БИХЕВИОРИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
''' БИХЕВИОРИ&#769;ЗМ''' (англ. behaviour – жүрүм-т<font color='green'>у</font>рум) – азыркы психологияда кеӊири тараган агым. Ал 19–20-к-дын ортосунда айбанаттардын психикасын эксперименттик изилдөөдөн улам пайда болгон. Анын жалпы методол. өбөлгөсү – позитивизмдин ж-а прагматизмдин философи<font color='green'>я</font>сынын принциптери. Бул принциптер б-ча илим түздөн-түз баамга урунган нерсени гана сыпа<font color='green'>т</font>тоого тийиш, ал эми түздөн-түз кабыл алынб<font color='green'>а</font>ган маалыматтар м-н ички механизмдерди та<font color='green'>л</font>доодон алгылыктуу тыянак чыгара албайт; ошон үчүн психол. аӊ-сезимди эмес, жүрүм-т<font color='green'>у</font>румду изилдеш керек. Бихевиористтер аӊ-сезим деп субъективдүү маалыматтардын жыйынд<font color='green'>ы</font>сын айтат. Аӊ-сезим тышкы дүйнөнү чагылд<font color='green'>ы</font>ра турган мээнин кызматы экенин алар танып, психиканын материалдык субстратын текшере турган мээнин физиологиясына каршы чыгат. Окууга амер. илимпоз Э. Торндайк негиз са<font color='green'>л</font>ган, анын программасын түзгөн ж-а аны те<font color='green'>р</font>мин катары киргизген Ж. Уотсон болгон. Б-дин ил. калыптанышы үчүн В. М. Бехтерев м-н И. П. Павловдун эмгектери чоӊ роль ойногон. 20-к-да машина м-н которуу, программалап ок<font color='green'>у</font>туу ж-дөгү изилдөөлөрдө өнүктүрүлдү. [[Category: 2-том, бүтө элек]]
''' БИХЕВИОРИ&#769;ЗМ''' (англ. behaviour – жүрүм-т<font color='green'>у</font>рум) – азыркы психологияда кеӊири тараган агым. Ал 19–20-кылымдардын ортосунда айбанаттардын психикасын эксперименттик изилдөөдөн улам пайда болгон. Анын жалпы методологиялык өбөлгөсү – позитивизмдин ж-а прагматизмдин философи<font color='green'>я</font>сынын принциптери. Бул принциптер боюнча илим түздөн-түз баамга урунган нерсени гана сыпа<font color='green'>т</font>тоого тийиш, ал эми түздөн-түз кабыл алынб<font color='green'>а</font>ган маалыматтар м-н ички механизмдерди та<font color='green'>л</font>доодон алгылыктуу тыянак чыгара албайт; ошон үчүн психологиялык аӊ-сезимди эмес, жүрүм-т<font color='green'>у</font>румду изилдеш керек. Бихевиористтер аӊ-сезим деп субъективдүү маалыматтардын жыйынд<font color='green'>ы</font>сын айтат. Аӊ-сезим тышкы дүйнөнү чагылд<font color='green'>ы</font>ра турган мээнин кызматы экенин алар танып, психиканын материалдык субстратын текшере турган мээнин физиологиясына каршы чыгат. Окууга америкалык илимпоз Э. Торндайк негиз са<font color='green'>л</font>ган, анын программасын түзгөн ж-а аны те<font color='green'>р</font>мин катары киргизген Ж. Уотсон болгон. Бихевиоризмдин илимий калыптанышы үчүн В. М. Бехтерев м-н И. П. Павловдун эмгектери чоӊ роль ойногон. 20-кылымда машина м-н которуу, программалап ок<font color='green'>у</font>туу жөнүндөгү изилдөөлөрдө өнүктүрүлдү. [[Category: 2-том, бүтө элек]]
 

04:56, 12 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы

БИХЕВИОРИ́ЗМ (англ. behaviour – жүрүм-турум) – азыркы психологияда кеӊири тараган агым. Ал 19–20-кылымдардын ортосунда айбанаттардын психикасын эксперименттик изилдөөдөн улам пайда болгон. Анын жалпы методологиялык өбөлгөсү – позитивизмдин ж-а прагматизмдин философиясынын принциптери. Бул принциптер боюнча илим түздөн-түз баамга урунган нерсени гана сыпаттоого тийиш, ал эми түздөн-түз кабыл алынбаган маалыматтар м-н ички механизмдерди талдоодон алгылыктуу тыянак чыгара албайт; ошон үчүн психологиялык аӊ-сезимди эмес, жүрүм-турумду изилдеш керек. Бихевиористтер аӊ-сезим деп субъективдүү маалыматтардын жыйындысын айтат. Аӊ-сезим тышкы дүйнөнү чагылдыра турган мээнин кызматы экенин алар танып, психиканын материалдык субстратын текшере турган мээнин физиологиясына каршы чыгат. Окууга америкалык илимпоз Э. Торндайк негиз салган, анын программасын түзгөн ж-а аны термин катары киргизген Ж. Уотсон болгон. Бихевиоризмдин илимий калыптанышы үчүн В. М. Бехтерев м-н И. П. Павловдун эмгектери чоӊ роль ойногон. 20-кылымда машина м-н которуу, программалап окутуу жөнүндөгү изилдөөлөрдө өнүктүрүлдү.