялдан төрт уулу болуп, бири «аккууга» айланат, экин­чи баласы Цигу аталып, Афу-шуй ж-а Цзянь­шуй (Абакан ж-а Кем, б. а. Енисей) аралыгында бийлик жүргүзүп калат. Үчүнчү уулу Чжуч­жеде жашап, ал эми улуу уулу Нодулу шад Цзян­сы Чжучжеге көчүп келет. Нодулу шадга Апан­бунун уруусу кошулат. Нодулу шаддын он аялы болуп, алардын балдары өз энелеринин ысмын­да урууларга бөлүнгөн. Эң кичүү аялынан Аши­на болгон. Нодулу шад өлгөндөн кийин, салтка ылайык анын балдары уруу башчыга шамда­гай, эр жүрөк, баатырды тандап шайлаш үчүн сынакка түшүшөт. Мелдештен Ашина жеңип, жол башчы болуп, Асянь шад деген жаңы ысым алат. Н. А. Аристовдон тарта ушул түрк ула­мыштарына кайрылган С. В. Киселев, Л. Р. Кыз­ласов, С. Г. Кляшгорный, Л. П. Потапов ж. б. окумуштуулар, андан тарыхый окуяны чагылдырган тарых наамалык өзөктү баамдап, эки уламыштын уңгусу бир экендигин белгилешкен. Түрк уламышынын түпкү жандырмагында дагы үч элдин тарыхы жатат. Алар уламышта так айтылган цигу - кыргыздар, «аккуу» тобу кып­чактар ж-а Чжучжеге көчүп келген ашиналар­дын туугандары теле-огуздар. Теле темасына кайрылган окумуштуулар түрк тилинде сүйлөгөн уруулардын баштапкы жазылышы Сһіһ-1е кийин Тіпд-1іпд (динлин) болуп өзгөрсө керек деп боолгошот. 3-4-кылымдарда телелер кытай жазма булак­тары боюнча «гаогюй», башкача айтканда бийик арабалар аталып жүрүштү. Ал эми 6-кылымдан тарта кытай да­ректери аларды теле (түркчө тегрен «араба, унаа») деп атай башташты. 605-жылы Батыш түрк каганы Чурын телелердин жүздөгөн уруу башчыларын кыргандан кийин, алар экиге бөлүнүп, бири Чыгыш Түркстан ж-а Алтайда «бага каган» аталып, анын экинчи бөлүгү уйгурлар бол­со Түндүк Моңголияда орун алып, кытай даректе­ри боюнча «тогуз-уруу», руникалык эстеликтерде тогуз-огуз деп жазылып калат. Кытайдын «Вэй шу» жазмасында «Гаоцюйлар, кыязы, байыр­кы чигилердин бир бутагы болсо керек, адеген­де алар дили аталып, түндүк жактагылар аларды чилэ дешсе, Кытайда болсо - гаоцюй динлин (бийик арабачан динлиндер) деген ат менен маа­лым»,- деп кабарланат. Канткен м-н динлин - теле-огуз байланышы тарыхый чындык болсо керек. Эгерде бул жобону туура көрсөк, анда алар м-н кыргыздардын баштапкы этникалык алакасы табылат. 7-кылымдын башталышында Ли Янь Шоу тарабынан жазылган «Бэй ши»  ж-а Вэй Чжен (VII кылымдын башы) жазган «Суй шу» тары­хындагы маалыматтар боюнча кыргыздар теле уруу конфедерациясынын курамында Чыгыш Теңир­Тоо аймагында кездешет. Анда «телелердин бабалары - сюннулар. Уруулар аябай көп. Иунун батышында, Яньцинин түндүк тарабында, Бай­шандын айланасында циби, боло, чжи, де, субо, хэгу, едеу, жиху ж. б. жашашат» деп кабарланат. Кытай жылнаамасында «хягас (кыргыздар) бул байыркы гянь-гунь мамлекети. Калкы динлиндер менен аралашып кеткен» деп айтылат. Белгилүү археолог Д. Г. Савиновдун пикири боюнча, эгерде динлиндер теле болсо, анда байыр­кы түрк доорунда ал катмардан - сеяньто, уйгур ж. б. окшогон түпкүлүктүү элдер пайда бол­мок. Болжол м-н б. з. 460-жылы кыргыздар түрк тилдүү теле, түрк уруулары м-н чогуу Чыгыш Түркстандан Борбордук Азиянын түндүк-чыгышына жер которгон. Түрктөрдүн уламышында көр­сөтүлгөндөй алар өз алдынча жер алышып, ал аймактарда өздөрүнүн мамлекетин түптөшкөн. Кыргыздарга Түштүк Сибирь аймагы туш келип, мында алар өз алдынча кагандык болуп, өнүк­көн мамлекет деңгээлине көтөрүлө алышкан.
