БАТЫШ ТҮРК КАГАНДЫГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАТЫШ ТҮРК КАГАНДЫГЫ ''' – ''Улуу Түрк кагандыгынын'' экиге бөлүнүшүнүн натыйжасында пайда болгон мамлекет (603–704). Түрк кагандыгы 582-жылдан бийлик үчүн узакка созулган ич ара карама-каршылыктардын натыйжасында жиктеле баштап, 603-ж. биротоло Батыш ж-а Чыгыш Түрк кагандыктарына бөлүнгөн. Б. Т. к-на мурдагы Түрк кагандыгынын курамындагы О. Азиянын ири бөлүгү, а. и. Жети-Суу, Теӊир-Тоо (азыркы Кырг-н, Казакстан), Фергана, о. эле Чыгыш Түркстан аймактары гана эмес, Алтай, Жунгария, Чыгыш Түркстандан Сыр-Дарыяга, түндүктө – Иртыштан Түштүк Урал–Итилге (Волга) чейинки аймактар да караган. Б. Т. к-нын бул чек арасы согуш аракеттеринин жыйынтыгына жараша өзгөрүлүп турган. Борбору Чүй өрөөнүндөгү Суйаб ш. (азыркы Токмок ш-на жакын Ак-Бешим шаар калдыгы) болгон. Мамлекеттин башында каган турган. Ал мамлекеттин ички ж-а тышкы иштерин башкарып, уруу башчыларын дайындаган. 603-ж. Б. Т. к. өз алдынча мамлекет болуп, расмий бөлүнгөндө анын тагында Тарду Бокенин небереси Тарман Чора каган отурган. Калкы дулу ж-а нушиби уруулук бирикмелеринен турган «он ок эли» («он ок будун») деп аталган. Кагандыктын курамына карлуктар, чигилдер, тухсилер ж. б. уруулар да кирген. Карапайым калк «кара будун», ал эми элдин эӊ төмөнкү, көз каранды тобу «тат» деп аталган. Б. Т. к. аркылуу ''Улуу Жибек жолунун'' өтүшү да мад-ттын жогорулашына чоӊ таасир берген. Өлкөдөгү Кулан, Невакет, Суяб, Тараз, Мерке, Испиджаб ш. соода, мад-ттын борбору катары атагы чыккан. Аймактагы элдердин арасында саясий ж-а экон. байланыштардын таралышына согдулук көпөстөрдүн таасири чоӊ. Жети-Сууда дыйканчылык, кол өнөрчүлүк, курулуш иштери өнүккөн. Тыйын жасап чыгарышкан. Андагы жазуулар согду тилинде жазылган. Б. Т. к-нын калкы ''Көкө теӊирге, Умай энеге, жер-сууга'' тайынышкан. Тарман Чора каган дулу ж-а нушиби уруу бирикмелеринин бийлик үчүн күрөшүн токтотуу үчүн өлкөнү үчкө бөлүп, эки кичи кагандын бири өлкөнүн чыгышын (ордосу Жылдыз өрөөнүндө), экинчиси анын батышын (ордосу Ташкент), өзү борб. бөлүгүн башкарган. Тарман Чорага эки кичи каган вассал катары баш ийишкен, бирок кагандыкта саясий абал начарлай баштаган. Жуӊгарияда жашаган теле уруулары көтөрүлүш чыгарып, кагандыктан бөлүнүп кетишкен. Алар кербендерди талап-тоноп, соода иштерине тоскоолдук кылышкан. Чыгыш Түркстан, О. Азиядагы шаарлар, ээликтер өз алдынча Кытай м-н байланыш түзө башташкан. Кагандыктын батыш бөлүгүнүн кичи каганы Жегуй Тарман Чора каганга каршы жортуулга чыгып, жеӊишке жетип, Б. Т. к-нын тактысын ээлеген. Жегуй кагандын тушунда (610–618-ж.) өлкөнүн саясий абалы бир топ оӊолуп, Согду ж-а Тарим өрөөндөрүндөгү бийлик ээлери кайрадан Б. Т. к-нын вассалына айланышкан. Бир гана Турпандын башкаруучусу Кытайга көз каранды бойдон кала берген. Жегуйдун иниси Тон жабгу-каган (618–630) өлкөдө өз бийлигин чыӊдоо үчүн адм.