БЕШ-КҮНГӨЙ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page БЕШКҮНГӨЙ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ to БЕШ-КҮНГӨЙ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ) |
(Айырма жок)
|
08:54, 18 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БЕШ-КҮНГӨЙ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Чүй облусунун Аламүдүн районунда, Бишкек шаарынан 15 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 1181–1485 м бийиктикте. 1987-жылы Түндүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Кен аймагы жогорку плиоцен-төмөнкү төртүнчүлүк ж-а антропоген мезгилинде пайда болгон борпоң чөгүндү катмарлардан түзүлгөн. Кум-шагыл калың катмарынын туурасы 250– 1200 м болуп, түндүк-чыгыш тарапка 1800 мге созулуп жатат. Кум-шагыл кошулмасынын калыңдыгы 2 мден 174 мге чейин өзгөрөт. Кум-шагылдын 20–500 ммге чейинкиси 19%, 0–5 мм – 26%. Кум-шагыл курулуш ишине, жол курулушуна ж-а бетонго кошууга жарамдуу. Запасы В категориясы б-ча – 43025 миң м3, С – 65751 миң м3.