'''БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗДАР''' – [[Борбордук Азия]]ны байыртан мекендеп келген [[түрк]] тилдүү элдин бири. Алар тууралуу маалыматтар алгач кытай жазма тарыхтарында эскерилип, анда кыргыз [[этноним]]и ар кандай доордо ар башка [[иероглиф]]тер аркылуу берилген. Мисалы, биздин заманга чейинки (б.з.ч.) 109–91-жылдары жазылган [[Сыма Цян]]дын «Тарыхый жазмалар» ([[Ши цзы]]) деген эмгегинде «гэкунь» (gekun – байыркы окулушу kien kuən); биздин замандын (б.з.) I кылымда жазылган «[[Байыркы Хань династиясынын тарыхы]]нда» («Цянь Хань Шу») «гяньгунь» (jiankun – kien kuən) же «цзяньгун»; Үч Падыша доорунда (220–280) жазылган «Сань го чжиде» «цзянькун», «хегу», «гиегу» (khiet kuət, γat kuət, kiet kuət); 553-жылдары «кигу» (khiet kuət); Чжоу (557–581) жана Түндүк Бей (386–581) династияларынын тарыхында «цигу»; 638-жылдан кийин кайрадан «гегу» (kiet kuət); [[Тан династиясы]]на (618–907) таандык «Байыркы Тан тарыхында» (Цзю Тан шу) «гйегу» (цзегу), «хягясы» (γăt kăt sie), ошол эле тарыхтын негизинде 1060-жылдары редакцияланган «Тан династиясынын жаңы тарыхында» (Синь Тан шу) «хягас» («хягяс», «хагас» же «сягэс»), «киликиз» (цилизис), IX кылымда түзүлгөн Тунь дянда «цзегу», Ли Вэйгундун жыйнагында (841–846) «сяцзяс» «хэхэс»; [[Юань династиясы]]нын (1271–1368) тарыхында (Юань ши) «циерцисы», «цзилицзисы» ж.б. түрлөрдө жолугат. Ал эми байыркы грек жазма тарыхында «chérkis»; орто кылымдарга тиешелүү араб-перс жазма маалыматтарында «хирхиз»; [[Махмуд Кашгари]]нин (XI к.) сөздүгүндө (кара: [[Диван лугат ат-түрк]]) «киркиз»; руникалык эстеликтерде «кыркыз» деген аталыштар менен белгилүү. Кийинки учурдагы көпчүлүк окумуштуу-синологдордун (Н. Я.  [[Бичурин]], В. С. [[Таскин]], Н. В. [[Кюнер]],  С. Е. [[Яхонтов]], Э. Пуллиблэнк, А. Дыбо ж.б.) пикири боюнча бул формалар ар кайсы доордогу «кыргыз» деген терминдин [[фонетика]]лык варианты болуп эсептелет. Байыркы кыргыздар тууралуу эң алгачкы жазма кабарда [[гунндар]]дын (сюнну) [[шанүй]]ү (б.з.ч. 234–174) [[Модэ]] б.з.ч. 209–201-жылдары Хань падышалыгынын (б.з.ч. 202–б.з. 220) түндүгүндөгү хуньюй, кюеше, динлин, гэгунь жана цайли урууларына караштуу ээликтерди басып алганы айтылат. Бирок бул кабарда «түндүк» тараптан башка багыт көрсөтүлбөгөндүктөн, аталган ээликтердин [[география]]лык ордун так аныктоого мүмкүн болбой, натыйжада ал бири-бирине карама-каршы келген эки негизги илимий көз караштын жаралышына шарт түзгөн. Алардын ичинен басымдуу бөлүгү (В. В. [[Бартольд]], С. В. Киселёв, А. Н. [[Бернштам]], Ө. [[Караев]], К. И. Петров, Е. И. Кычанов, А. [[Мокеев]] ж.б.) байыркы кыргыздардын мекенин Түштүк Сибирге ([[Алтай]] тоолору, [[Орхон-Енисей]] ойдуңдары) жайгаштырса, азыраагы (Н. Я. Бичурин, Н. А. [[Аристов]] ж.б.) эзелтен бери азыркы жашаган жерлерин ([[Орто Азия]]нын чыгышы, түштүк-чыгышы) мекендеп келген деп эсептешкен. Муну менен кошо байыркы кытайлыктар колдонгон иероглифтердин өзгөчөлүгүнө байланыштуу текстерди которууда айрым мүчүлүштүктөр орун алган. Мисалы, ал кабардагы «ээлик» деген иероглиф бир котормочулар (Р. В. Вяткин) «уруулар», башкасы (Н. В. Кюнер) «[[мамлекет]]», «өлкө» деп которсо, айрым окумуштуулар (П. П. Азбелев) V–VII кылымдарда Батыш Сибирде мамлекеттик, административдик өлкө гана эмес, жөнөкөй потестардык коомдук түзүлүштүн белгилери болбогонун эскертишет. Байыркы кыргыздар жөнүндө кийинки кыскача маалымат «Байыркы Хань династиясынын тарыхында» жолугат. Анда ич ара чыр-чатактарга байланыштуу б.з.ч. 59-жылдары гунндардын империясы түндүк-түштүккө бөлүнүп, бири-бирине каршы алгачкы согушта түндүк бөлүгүн бийлеген Чжичжы шанүй жеңишке жеткени баяндалат. Түштүк гунндардын шанүйү Хуханье Хань императоруна баш ийүүгө аргасыз болгон. Хань императору ага жардам бере турганы угулганда б.