-акимдик реформа жүргүзгөн. 618-ж. жерг. башкаруучуларды кагандыктын аким, аткаминерлерине айландыруу үчүн аларга титулдарды берген. Жерг. акимдерди көзөмөлдөө үчүн өкмөттүн өкүлдөрү дайындалган. Буга чейин салыктарды жерг. акимдер чогултуп, анын жарым үлүшүн алып келсе, эми аларды кагандын өкүлдөрү чогулта баштаган. Кала берсе жерг. башкаруучуларды түрк төрөлөрү м-н алмаштырган. 619-ж. Жуӊгариядагы теле урууларын кайрадан Б. Т. к-на кошулууга аргасыз кылган. Мунун натыйжасында өлкөнүн чыгыш чек арасы Алтайга чейин созулган. Тон жабгу-каган батышта Иранга каршы ийгиликтүү жортуулдарды уюштурган. 616–617-ж. иран шахынын аскер башчысы Смбат Багратуни Тохарстанды басып киргенде каган эфталиттерге жардамга барган. Тохарстан ирандыктардан бошотулуп, анын башкаруучусу болуп Тон жабгунун уулу Тарду шад дайындалган. Мындан тышкары, батыш түрк аскерлери Афганистанды ж-а Индиянын түн.-батыш бөлүгүн Б. Т. к-нын курамына кошкон. Тон жабгу-каган 615-ж. Византиялык император Ираклий м-н Иранга каршы келишим түзгөн. 616-ж. түрк армиясы хазарлар м-н бирдикте Дербент ш-н, 618-ж. алар византиялык армия м-н бирге Тбилисти алышкан. Мындан кийин Тон жабгу-каган ордосуна кайтып келет. Жортуулду анын уулу Бури шад улантып, Агванды басып кирген. 630-ж. түрк армиясы Арменияга басып кирген, бирок түрк кагандыгындагы ич ара талаштардын келип чыгышына байланыштуу Кавказдан кайтып кетишкен. Ошол эле жылы Тон жабгунун аталаш агасы Күлүк Сыби багатур дулулардын колдоосу м-н каганды өлтүрүп, тактыга олтурган. 631-ж. ал нушиби ж-а дулу уруу жол башчыларынын бийлик үчүн күрөшүнүн жүрүшүндө өлтүрүлгөн. 630–634-ж. аралыгында Б. Т. к. Аму-Дарыянын түш. тарабындагы жеӊип алган жерлеринен ажырап калган. 834-ж. бийликке келген Ышбар Хилаш (Төлис шад) нушиби ж-а дулу төбөлдөрүнүн карама-каршылыгын токтотуу үчүн кагандыкты 10 аймакка бөлүп, бирден өкүлдөрүн дайындаган. Кагандыктын аймагы экиге бөлүнүп, Чүй суусунун чыгыш жагындагы дулу уруулары чжого, батыш тарабындагы нушибилер сыгинге баш ийдирилген. 639-ж. Хилаш каган дүйнөдөн кайткан соӊ бир нече кагандар алмашкан. Б. Т. к-нын эӊ акыркы көз каранды эмес каганы Бури шаддын уулу Нивар Ышбара жабгу (651–657) болгон. Анын тушунда Кытай м-н Б. Т. к-нын ортосунда узакка созулган согуш жүргөн. Кытай императору Тайцзундун аскерлери Беш-Балыкты ээлеп, Жуӊгарияга басып кирген. Нивар каган Талас суусунун жогорку агымындагы Миӊ-Булак өрөөнүнөн кытайларга каршы жортуулга аттанган. Ал Жуӊгариянын көпчүлүк аймактарын бошотуп, Беш-Балыктагы кытай аскерлерине кол салган. Ошондуктан, Тан императору Тайцзун 652-ж. 20 миӊ кытай, 50 миӊ огуз аскерлерин батыш түрктөргө каршы жөнөткөн. 655-ж. түрктөр кытай аскерлерин Иле өрөөнүндө токтоткон. 