БАЙЛАМТА (тил илиминде): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАЙЛАМТА 2 '''т и л и л и м и н д е - сөздөрдү, сөз айкаштарын, татаал сүйлөмдүн курамында­гы бөлүктөрдү (жөнөкөй сүйлөмдөрдү) өзара ту­тумдаштырып, алардын маанилик катышын ж-а синтаксистик байланышын билдирген кыз­матчы сөздөр. Байланыштыруу функциясы Б-нын негизги милдети болуп саналат. Морфол. түзүлүшү б-ча Б. жөнөкөй ж-а татаал болуп бөлүнөт. Бир сөздөн турган Б. жөнөкөй деп аталып, алар тубаса (да, жана, менен, же ж. б.) ж-а туунду (себеб+и, анткен+и, ошон+дук+тан ж. б.) түрдө болот. Эки же андан ашык сөздөрдүн тизмегинен турган Б. татаал болуп эсептелет (анткени м-н, ошол себептен, ошону м-н бирге, антсе да ж. б.). Бөлүктөрдү байланыштыруу өзгөчөлүктөрүнө карай Б. бир орун­дуу (себеби, ошондуктан, ошондон улам ж. б.) ж-а көп орундуу же кайталануучу (же^же, не- ...не, ары...ары ж. б.) болуп бөлүнөт. Байланыш­тыруунун мүнөзүнө карай Б. багынычсыз (коор­динативдик) ж-а багыныңкы (субординативдик) болот. Багынычсыз Б. бөлүктөрдүн (сөздөр, сүй­лөмдөр) маанилик өзалдынчалыгын, бири-бирине көзкаранды эместигин көрсөтсө (жана, менен, ары, бирок ж. б.), багыныңкы байлам­талар бири экинчисине маанилик жактан көзкаранды болгон синтаксистик бирдиктерди ту­тумдаштырат (себеби, андыктан, ошондон улам ж. б.). Б. маанисине карай төмөнкүдөй топторго бөлүнөт: 1) байланыштыргыч (копулятивдик) - жана, менен, ары, нары, да; 2) ажыраткыч (дизъюнктивдик) - же, же болбосо, болбосо, мейли; 3) каршылагыч (адверсативдик) - бирок, антсе да, анткени менен, а, андай болсо да; 4) себеп - анткени, себеби, эмне десең; 5) натый­жалагыч - ошондуктан, андыктан, ошон үчүн; 6) шарттуу - эгер, эгерде. [[Category: 2-том, 1-69 бб]]  
'''БАЙЛАМТА '''т и л и л и м и н д е - сөздөрдү, сөз айкаштарын, татаал сүйлөмдүн курамында­гы бөлүктөрдү (жөнөкөй сүйлөмдөрдү) өз ара ту­тумдаштырып, алардын маанилик катышын жана синтаксистик байланышын билдирген кыз­матчы сөздөр. Байланыштыруу функциясы Байламтанын негизги милдети болуп саналат. Морфологиялык түзүлүшү боюнча Байламта жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнөт. Бир сөздөн турган Байламта жөнөкөй деп аталып, алар тубаса (да, жана, менен, же ж. б.) жана туунду (себеб+и, анткен+и, ошон+дук+тан ж. б.) түрдө болот. Эки же андан ашык сөздөрдүн тизмегинен турган Байламта татаал болуп эсептелет (анткени м-н, ошол себептен, ошону м-н бирге, антсе да ж. б.). Бөлүктөрдү байланыштыруу өзгөчөлүктөрүнө карай Байламта бир орун­дуу (себеби, ошондуктан, ошондон улам ж. б.) жана көп орундуу же кайталануучу (же...же, не...не, ары...ары ж. б.) болуп бөлүнөт. Байланыш­тыруунун мүнөзүнө карай Байламта багынычсыз (коор­динативдик) ж-а багыныңкы (субординативдик) болот. Багынычсыз Байламта бөлүктөрдүн (сөздөр, сүй­лөмдөр) маанилик өз алдынчалыгын, бири-бирине көз каранды эместигин көрсөтсө (жана, менен, ары, бирок ж. б.), багыныңкы байлам­талар бири экинчисине маанилик жактан көз  каранды болгон синтаксистик бирдиктерди ту­тумдаштырат (себеби, андыктан, ошондон улам ж. б.). Байламта маанисине карай төмөнкүдөй топторго бөлүнөт: 1) Байланыштыргыч (копулятивдик) - жана, менен, ары, нары, да; 2) Ажыраткыч (дизъюнктивдик) - же, же болбосо, болбосо, мейли; 3) Каршылагыч (адверсативдик) - бирок, антсе да, анткени менен, а, андай болсо да; 4) Себеп - анткени, себеби, эмне десең; 5) Натый­жалагыч - ошондуктан, андыктан, ошон үчүн; 6) шарттуу - эгер, эгерде.  
 
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]

04:16, 12 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы

БАЙЛАМТА т и л и л и м и н д е - сөздөрдү, сөз айкаштарын, татаал сүйлөмдүн курамында­гы бөлүктөрдү (жөнөкөй сүйлөмдөрдү) өз ара ту­тумдаштырып, алардын маанилик катышын жана синтаксистик байланышын билдирген кыз­матчы сөздөр. Байланыштыруу функциясы Байламтанын негизги милдети болуп саналат. Морфологиялык түзүлүшү боюнча Байламта жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнөт. Бир сөздөн турган Байламта жөнөкөй деп аталып, алар тубаса (да, жана, менен, же ж. б.) жана туунду (себеб+и, анткен+и, ошон+дук+тан ж. б.) түрдө болот. Эки же андан ашык сөздөрдүн тизмегинен турган Байламта татаал болуп эсептелет (анткени м-н, ошол себептен, ошону м-н бирге, антсе да ж. б.). Бөлүктөрдү байланыштыруу өзгөчөлүктөрүнө карай Байламта бир орун­дуу (себеби, ошондуктан, ошондон улам ж. б.) жана көп орундуу же кайталануучу (же...же, не...не, ары...ары ж. б.) болуп бөлүнөт. Байланыш­тыруунун мүнөзүнө карай Байламта багынычсыз (коор­динативдик) ж-а багыныңкы (субординативдик) болот. Багынычсыз Байламта бөлүктөрдүн (сөздөр, сүй­лөмдөр) маанилик өз алдынчалыгын, бири-бирине көз каранды эместигин көрсөтсө (жана, менен, ары, бирок ж. б.), багыныңкы байлам­талар бири экинчисине маанилик жактан көз каранды болгон синтаксистик бирдиктерди ту­тумдаштырат (себеби, андыктан, ошондон улам ж. б.). Байламта маанисине карай төмөнкүдөй топторго бөлүнөт: 1) Байланыштыргыч (копулятивдик) - жана, менен, ары, нары, да; 2) Ажыраткыч (дизъюнктивдик) - же, же болбосо, болбосо, мейли; 3) Каршылагыч (адверсативдик) - бирок, антсе да, анткени менен, а, андай болсо да; 4) Себеп - анткени, себеби, эмне десең; 5) Натый­жалагыч - ошондуктан, андыктан, ошон үчүн; 6) шарттуу - эгер, эгерде.