з.ч. 49-жылдары Чжичжы шанүй аскери менен батышка жүрүш кылып, усундарды талкалап, андан кийин анын түндүгүндөгү «угйелерди» (айрым котормолордо «хуцзе», «уцзе» же уокиль/уогиль) багындырган. Анан угйелердин жардамы менен алардын батышындагы «Гянь-гундарды» (башка котормо боюнча цзяньгунь) талкалап, мындан кийин кыргыздардын түндүгүндөгү динлиндерди баш ийдирген. Бул маалыматтар да аталган үч ээликтин Борбордук Азиянын кай жеринде жайгашканын аныктоого жардам бербейт. Кытайлык башка бир баяндама (Вэй люэ) боюнча Динлин, Гэгунь, Синьли аттуу «үч өлкө» сюнндардын түндүгүндө жайгашкан, бирок Түндүк деңиздин (Бэйхай) түштүгүндөгү динлиндер усундардын батышында жашаган динлиндер эмес, башка динлиндер болгон. 545–546-жылдары 50 миң түтүн [[теле уруулары]] түрктөр менен союзга биригип, жужаңдарды талкалагандан кийин Алтайда [[Улуу Түрк кагандыгы]] пайда болгон. Кыргыздар да ушул кагандыкка карап, бул мезгилде жаралаган руникалык эстеликтерде курыкан, отуз татар, кытан (кара кытай) татаб ж.б. уруулардын катарында эскерилет. 630–640-жылдары Түндүк Моңголияда [[Кыпчак хандыгы]] күч алып, бир аз убакыт кыргыздар аларга баш ийип калган. 646-жылы ал хандык кулагандан кийин кыргыздар кайрадан өз алдынчалыкка жетишкен. Бара-бара күч алып, VII кылымда Енисейде талаа [[империя]]сы сыяктуу кыргыздардын өз алдынча мамлекети ([[каганат]]) түзүлгөнү белгилүү. VII кылымдын аяк ченинде Экинчи түрк кагандыгы менен тең тайлашып, түрктөр аргасыздан кыргыздардын өз ханы болушун тааный баштаган (кара: [[Барсбек каган]]). Ошондуктан түрктөр кыргыздарды эң коркунучтуу душман катары санап, 710/711-жылы кышында капысынан аларды катуу талкалаган. Ушул мезгилдерде кыргыздардын [[Тан империясы]] менен саясий мамилеси өнүккөн. 758-жылы [[уйгурлар]] согуштук жактан бир топ ийгиликтерге ээ болуп, кыргыздарды талкалоого жетишкен. Кыргыздар уйгурларга каршы бир нече жолу көтөрүлүш уюштуруп, бирок андан майнап чыгара алышкан эмес. 820-жылдан кыргыздар кайрадан күч алган жана бир нече жолку салгылашуулардан кийин 840-жылы уйгурлар катуу жеңилүүгө дуушар болуп, ушуну менен [[Уйгур каганаты]] кулаган. Бир катар изилдөөчүлөрдүн пикиринче  840-жылдан кийин кыргыздар Енисейде эбегейсиз зор мамлекет түзүп, бүткүл Саян-Алтай аймагы жана анын чегинен тышкары көп жерлерге күчтүү таасир тийгизип турган. Байыркы кыргыздардын саясий абалы жана жашаган кеңири аймак тууралуу азыраак маалыматты 941–945-жылдары түзүлгөн «Байыркы Тан тарыхынан» табууга болот. Ал боюнча 634-жылы [[Батыш Түрк кагандыгы]]нын (603–704) ханы Дулу-хан өлүп, хандыкка Хилиши-хан деген ысым менен анын иниси Тунво Ше ээ болгон. 638-жылы батыштагы дулу уруулары Иби Дулу-хан деген ат менен Юйгу Шени хан көтөрүп, ал Хилишиге каршы согуш ачкан. Андан майнап чыкпай, кийин ал экөө [[Иле дарыясы]]нын боюнда тынчтык келишимин түзүп, дарыянын батышын Дулу, чыгышын Хилиши алган. Ушуну менен Батыш түрк уруулары кайрадан өз алдынча эки хандыкка бөлүнүп, Дулу-хан өз ордосун Цзихэ тоосунун батышына көчүргөн жана аны «түндүктөгү ордо» (кыт. бэйтин) деп атаган. Ошону менен Сяоми, Гйегу [Хягастар] (экинчи котормодо «Бома, Цзегу ж.б. мамлекеттер») Дулу ханга баш ийип калган. Сун династиясынын учурунда 1005–1013-жылдары түзүлгөн «Байыркылардын акыл казынасы» (Цэфу Юаньгуй) деген эмгекте Борбордук Азияны байыртадан бери мекендеп келген түрк, сяньби, [[кидан]], теле ж.б. сыяктуу уруулары менен бирге «байыркы Гяньгунь мамлекетин» кээ бири «азыр Хэгус» деп атап калышканы белгиленет. 1060-жылдары жазылган «Тан династиясынын жаңы тарыхы» (Синь Тан шу) мурунку династиялардан (Ши цзы, Цянь Хань Шу ж.