656-ж. кытайдын аскер башчысы Су Дин Фан Иле д-нын боюнда Нивар каганды жеӊген. Андан кийин Б. Т. к-нын аскерлери дагы эки жолу жеӊилип, Чүй суусуна чегинген. 657-ж. бул жердеги согушта Нивар каган катуу талкаланып, уулу м-н Чачка (Ташкент) качып барган. Бирок, Чачтын башкаруучусу аларды кытайларга кармап берген. Нивар Ышбара жабгу каган 659-ж. туткунда дүйнөдөн кайткан. Кытай мамлекети Б. Т. к-н аймактарга бөлүп, аларды башкарууга өз өкүлдөрүн койгон. Бирок, алар борбордон алыс тоо-талаалардагы көчмөндөрдү иш жүзүндө бириктирип башкара алган эмес. Б. Т. к. майда уруу бирикмелеринин ээликтерине айланган. Буга карабастан кагандык жоюлган эмес. Анын тактысын мурункудай эле ашина уруусунун өкүлдөрү ээлеп келген. Бирок, алардын колунда бийлик дээрлик жокко эсе болгон. Б. Т. к-нын жыйырма үчүнчү каганы 704-ж. Кулан ш-нда (урандылары азыркы Чүй боорундагы Луговая станциянын жанында) өлтүрүлүп, Жети-Суу ж-а Борб. Теӊир-Тоодо бийлик түргөш уруусунун төбөлдөрү негиздеген династияга өткөн. Б. Т. к. ''Түргөш кагандыгынын'' курамына кошулган.
'''БАТЫШ ТҮРК КАГАНДЫГЫ''' – Улуу Түрк кагандыгынын (кара: [[Ашина]]) экиге бөлүнүшүнүн натыйжасында пайда болгон ири империя (603–704). Түрк кагандыгы 582-жылдан бийлик үчүн узакка созулган ич ара карама-каршылыктардын натыйжасында жиктеле баштап, 603-жылы Батыш жана [[Чыгыш Түрк кагандыгы]]на бөлүнгөн. Батыш Түрк кагандыгына мурдагы Түрк кагандыгынын курамындагы [[Орто Азия]]нын ири бөлүгү, анын ичинен [[Жети-Суу]] (азыркы [[Кыргызстан]], [[Казакстан]]), Фергана, ошондой эле [[Чыгыш Түркстан]]дан тышкары, [[Алтай]], Жуңгария, Чыгыш Түркстандан [[Сыр-Дарыя]]га; түндүктө – [[Иртыш]]тан Түштүк Урал – Итилге ([[Волга]]) чейинки аймактар караган. Батыш Түрк кагандыгынын бул чек арасы согуш жүрүштөр жана анын жыйынтыктарына жараша өзгөрүлүп турган. [[Чүй өрөөнү]]ндөгү [[Суйаб]] шаары (азыркы [[Токмок шаары]]на жакын [[Ак-Бешим шаар калдыгы]]) көп убакыт бою анын борбору болгон. Мамлекеттин башында каган туруп, ал мамлекеттин ички жана тышкы иштерин башкарып, уруу башчыларын дайындаган. 603-жылы Батыш Түрк кагандыгы расмий түрдө өз алдынча мамлекет болуп бөлүнгөндө анын тагына Эл-тегин Буйурук (Нили-хан) отурган (603–604). Калкы [[дулу]] жана [[нушиби]] уруулук бирикмелеринен турган «он ок эли» («он ок будун») деп аталган. Кагандыктын курамына [[карлуктар]], [[чигилдер]], тухсилер ж. б. уруулар да кирген. Карапайым калк «кара будун», ал эми элдин эӊ төмөнкү, көз каранды тобу «тат» (М. [[Кашгари]] боюнча түрктөр бул сөздү мазактоо иретинде перстерге каршы колдонушкан) деп аталган. Батыш Түрк кагандыгы аркылуу ''У''[[луу Жибек жолунун]] өтүшү да маданияттын жогорулашына чоӊ таасир берген. Өлкөдөгү Кулан, Невакет, Суйаб, [[Тараз]], [[Мерке]], Испиджаб шаарлары соода, маданияттын борбору катары атагы чыккан. Аймактагы элдердин арасында саясий жана экономикалык байланыштардын