БОРООНЧУЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БОРООНЧУЛАР ''' (Procellariiformes) – деӊиз канаттууларынын тукуму. Дене уз. 15–105 ''см'', ак чардакка окшош, үстүӊкү тумшугунун учу төмөн карай ийилген, буту жаргакчалуу, жүнү жыш, тыгыз, канаттары субагай, узун. Б. топтошуп аска-жарга уялашат. Алар – океандын, деӊиздин үстүндө талыкпай жакшы учуучу, сууда жакшы сүзүүчү, катуу бороон болорун алдын ала сезүүчү канаттуулар. Б. бирден жумуртка тууйт, 60 күнчө эркек-ургаачысы кезектешип басып, балапан чыгарат. Алар 4 айынан өзүнчө жем таап жегенге жарайт. Б-дын 24 уруусу ж-а 94 түрү белгилүү. Көбүнчө түш. жарым шарда кеӊири таралган. КМШ өлкөлөрүндө 13 түрү жашайт. Майда балыктар, моллюскалар, рак сыяктуулар ж. б. суу жаныбарлары м-н азыктанат.
'''БОРООНЧУЛАР ''' (Procellariiformes) – деӊиз канаттууларынын тукуму. Дене узундугу 15–105 ''см'', ак чардакка окшош, үстүӊкү тумшугунун учу төмөн карай ийилген, буту жаргакчалуу, жүнү жыш, тыгыз, канаттары субагай, узун. Бороончулар топтошуп аска-жарга уялашат. Алар – океандын, деӊиздин үстүндө талыкпай жакшы учуучу, сууда жакшы сүзүүчү, катуу бороон болорун алдын ала сезүүчү канаттуулар. Бороончулар бирден жумуртка тууйт, 60 күнчө эркек-ургаачысы кезектешип басып, балапан чыгарат. Алар 4 айынан өзүнчө жем таап жегенге жарайт. Бороончулардын 24 уруусу жана 94 түрү белгилүү. Көбүнчө түштүк жарым шарда кеӊири таралган. КМШ өлкөлөрүндө 13 төй түрү жашайт. Майда балыктар, моллюскалар, рак сымалдар ж. б. суу жаныбарлары менен азыктанат.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

02:55, 20 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы

БОРООНЧУЛАР (Procellariiformes) – деӊиз канаттууларынын тукуму. Дене узундугу 15–105 см, ак чардакка окшош, үстүӊкү тумшугунун учу төмөн карай ийилген, буту жаргакчалуу, жүнү жыш, тыгыз, канаттары субагай, узун. Бороончулар топтошуп аска-жарга уялашат. Алар – океандын, деӊиздин үстүндө талыкпай жакшы учуучу, сууда жакшы сүзүүчү, катуу бороон болорун алдын ала сезүүчү канаттуулар. Бороончулар бирден жумуртка тууйт, 60 күнчө эркек-ургаачысы кезектешип басып, балапан чыгарат. Алар 4 айынан өзүнчө жем таап жегенге жарайт. Бороончулардын 24 уруусу жана 94 түрү белгилүү. Көбүнчө түштүк жарым шарда кеӊири таралган. КМШ өлкөлөрүндө 13 төй түрү жашайт. Майда балыктар, моллюскалар, рак сымалдар ж. б. суу жаныбарлары менен азыктанат.