б.) калган тарыхый, географиялык маалыматтардын оңдолуп, түзөтүлгөн жалпылама жыйынтыгы болуп саналат. Император Жэнь-цзундун (1023–1064) тапшырмасы менен атайын комиссия тарабынан түзүлгөн бул жыйнакка мурунку тексттердин ичине жаңы сүйлөмдөр киргизилип, анда алгач кыргыз этнониминин жаңы формасы «хагас» (хакяньсы, хягас) термини колдонула баштаган. Ал эмгекте байыркы кыргыздардын ээлиги качандыр гунндардын батыш чеги болгону, айрымдар бул «мамлекетти Гюйву же Гйегу» деп атап, «Хаминин батышы, Харашардын түндүгү, Ак-Тоонун (Байшань)» жанында жайгашканы, «ажосу Кара-Тоого (Циншань) жакын» жерде туруп, ал жоон мамылар менен тосулганы, «үйү Мидичжы» деп аталып, өлкө жашоочулары динлиндерге кошулуп кеткени айтылат. Айрым синолог-лингвисттер (А. Г. Малявкин) «Байшанды» азыркы Тарим дарыясынын түндүгүндөгү тоолор деп түшүндүрөт. Кыргыз күчтүү мамлекет болуп, ээлиги «чыгышта гулиган (kuət lji kân), түштүгү Тибет, түштүк-батышынан гэлолуга (kâ lâ luk)» чейин созулуп, «ханы турган жерден уйгурлардын (хойху) ордосуна чейин кербендер үчүн кырк күнчүлүк» жол болгон. Булардан тышкары мамлекет башчылары, каада-салт, диний ырым-жырым, [[Кытай]] менен саясий мамилеси ж. б. тууралуу тарыхый-географиялык, [[этнография]]лык маалыматтар кезигет. Байыркы кыргыздар жана азыркы [[Кыргызстан]]дын аймагы, ошондой эле ага чектеш жерлерди камтыган айрым маанилүү тарыхый-географиялык кабарлар IX–X кылымдардагы араб-перс авторлорунун (Ибн ал-Факих, ал-Йакуби, Кудама Ибн Жафар, ал-[[Истахри]], Ибн Хаукал, ал-Мукаддаси, [[Абу Дулаф]], [[ал-Марвази]] ал-Идриси, [[Гардизи]] ж.б.) эмгектеринде жолугат. Алардын негиздүүлөрүнүн бири 920-жылдары жазылган Абу Зайд Балхинин географиялык эмгегине негизделген Истахринин «[[Китаб масалик ал-мамалик]]» деген китеби болуп саналат. Анда хырхыздар жана тогузгуздар коңшулаш эл болгону, [[Мавераннахр]]дын чыгышы, [[Тибет]] (ат-Туббат) [[кимак]], [[океан]] жана халаждардын орто ченин мекендешкени, ошондой эле алар кимак, гузз ([[огуз]]), хазлаждар сыяктуу [[түрк тили]]нде сүйлөшүп, Итил ([[Аму]]) дарыясы хырхыздардын чек арасынан агып чыгары айтылат. Болжол менен 982–83-жылдары жазылган автору белгисиз Худуд ал-алам деп аталган эмгек дагы байыркы кыргыз элине тиешелүү эң алгачкы жана маанилүү тарыхый булактардын бири катары саналат. Ал жерде ал-Истахри жана Ибн Хордадбехтин эмгектери пайдаланылган жана эмгектин бир бөлүмү толук кыргыздарга арналып («Кыргыз өлкөсү тууралуу сөз» – § 14), IX–XII кылымдарда жазылган араб-перс булактарынын ичинен эң алгачкы жолу азыркы жашаган аймактарды мекендеп турганы эскерилет. Ал-Марвази (1056–1120) боюнча түрктөр көптөгөн уруу, урук, ж.б. бөлүнүп, кээси шаар-кыштак, кээси талаа менен чөлдө жашап, Мавераннахрдын (Аму-Дарыянын оң жээги), Хуварезмдин (Хорезм) маңдайында турган абдан көп эл болгон. Кийин ислам динин кабыл алгандар «түркмөн» аталып, алар менен ислам динин кабыл албагандардын араларында ачык душмандашуу башталган. Чыгыш менен түндүктүн ортосунда жашаган көп сандуу эл – «хиргиздер» да түрк болгон. XI кылымда өмүр сүргөн М. Кашгаринин  сөздүгү да байыркы кыргыздарга тиешелүү өтө маанилүү булактардын бири болуп саналат. Андан «Байыркы Тан тарыхында» айтылган негизги маалыматтарга кыйыр түрдөгү кошумча-толуктоолорду табууга болот. Сөздүгүндө автор [[бутпарас]] же [[мусулман]] экенине карабай, батышы Румдан ([[Византия]]) баштап, ар бир түрк уруусун ирети менен «Машрикке» (Чыгыш) чейин санап өтөт. Алгачкысы «бажанак», андан кийин «кифжак, угуз, йамак, башгирт, йасмил, кай, йабаку, татар, киркиз» болуп, акыркылар «Синге жакын турганын» жана аталган уруулардан кийин чыгышка карай «жикил, тухси, йагма, уграк, жарук, жумул, уйгур, тангут, хитай (син), андан кийин тавгажды (масин)» жайгаштырган. Ошондой эле сөздүктө «тухси, йагма уруулары жана жикилдин бир бөлүгү Иле дарыясынын жээгинде» турганы белгиленген. Ал эми 1208–1209-жылдары жазылган Мухаммад ибн Нажиб Бехрандын «Аалам тууралуу китебинде» (Жахан-наме) «Атил» («Жейхун», азыркы Аму-Дарыя) дарыясы «хырхыздарга» жакын жерлерден башталып, [[Каспий]] (Абескун) көлүнө куя турганы көрсөтүлгөн. Байыркы кыргыздар тууралуу маалыматтар элдик оозеки адабиятта ([[фольклор]], [[жомок]], [[санжыра]] ж.