таралышына согдулук көпөстөрдүн таасири катуу тийген. Дыйканчылык, кол өнөрчүлүк, курулуш иштери өнүккөн. Тыйын жасап чыгарышкан. Андагы жазуулар согду тилинде жазылган. Батыш Түрк кагандыгынын калкы [[Көкө теӊир]]ге'','' [[Умай эне]]ге'','' жер-сууга тайынышкан. Дулу уруусунан чыккан Таман (Ашина Таман) каган (604–612) дулу жана нушиби уруу бирикмелеринин бийлик үчүн күрөшүн токтотуу үчүн өлкөнү үчкө бөлүп, эки кичи кагандын бири өлкөнүн чыгышын (борбору Куча), экинчисине түндүктөгү Ши-гону ([[Ташкент]]) берип, өзү усундардын жеринде (азыркы [[Ысык-Көл]], Иле аймактары) туруп башкарган. Натыйжада бири-бирине атаңдашуу күчөп, өлкөнүн саясий абалы начарлап баштаган. 605-жылы Жуӊгариядагы жашаган теле уруулары көтөрүлүш чыгарып, аны басууга аттанган кагандын аскери талкаланган. Ушундай абалда Чыгыш Түркстан, Орто Азиядагы шаарлар, өз алдынча ээликтер акырындап  [[Кытай]] менен байланыш түзө башташкан. Алар Таман каганга каршы нушиби уруусунан чыккан Шегуйду тукуруп башташкан. 612-жылдагы салгылашууда Шегуй жеӊишке жетип, Таман Кытайга качып, ошол жакта көз жумган. Шегуй кагандын тушунда (610–618) өлкөнүн саясий абалы бир топ оӊолуп, [[Согду]] жана [[Тарим]] өрөөндөрүндөгү бийлик ээлери кайрадан Батыш Түрк кагандыгынын вассалына айланышкан. Шегуйдун иниси Тон жабгу-каган (618–630) өлкөдө өз бийлигин чыӊдоо үчүн административдик-акимдик реформа жүргүзгөн. 618-жылы жергиликтүү башкаруучуларды кагандыктын аким, атка минерлерине айландыруу үчүн аларга титулдарды берген. Жергиликтүү акимдерди көзөмөлдөө үчүн өкмөттүн өкүлдөрү дайындалган. Буга чейин салыктарды жергиликтүү акимдер чогултуп, анын жарым үлүшүн алып келсе, эми аларды кагандын өкүлдөрү чогулта баштаган. Кала берсе жергиликтүү башкаруучуларды түрк төрөлөрү менен алмаштырган. 619-жылы Жуӊгариядагы теле урууларын кайрадан Батыш Түрк кагандыгына бириктирген. Мунун натыйжасында өлкөнүн чыгыш чек арасы Алтайга чейин созулуп, бул учурда Батыш Түрк каганаты өтө кубаттуу өлкөгө айланган. Тон жабгу-каган батышта Сасаниддерге каршы ийгиликтүү жортуулдарды уюштуруп, 616–617-жылдары шахтынын аскери [[Тохарстан]]ды басып киргенде [[эфталит]]терге жардамга барган. Тохарстан бошотулуп, анын башкаруучусу болуп Тон жабгунун уулу Тарду шад дайындалган. Мындан тышкары, батыш түрк аскерлери [[Афганистан]]ды жана [[Индия]]нын түндүк-батыш бөлүгүн Батыш Түрк кагандыгынын курамына кошкон. Тон жабгу-каган 615-жылы [[Византия]]лык император Ираклий менен Иранга каршы келишим түзгөн. 616-жылы түрк армиясы [[хазар]]лар менен бирдикте Дербент шаарын, 618-жылы алар византиялык армия менен бирге [[Тбилис]]ти алышкан. Мындан кийин Тон жабгу каган ордосуна кайтып келет. Жортуулду анын уулу Бури шад улантып, азыркы Афганстанга кирген. 