ДАЛЬВЕРЗИН: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДАЛЬВЕРЗИ́Н''' тарыхый | '''ДАЛЬВЕРЗИ́Н''' тарыхый археологиялык эстелиги – Фер­гана өрөөнүндө отурукташып, дыйканчылык м-н кесиптенген элдердин маданий ири борбору. Кара-Дарыя суусунун сол жээгиндеги Дальвер­зин кыштагына жакын жерде жайгашкан. 1952-жылы археолог Ю. А. ''Заднепровский'' ачып, 1956– 60-жылдарда казган. Жалпы аянты 25 ''га''. Аны курча­ган чептин дубалынын калыӊдыгы 4–6 ''м'', би­йиктиги 2,5 ''м''. Борбордук бөлүгүндөгү археологиялык маданий катмардын калыӊдыгы 2,4–3 ''м''. Кыштан курул­ган үйлөрдүн, очоктордун орду ж-а чарбалык маа­нидеги ороолор кездешет. Дальвер­зинден карапа идиш­тер, металл иштетүүчү устакана, металл кал­дыктары, курал жасоочу 8 калып, найзанын уӊгусу, шибеге, ийне, асем буюмдар ж. б. табыл­ган. Көбү – жаргылчак. Дальвер­зин деги колодон, жезден жасалган буюмдардын молдугуна караганда, бул жерде металл өндүрүү жогорку деӊгээлде өнүк­көн. Археологиялык эстеликтин жогорку, ортоӊку ж-а төмөнкү катмарларынан адамдын сөөктөрү көп кездешкен. Көмүлгөн 50 адамдын баш сөөгү изилденип, алардын 32синин антропологиялык түзүлүшү европеоид расасына таандык экендиги аныктал­ган. Көмүлгөн адамдар байыркы салт боюнча бү­рүшкөн абалда бир капталына же чалкасынан жаткырылып коюлган. Дальвер­зин тарыхый археологиялык эс­телиги – б. з. ч. 3-миӊ жылдыкка таандык ма­даният. | ||
''К. Табалдиев.'' | |||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
07:41, 20 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
ДАЛЬВЕРЗИ́Н тарыхый археологиялык эстелиги – Фергана өрөөнүндө отурукташып, дыйканчылык м-н кесиптенген элдердин маданий ири борбору. Кара-Дарыя суусунун сол жээгиндеги Дальверзин кыштагына жакын жерде жайгашкан. 1952-жылы археолог Ю. А. Заднепровский ачып, 1956– 60-жылдарда казган. Жалпы аянты 25 га. Аны курчаган чептин дубалынын калыӊдыгы 4–6 м, бийиктиги 2,5 м. Борбордук бөлүгүндөгү археологиялык маданий катмардын калыӊдыгы 2,4–3 м. Кыштан курулган үйлөрдүн, очоктордун орду ж-а чарбалык маанидеги ороолор кездешет. Дальверзинден карапа идиштер, металл иштетүүчү устакана, металл калдыктары, курал жасоочу 8 калып, найзанын уӊгусу, шибеге, ийне, асем буюмдар ж. б. табылган. Көбү – жаргылчак. Дальверзин деги колодон, жезден жасалган буюмдардын молдугуна караганда, бул жерде металл өндүрүү жогорку деӊгээлде өнүккөн. Археологиялык эстеликтин жогорку, ортоӊку ж-а төмөнкү катмарларынан адамдын сөөктөрү көп кездешкен. Көмүлгөн 50 адамдын баш сөөгү изилденип, алардын 32синин антропологиялык түзүлүшү европеоид расасына таандык экендиги аныкталган. Көмүлгөн адамдар байыркы салт боюнча бүрүшкөн абалда бир капталына же чалкасынан жаткырылып коюлган. Дальверзин тарыхый археологиялык эстелиги – б. з. ч. 3-миӊ жылдыкка таандык маданият.
К. Табалдиев.