б.) да кеңири сакталып калган. Анда негизинен кыргыз элинин түпкү теги, келип чыгышы, таралышы менен бирге айрым орчундуу тарыхый окуяларды камтыган даректүү фактылар кезигет. Мындай санжыра-жомокторду [[Абу-л-Гази Бахадур хан]], [[Рашид ад-Дин]], Хондемир ж.б. сыяктуу белгилүү авторлор өз мезгилинде кеңири пайдаланышкан. Байыркы кыргыздар баштан кечирген бир нече тарыхый доор, коңшулаш жашаган башка эл менен түзгөн саясий мамилеси, Борбордук Азиянын кеңири аймактарына тиешелүү көптөгөн географиялык аталыштар камтылган, ошондой эле [[лингвистика]]лык маселелерге байланышкан маалыматтарды азыркыга чейин сакталып келген чоң жана кичи [[эпос]]тордон да жолуктурууга болот. «Кыргыз» деген аттын чыгышын, анын [[этимология]]сын, оң-солго бөлүнүшүн, майда урууларга таралышын илимий негизде изилдөөгө алган А. Аристов, С. [[Абрамзон]], В. Бартольд, А. Бернштам, Ө. Караев, В. [[Радлов]] ж. б. сыяктуу белгилүү окумуштуулар байыркы кыргыз элинин тарыхына тиешелүү дал ушундай жалпы жазма жана оозеки адабияттарды кеңири пайдаланышкан.  


Ад.: ''Бичурин Н. Я.'' Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.; Л., 1950. Т. I; ''Худяков Ю.'' Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995.
Ад.: Караев О. Арабские и персидские источники IX–XII вв. о киргизах и Киргизии. Фр., 1968; Hudud al-Alam. The Regions of the World. A Persian Geography 372 A H. – 982 A. D./Tr. and expl. by V. Minorsky; ''Худяков Ю.'' Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; Бартольд В. В. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1997; Бичурин (Иакинф) Н. Я. Байыркы мезгилде Орто Азияда жашаган элдер жөнүндө маалыматтар жыйнагы. /Кырг. котормо, Б., 2016.


''М. Кожобеков.''
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]

10:03, 11 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы

БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗДАРБорбордук Азияны байыртан мекендеп келген түрк тилдүү элдин бири. Алар тууралуу маалыматтар алгач кытай жазма тарыхтарында эскерилип, анда кыргыз этноними ар кандай доордо ар башка иероглифтер аркылуу берилген. Мисалы, биздин заманга чейинки (б.з.ч.) 109–91-жылдары жазылган Сыма Цяндын «Тарыхый жазмалар» (Ши цзы) деген эмгегинде «гэкунь» (gekun – байыркы окулушу kien kuən); биздин замандын (б.з.) I кылымда жазылган «Байыркы Хань династиясынын тарыхында» («Цянь Хань Шу») «гяньгунь» (jiankun – kien kuən) же «цзяньгун»; Үч Падыша доорунда (220–280) жазылган «Сань го чжиде» «цзянькун», «хегу», «гиегу» (khiet kuət, γat kuət, kiet kuət); 553-жылдары «кигу» (khiet kuət); Чжоу (557–581) жана Түндүк Бей (386–581) династияларынын тарыхында «цигу»; 638-жылдан кийин кайрадан «гегу» (kiet kuət); Тан династиясына (618–907) таандык «Байыркы Тан тарыхында» (Цзю Тан шу) «гйегу» (цзегу), «хягясы» (γăt kăt sie), ошол эле тарыхтын негизинде 1060-жылдары редакцияланган «Тан династиясынын жаңы тарыхында» (Синь Тан шу) «хягас» («хягяс», «хагас» же «сягэс»), «киликиз» (цилизис), IX кылымда түзүлгөн Тунь дянда «цзегу», Ли Вэйгундун жыйнагында (841–846) «сяцзяс» «хэхэс»; Юань династиясынын (1271–1368) тарыхында (Юань ши) «циерцисы», «цзилицзисы» ж.б. түрлөрдө жолугат. Ал эми байыркы грек жазма тарыхында «chérkis»; орто кылымдарга тиешелүү араб-перс жазма маалыматтарында «хирхиз»; Махмуд Кашгаринин (XI к.) сөздүгүндө (кара: Диван лугат ат-түрк) «киркиз»; руникалык эстеликтерде «кыркыз» деген аталыштар менен белгилүү. Кийинки учурдагы көпчүлүк окумуштуу-синологдордун (Н. Я.  