ДЕКАДАНС: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕКАДА́НС''' ( | '''ДЕКАДА́НС''' (латынча decadentia – кедери кетүү) – XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башындагы адабият менен искусстводогу кризистик көрүнүштөрдүн жалпы ата­лышы. Термин 1830-жылдарда Францияда пай­да болгон. Декаданстын келип чыгышына буржуазиялык аӊ-сезимдин кризиске учурашы, көп сүрөтчүлөрдүн кескин социалдык карама-каршылыктар менен революциядан чоочуркашы, революциядан карандай ойрон­чул күчтү гана көрүшү себеп болгон. Декаданс­тар коомдук прогресс идеясын жана социалдык таптык күрөш түшүнүгүн четке кагып, саясий­ граждандык темалардан баш тарткан. Декаданстык адабиятка негизинен ындыны өчкөндүк, турмуш­тан качуу, индивидуализмди көркөмдөө, мак­тоо, өлүмдү даӊазалоо мүнөздүү. Декаданстык адабияттын мотивдери адегенде П. Верлен, А. Рембо (Фран­ция) сыяктуу символист акындардын поэзия­сында пайда болуп, Декаданс Г. Россети, Х. Хант (Анг­лия), Ж. Пасколи, А. Ориани (Италия), М. Ме­терлинк (Бельгия), Р. М. Рильке (Австрия), Н. Минский, Д. Мережковский, З. Гиппиус (Рос­сия) тарабынан өрчүтүлгөн. Россияда Декаданс 1905– 1907-жылдагы революция жеӊилгенден кийин күчөгөн. Орус адабияты менен искусствосунда реалист жазуучу­лар (Л. Н. Толстой, В. Г. Короленко, М. Горький), алдыӊкы көз караштагы адабиятчылар менен сынчы­лар (В. В. Стасов, В. В. Воровский, Г. В. Пле­ханов) Декаданска каршы күрөшкөн. Декаданс адабиятта симво­лизм, көркөм сүрөт өнөрүндө абстракционизм, сюрреализм, музыкада конкреттүү музыка, до­декафония, архитектурада модерн, брутализм сыяк­туу формада көрүнөт. [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
06:54, 20 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
ДЕКАДА́НС (латынча decadentia – кедери кетүү) – XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башындагы адабият менен искусстводогу кризистик көрүнүштөрдүн жалпы аталышы. Термин 1830-жылдарда Францияда пайда болгон. Декаданстын келип чыгышына буржуазиялык аӊ-сезимдин кризиске учурашы, көп сүрөтчүлөрдүн кескин социалдык карама-каршылыктар менен революциядан чоочуркашы, революциядан карандай ойрончул күчтү гана көрүшү себеп болгон. Декаданстар коомдук прогресс идеясын жана социалдык таптык күрөш түшүнүгүн четке кагып, саясий граждандык темалардан баш тарткан. Декаданстык адабиятка негизинен ындыны өчкөндүк, турмуштан качуу, индивидуализмди көркөмдөө, мактоо, өлүмдү даӊазалоо мүнөздүү. Декаданстык адабияттын мотивдери адегенде П. Верлен, А. Рембо (Франция) сыяктуу символист акындардын поэзиясында пайда болуп, Декаданс Г. Россети, Х. Хант (Англия), Ж. Пасколи, А. Ориани (Италия), М. Метерлинк (Бельгия), Р. М. Рильке (Австрия), Н. Минский, Д. Мережковский, З. Гиппиус (Россия) тарабынан өрчүтүлгөн. Россияда Декаданс 1905– 1907-жылдагы революция жеӊилгенден кийин күчөгөн. Орус адабияты менен искусствосунда реалист жазуучулар (Л. Н. Толстой, В. Г. Короленко, М. Горький), алдыӊкы көз караштагы адабиятчылар менен сынчылар (В. В. Стасов, В. В. Воровский, Г. В. Плеханов) Декаданска каршы күрөшкөн. Декаданс адабиятта символизм, көркөм сүрөт өнөрүндө абстракционизм, сюрреализм, музыкада конкреттүү музыка, додекафония, архитектурада модерн, брутализм сыяктуу формада көрүнөт.