БАЛАНЫН ТОНУ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛАНЫН ТОНУ ''', п л а ц е н т а - түйүлдүктүн өрчүү мезгилинде эне м-н бала организминин ор­тосундагы байланышты ж-а зат алмашууну кам­ | '''БАЛАНЫН ТОНУ ''', п л а ц е н т а - түйүлдүктүн өрчүү мезгилинде эне м-н бала организминин ор­тосундагы байланышты ж-а зат алмашууну кам­сыз кылуучу орган. Ал түйүлдүктүн түктүү сырткы чели м-н жатын капталынын биригип өсүшүнөн пайда болот. Баланын тону жалпак келип, баланын ордунан, түйүлдүк челинен ж-а киндик боосунан турат. Баланын тону аркылуу киндик боосу м-н энеден түйүлдүккө азык заттар ж-а кычкыл­тек келет. Ошодой эле андан зат алмашуу продукту­лары чыгарылып, витаминдер, ферменттер, гор­мондор ж-а медиаторлор синтезделип, эне организминин кош бойлуулукка көнүшүнө түрткү берет. Эне организминен келүүчү тескери таасир­ди өткөрбөй, физиологиялык тосмо кызматын аткарат. Калыптанышы 3-4 айында токтолуп, бала төрелөргө жакын жатындан бөлүнүп, баладан кийин түшөт. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
03:58, 13 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БАЛАНЫН ТОНУ , п л а ц е н т а - түйүлдүктүн өрчүү мезгилинде эне м-н бала организминин ортосундагы байланышты ж-а зат алмашууну камсыз кылуучу орган. Ал түйүлдүктүн түктүү сырткы чели м-н жатын капталынын биригип өсүшүнөн пайда болот. Баланын тону жалпак келип, баланын ордунан, түйүлдүк челинен ж-а киндик боосунан турат. Баланын тону аркылуу киндик боосу м-н энеден түйүлдүккө азык заттар ж-а кычкылтек келет. Ошодой эле андан зат алмашуу продуктулары чыгарылып, витаминдер, ферменттер, гормондор ж-а медиаторлор синтезделип, эне организминин кош бойлуулукка көнүшүнө түрткү берет. Эне организминен келүүчү тескери таасирди өткөрбөй, физиологиялык тосмо кызматын аткарат. Калыптанышы 3-4 айында токтолуп, бала төрелөргө жакын жатындан бөлүнүп, баладан кийин түшөт.