Бичурин, В. С. Таскин, Н. В. Кюнер,  С. Е. Яхонтов, Э. Пуллиблэнк, А. Дыбо ж.б.) пикири боюнча бул формалар ар кайсы доордогу «кыргыз» деген терминдин фонетикалык варианты болуп эсептелет. Байыркы кыргыздар тууралуу эң алгачкы жазма кабарда гунндардын (сюнну) шанүйү (б.з.ч. 234–174) Модэ б.з.ч. 209–201-жылдары Хань падышалыгынын (б.з.ч. 202–б.з. 220) түндүгүндөгү хуньюй, кюеше, динлин, гэгунь жана цайли урууларына караштуу ээликтерди басып алганы айтылат. Бирок бул кабарда «түндүк» тараптан башка багыт көрсөтүлбөгөндүктөн, аталган ээликтердин географиялык ордун так аныктоого мүмкүн болбой, натыйжада ал бири-бирине карама-каршы келген эки негизги илимий көз караштын жаралышына шарт түзгөн. Алардын ичинен басымдуу бөлүгү (В. В. Бартольд, С. В. Киселёв, А. Н. Бернштам, Ө. Караев, К. И. Петров, Е. И. Кычанов, А. Мокеев ж.б.) байыркы кыргыздардын мекенин Түштүк Сибирге (Алтай тоолору, Орхон-Енисей ойдуңдары) жайгаштырса, азыраагы (Н. Я. Бичурин, Н. А. Аристов ж.б.) эзелтен бери азыркы жашаган жерлерин (Орто Азиянын чыгышы, түштүк-чыгышы) мекендеп келген деп эсептешкен. Муну менен кошо байыркы кытайлыктар колдонгон иероглифтердин өзгөчөлүгүнө байланыштуу текстерди которууда айрым мүчүлүштүктөр орун алган. Мисалы, ал кабардагы «ээлик» деген иероглиф бир котормочулар (Р. В. Вяткин) «уруулар», башкасы (Н. В. Кюнер) «мамлекет», «өлкө» деп которсо, айрым окумуштуулар (П. П. Азбелев) V–VII кылымдарда Батыш Сибирде мамлекеттик, административдик өлкө гана эмес, жөнөкөй потестардык коомдук түзүлүштүн белгилери болбогонун эскертишет. Байыркы кыргыздар жөнүндө кийинки кыскача маалымат «Байыркы Хань династиясынын тарыхында» жолугат. Анда ич ара чыр-чатактарга байланыштуу б.з.ч. 59-жылдары гунндардын империясы түндүк-түштүккө бөлүнүп, бири-бирине каршы алгачкы согушта түндүк бөлүгүн бийлеген Чжичжы шанүй жеңишке жеткени баяндалат. Түштүк гунндардын шанүйү Хуханье Хань императоруна баш ийүүгө аргасыз болгон. Хань императору ага жардам бере турганы угулганда б.з.ч. 49-жылдары Чжичжы шанүй аскери менен батышка жүрүш кылып, усундарды талкалап, андан кийин анын түндүгүндөгү «угйелерди» (айрым котормолордо «хуцзе», «уцзе» же уокиль/уогиль) багындырган. Анан угйелердин жардамы менен алардын батышындагы «Гянь-гундарды» (башка котормо боюнча цзяньгунь) талкалап, мындан кийин кыргыздардын түндүгүндөгү динлиндерди баш ийдирген. Бул маалыматтар да аталган үч ээликтин Борбордук Азиянын кай жеринде жайгашканын аныктоого жардам бербейт. Кытайлык башка бир баяндама (Вэй люэ) боюнча Динлин, Гэгунь, Синьли аттуу «үч өлкө» сюнндардын түндүгүндө жайгашкан, бирок Түндүк деңиздин (Бэйхай) түштүгүндөгү динлиндер усундардын батышында жашаган динлиндер эмес, башка динлиндер болгон. 545–546-жылдары 50 миң түтүн теле уруулары түрктөр менен союзга биригип, жужаңдарды талкалагандан кийин Алтайда Улуу Түрк кагандыгы пайда болгон. Кыргыздар да ушул кагандыкка карап, бул мезгилде жаралаган руникалык эстеликтерде курыкан, отуз татар, кытан (кара кытай) татаб ж.б. уруулардын катарында эскерилет. 630–640-жылдары Түндүк Моңголияда Кыпчак хандыгы күч алып, бир аз убакыт кыргыздар аларга баш ийип калган. 646-жылы ал хандык кулагандан кийин кыргыздар кайрадан өз алдынчалыкка жетишкен. Бара-бара күч алып, VII кылымда Енисейде талаа империясы сыяктуу кыргыздардын өз алдынча мамлекети (каганат) түзүлгөнү белгилүү. VII кылымдын аяк ченинде Экинчи түрк кагандыгы менен тең тайлашып, түрктөр аргасыздан кыргыздардын өз ханы болушун тааный баштаган (кара: Барсбек каган). Ошондуктан түрктөр кыргыздарды эң коркунучтуу душман катары санап, 710/711-жылы кышында капысынан аларды катуу талкалаган. Ушул мезгилдерде кыргыздардын Тан империясы менен саясий мамилеси өнүккөн. 