БЕШ БАРМАК: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''БЕШ БАРМАК''' – кыргыздын улуттук негизги сый тамагы. Ал казак, мурдагы көчмөн өзбек­терде да болгон. Бышкан эттин табы кайткан­да тууралып, эттин тундурулган сорпосуна кес­ме салып бышырып, аны сүзүп алып, туурал­ган этке кошот. Үстүнө майлуу, коруштуу ысык чык куюлуп, текши аралаштырылат. Бешбармак – мур­да «туураган эт», ''«нарын»'' деп аталган тамак­тын жаңыча аталышы. Болжолу өткөн кылымдын 20–30-жылдарынан «бешбармак» деп ата­лып кеткен. | ||
[[File:БЕШБАРМАК96.png | thumb | none]] | [[File:БЕШБАРМАК96.png | thumb | none]] | ||
Койдун этинен даярдалган Бешбармактын үстүнө керте тууралган куйрук-боор салынып тартылса «алашак Бешбармак», төөнүн этинен даяр­далып, үстүнө жилигинин чучугун («''ак челек''») кошсо «ак дөбө Бешбармак», даярдалган Бешбармактын үстүнө чучук коюлса «селделүү Бешбармак», сүр эттен жасалга­ны «сүр Бешбармак» деп аталат. Учурдун технологиясы боюнча даярдалган «Нарын», «Талас», «Көл», «Чүй», «Чаткал» жана башка түрлөрү калк арасында кеңири жайылууда. | Койдун этинен даярдалган Бешбармактын үстүнө керте тууралган куйрук-боор салынып тартылса «алашак Бешбармак», төөнүн этинен даяр­далып, үстүнө жилигинин чучугун («''ак челек''») кошсо «ак дөбө Бешбармак», даярдалган Бешбармактын үстүнө чучук коюлса «селделүү Бешбармак», сүр эттен жасалга­ны «сүр Бешбармак» деп аталат. Учурдун технологиясы боюнча даярдалган «Нарын», «Талас», «Көл», «Чүй», «Чаткал» жана башка түрлөрү калк арасында кеңири жайылууда. |
07:56, 12 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БЕШ БАРМАК – кыргыздын улуттук негизги сый тамагы. Ал казак, мурдагы көчмөн өзбектерде да болгон. Бышкан эттин табы кайтканда тууралып, эттин тундурулган сорпосуна кесме салып бышырып, аны сүзүп алып, тууралган этке кошот. Үстүнө майлуу, коруштуу ысык чык куюлуп, текши аралаштырылат. Бешбармак – мурда «туураган эт», «нарын» деп аталган тамактын жаңыча аталышы. Болжолу өткөн кылымдын 20–30-жылдарынан «бешбармак» деп аталып кеткен.

Койдун этинен даярдалган Бешбармактын үстүнө керте тууралган куйрук-боор салынып тартылса «алашак Бешбармак», төөнүн этинен даярдалып, үстүнө жилигинин чучугун («ак челек») кошсо «ак дөбө Бешбармак», даярдалган Бешбармактын үстүнө чучук коюлса «селделүү Бешбармак», сүр эттен жасалганы «сүр Бешбармак» деп аталат. Учурдун технологиясы боюнча даярдалган «Нарын», «Талас», «Көл», «Чүй», «Чаткал» жана башка түрлөрү калк арасында кеңири жайылууда.