758-жылы уйгурлар согуштук жактан бир топ ийгиликтерге ээ болуп, кыргыздарды талкалоого жетишкен. Кыргыздар уйгурларга каршы бир нече жолу көтөрүлүш уюштуруп, бирок андан майнап чыгара алышкан эмес. 820-жылдан кыргыздар кайрадан күч алган жана бир нече жолку салгылашуулардан кийин 840-жылы уйгурлар катуу жеңилүүгө дуушар болуп, ушуну менен Уйгур каганаты кулаган. Бир катар изилдөөчүлөрдүн пикиринче  840-жылдан кийин кыргыздар Енисейде эбегейсиз зор мамлекет түзүп, бүткүл Саян-Алтай аймагы жана анын чегинен тышкары көп жерлерге күчтүү таасир тийгизип турган. Байыркы кыргыздардын саясий абалы жана жашаган кеңири аймак тууралуу азыраак маалыматты 941–945-жылдары түзүлгөн «Байыркы Тан тарыхынан» табууга болот. Ал боюнча 634-жылы Батыш Түрк кагандыгынын (603–704) ханы Дулу-хан өлүп, хандыкка Хилиши-хан деген ысым менен анын иниси Тунво Ше ээ болгон. 638-жылы батыштагы дулу уруулары Иби Дулу-хан деген ат менен Юйгу Шени хан көтөрүп, ал Хилишиге каршы согуш ачкан. Андан майнап чыкпай, кийин ал экөө Иле дарыясынын боюнда тынчтык келишимин түзүп, дарыянын батышын Дулу, чыгышын Хилиши алган. Ушуну менен Батыш түрк уруулары кайрадан өз алдынча эки хандыкка бөлүнүп, Дулу-хан өз ордосун Цзихэ тоосунун батышына көчүргөн жана аны «түндүктөгү ордо» (кыт. бэйтин) деп атаган. Ошону менен Сяоми, Гйегу [Хягастар] (экинчи котормодо «Бома, Цзегу ж.б. мамлекеттер») Дулу ханга баш ийип калган. Сун династиясынын учурунда 1005–1013-жылдары түзүлгөн «Байыркылардын акыл казынасы» (Цэфу Юаньгуй) деген эмгекте Борбордук Азияны байыртадан бери мекендеп келген түрк, сяньби, кидан, теле ж.б. сыяктуу уруулары менен бирге «байыркы Гяньгунь мамлекетин» кээ бири «азыр Хэгус» деп атап калышканы белгиленет. 1060-жылдары жазылган «Тан династиясынын жаңы тарыхы» (Синь Тан шу) мурунку династиялардан (Ши цзы, Цянь Хань Шу ж.б.) калган тарыхый, географиялык маалыматтардын оңдолуп, түзөтүлгөн жалпылама жыйынтыгы болуп саналат. Император Жэнь-цзундун (1023–1064) тапшырмасы менен атайын комиссия тарабынан түзүлгөн бул жыйнакка мурунку тексттердин ичине жаңы сүйлөмдөр киргизилип, анда алгач кыргыз этнониминин жаңы формасы «хагас» (хакяньсы, хягас) термини колдонула баштаган. Ал эмгекте байыркы кыргыздардын ээлиги качандыр гунндардын батыш чеги болгону, айрымдар бул «мамлекетти Гюйву же Гйегу» деп атап, «Хаминин батышы, Харашардын түндүгү, Ак-Тоонун (Байшань)» жанында жайгашканы, «ажосу Кара-Тоого (Циншань) жакын» жерде туруп, ал жоон мамылар менен тосулганы, «үйү Мидичжы» деп аталып, өлкө жашоочулары динлиндерге кошулуп кеткени айтылат. Айрым синолог-лингвисттер (А. Г. Малявкин) «Байшанды» азыркы Тарим дарыясынын түндүгүндөгү тоолор деп түшүндүрөт. Кыргыз күчтүү мамлекет болуп, ээлиги «чыгышта гулиган (kuət lji kân), түштүгү Тибет, түштүк-батышынан гэлолуга (kâ lâ luk)» чейин созулуп, «ханы турган жерден уйгурлардын (хойху) ордосуна чейин кербендер үчүн кырк күнчүлүк» жол болгон. Булардан тышкары мамлекет башчылары, каада-салт, диний ырым-жырым, Кытай менен саясий мамилеси ж. б. тууралуу тарыхый-географиялык, этнографиялык маалыматтар кезигет. Байыркы кыргыздар жана азыркы Кыргызстандын аймагы, ошондой эле ага чектеш жерлерди камтыган айрым маанилүү тарыхый-географиялык кабарлар IX–X кылымдардагы араб-перс авторлорунун (Ибн ал-Факих, ал-Йакуби, Кудама Ибн Жафар, ал-Истахри, Ибн Хаукал, ал-Мукаддаси, Абу Дулаф, ал-Марвази ал-Идриси, Гардизи ж.б.) эмгектеринде жолугат. Алардын негиздүүлөрүнүн бири 920-жылдары жазылган Абу Зайд Балхинин географиялык эмгегине негизделген Истахринин «Китаб масалик ал-мамалик» деген китеби болуп саналат. Анда хырхыздар жана тогузгуздар коңшулаш эл болгону, Мавераннахрдын чыгышы, Тибет (ат-Туббат) кимак, океан жана халаждардын орто ченин мекендешкени, ошондой эле алар кимак, гузз (огуз), хазлаждар сыяктуу түрк тилинде сүйлөшүп, Итил (Аму) дарыясы хырхыздардын чек арасынан агып чыгары айтылат. Болжол менен 982–83-жылдары жазылган автору белгисиз Худуд ал-алам деп аталган эмгек дагы байыркы кыргыз элине тиешелүү эң алгачкы жана маанилүү тарыхый булактардын бири катары саналат. Ал жерде ал-Истахри жана Ибн Хордадбехтин эмгектери пайдаланылган жана эмгектин бир бөлүмү толук кыргыздарга арналып («Кыргыз өлкөсү тууралуу сөз» – § 14), IX–XII кылымдарда жазылган араб-перс булактарынын ичинен эң алгачкы жолу азыркы жашаган аймактарды мекендеп турганы эскерилет. Ал-Марвази (1056–1120) боюнча түрктөр көптөгөн уруу, урук, ж.б. бөлүнүп, кээси шаар-кыштак, кээси талаа менен чөлдө жашап, Мавераннахрдын (Аму-Дарыянын оң жээги), Хуварезмдин (Хорезм) маңдайында турган абдан көп эл болгон. Кийин ислам динин кабыл алгандар «түркмөн» аталып, алар менен ислам динин кабыл албагандардын араларында ачык душмандашуу башталган. Чыгыш менен түндүктүн ортосунда жашаган көп сандуу эл – «хиргиздер» да түрк болгон. XI кылымда өмүр сүргөн М. Кашгаринин  сөздүгү да байыркы кыргыздарга тиешелүү өтө маанилүү булактардын бири болуп саналат. Андан «Байыркы Тан тарыхында» айтылган негизги маалыматтарга кыйыр түрдөгү кошумча-толуктоолорду табууга болот. Сөздүгүндө автор бутпарас же мусулман экенине карабай, батышы Румдан (Византия) баштап, ар бир түрк уруусун ирети менен «Машрикке» (Чыгыш) чейин санап өтөт. Алгачкысы «бажанак», андан кийин «кифжак, угуз, йамак, башгирт, йасмил, кай, йабаку, татар, киркиз» болуп, акыркылар «Синге жакын турганын» жана аталган уруулардан кийин чыгышка карай «жикил, тухси, йагма, уграк, жарук, жумул, уйгур, тангут, хитай (син), андан кийин тавгажды (масин)» жайгаштырган. Ошондой эле сөздүктө «тухси, йагма уруулары жана жикилдин бир бөлүгү Иле дарыясынын жээгинде» турганы белгиленген. Ал эми 1208–1209-жылдары жазылган Мухаммад ибн Нажиб Бехрандын «Аалам тууралуу китебинде» (Жахан-наме) «Атил» («Жейхун», азыркы Аму-Дарыя) дарыясы «хырхыздарга» жакын жерлерден башталып, Каспий (Абескун) көлүнө куя турганы көрсөтүлгөн. Байыркы кыргыздар тууралуу маалыматтар элдик оозеки адабиятта (фольклор, жомок, санжыра ж.б.) да кеңири сакталып калган. Анда негизинен кыргыз элинин түпкү теги, келип чыгышы, таралышы менен бирге айрым орчундуу тарыхый окуяларды камтыган даректүү фактылар кезигет. Мындай санжыра-жомокторду Абу-л-Гази Бахадур хан, Рашид ад-Дин, Хондемир ж.б. сыяктуу белгилүү авторлор өз мезгилинде кеңири пайдаланышкан. Байыркы кыргыздар баштан кечирген бир нече тарыхый доор, коңшулаш жашаган башка эл менен түзгөн саясий мамилеси, Борбордук Азиянын кеңири аймактарына тиешелүү көптөгөн географиялык аталыштар камтылган, ошондой эле лингвистикалык маселелерге байланышкан маалыматтарды азыркыга чейин сакталып келген чоң жана кичи эпостордон да жолуктурууга болот. «Кыргыз» деген аттын чыгышын, анын этимологиясын, оң-солго бөлүнүшүн, майда урууларга таралышын илимий негизде изилдөөгө алган А. Аристов, С. Абрамзон, В. Бартольд, А. Бернштам, Ө. Караев, В. Радлов ж. б. сыяктуу белгилүү окумуштуулар байыркы кыргыз элинин тарыхына тиешелүү дал ушундай жалпы жазма жана оозеки адабияттарды кеңири пайдаланышкан.

Ад.: Караев О. Арабские и персидские источники IX–XII вв. о киргизах и Киргизии. Фр., 1968; Hudud al-Alam. The Regions of the World. A Persian Geography 372 A H. – 982 A. D./Tr. and expl. by V. Minorsky; Худяков Ю. Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; Бартольд В. В. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1997; Бичурин (Иакинф) Н. Я. Байыркы мезгилде Орто Азияда жашаган элдер жөнүндө маалыматтар жыйнагы. /Кырг. котормо, Б., 2016.