630-жылы түрк армиясы [[Армения]]ны басып алып, бирок түрк кагандыгындагы ич ара талаштардын келип чыгышына байланыштуу [[Кавказ]]дан кайтып кетишкен. Ошол эле жылы Тон жабгунун аталаш агасы Күлүк Сыби (Шибир) багадур дулулардын колдоосу менен каганды өлтүрүп, тактыга олтурган. ал [[нушиби]] жана [[дулу]] уруу жол башчыларынын бийлик үчүн күрөшүнүн жүрүшүндө 631-жылы өлтүрүлгөндөн кийин нушиби уруулары күч алып, алар Нишу Дулуну (Ашина Нишу, бийликтеги аты–Долу кэхань) хандыкка (633–634) шайлаган. Бул уруу ушундан баштап Батыш түрк кагандыгына үстөмдүк кылып калган. Алар Улуу Жибек жолунун маанилүү түйүнү болуп саналган Самарканд, Шаш (Ташкент), Куча, Карашаар ж. б. көзөмөлгө алууга жетишип, натыйжада дулу уруулар менен араздыктар күчөгөн. 634–638-жылы бийлик кылган Шаболо Хилиши хан (Л. Гумилев боюнча Ышбара Хилаш каган, Дулу хандын иниси) Батыш Түрк кагандыгындагы ич ара карама-каршылыкты жоюу үчүн административдик реформа жүргүзүп, саясий жактан маанилүү роль ойногон урууларды «он ок будунга» («он ок эли») бөлгөн, б. а. күчтүү уруунун бири экенин белгилеп аларга бирден жебе (ок) берген. Анын бир бөлүгүнө беш уруудан турган дулулар бирикмеси кирип, алар Чүй суусунун чыгышына, ал эми калган беш уруу нушиби батышына ээ болгон. Иби Дулу хан Юйгу Ше (түркчө Йукук Ирбис-Дулу хан, кыт. Ипидолу кэхань, өздүк аты Ашина Юйгу) хан (638–653) келгенден кийин аны менен дулулар койгон Ышбара-Толис-шад (өздүк аты Ашина Тунъэ, бийликтеги аты Шаболосилиши/Хилиши кэхань) хандын (634–639) ортосунда согуш жүрүп, эки тарап тең аябай көп чыгым тарткан. Акыры 638-жылы Иле дарыясынын боюнда экөө келишим түзүп, ал боюнча Батыш Түрк кагандыгы дагы экиге бөлүнгөн. Иле өзөнүнүн чыгышы Ышбара-Толис-шаддын кол алдында калып, [[Сыр-Дарыя]]дан Илеге чейинки жерлер толук Дулу-хандын карамагына өткөн. Ал өз ордосун кытай тилинде «Цзихэ» деп аталган тоонун батышына орноткон жана аны түндүктөгү ордо деп атаган. Муну менен кошо Дулу-ханга Бома, [[Кыргыз]] (Цзегу, Гйегу, Хягас) сыяктуу көптөгөн өлкөлөр баш ийип калган. Мындан кийин Дулу-хан Тухолону (Тохарстан) каратып, андан кийин Кангюй (Каңлы) жана Сяоми (Согду) өлкөлөрүн өзүнө баш ийдирген. Натыйжада Дулу-хандын ээлиги Кавказ тоолоруна чейин жеткен. Чыгышта болсо көп өтпөй Ышбара-Толис-шадга каршы нушибилер козголоң чыгарып, Иби Шаболо Шеху (Ирбис-Ышбара-жагбу хан) деген ат менен жаңы ханды такка отургузушкан. Ал өз ордосун Чүй (Суй-хэ) суусунун түндүгү, Иле дарыясынын чыгышына көчүрүп, аны «Түштүк ордо» деп атаган жана Дешт-и Кыпчактын чыгышынан Чыгыш Түркстандагы Хамиге чейинки жерлер анын карамагына өткөн. Бирок алар менен дулулардын чыр-чатагы уланып, натыйжада алардын ар бири [[Тан династиясы]]нан колдоо алууга умтулушкан. Мындай кырдаалды пайдаланган Тан императорлору эки тарапты гана эмес, Батыш Түрк кагандыгындагы уруу башчыларын бир-бирине тукурууга киришкен. Нушибиден чыккан Иби Шегуй хан (642–650) императордун кызына жуучу салып, аны менен туугандашууга аракет кылат, бирок ал кызынын калыңына Куча, Котон, Кашкардан баштап, Памир (Цун-лин) тоолоруна чейинки аймакты сураган. Шегуй хан ага көнгөн эмес, ошондуктан Истеми кагандын бешинчи муундагы тукуму Ашина Хелу (Шаболокэхань, Л. Гумилев боюнча Халлыг Ышбара-жагбу) хан (653–657) бытырай баштаган өлкөнүн бийлигин тартып алган. Ал кагандыктагы ички тартипти бекемдөө үчүн саясий реформа жүргүзүп, нушибилерди беш тукумга (кыт. «сыгинь», түркчө «тегин»), дулуларды беш «чжого» (Л. Гумилевдун пикиринде байыркы кыт. тилинде «хоу» болуп, «граф» деген титулду түшүндүргөн, түркчө «чур») бөлгөн. Ашина Хелу көп өтпөй Тан империясына каршы согуш баштап, бирок жеңилип калган. 656-жылы кытайлыктардын аскер башчысы Су Динфан Чүй суусунун жээгине чейин жетип, алгач нушибилерди багындырган. Андан кийин Батыш түрктөрдүн каганын колго түшүрүп, Талас суусуна чейин жеткен. Бирок кытайлыктар түрктөрдү номиналдуу гана башкарган, б. а. түрктөр өз алдынча саясат жүргүзүүнү уланта берген. 657–693-жылдары мурдагы Батыш Түрк каганатынын көп бөлүгүн Тан императору дайындаган Ашина тукумунун кагандары бийлеп турган. Ашина тукумунун бири VI кылымдын 30-жылдары Хазар каганатын, дагы бири VII  кылымдын 90-жылдары [[Түргөш]] каганатын негиздеген. Ушуну менен Батыш түрк кагандыгы өз жашоосун токтоткон.  
<br/>Ад.: ''Гумилёв Л. Н.,'' Древние тюрки. М., 1967; ''Кара уулу Өмүркул.'' Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994; ''Бичурин Н. Я.'' Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1–3, М.; Л. 1950–53. Ө''. Караев.''
 
Ад.: Бартольд В. В. Соч. Т. II. Ч. 1. М., 1963; Кара уулу Өмүркул''.'' Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994; Гумилёв Л. Н., Байыркы түрктөр. Б., 1998; Малявкин А. Г. Танские хроники о государствах Центральной Азии. Тексты и исследования. Новосибирск, 1989; Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002; Бичурин (Иакинф) Н. Я. Байыркы мезгилде Орто Азияда жашаган элдер жөнүндө маалыматтар жыйнагы. /Кырг. котормо, Б., 2016.  
 
Ө''. Караев.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

02:56, 22 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы

БАТЫШ ТҮРК КАГАНДЫГЫ – Улуу Түрк кагандыгынын (кара: Ашина) экиге бөлүнүшүнүн натыйжасында пайда болгон ири империя (603–704). Түрк кагандыгы 582-жылдан бийлик үчүн узакка созулган ич ара карама-каршылыктардын натыйжасында жиктеле баштап, 603-жылы Батыш жана Чыгыш Түрк кагандыгына бөлүнгөн. Батыш Түрк кагандыгына мурдагы Түрк кагандыгынын курамындагы Орто Азиянын ири бөлүгү, анын ичинен Жети-Суу (азыркы Кыргызстан, Казакстан), Фергана, ошондой эле Чыгыш Түркстандан тышкары, Алтай, Жуңгария, Чыгыш Түркстандан Сыр-Дарыяга; түндүктө – Иртыштан Түштүк Урал – Итилге (Волга) чейинки аймактар караган. Батыш Түрк кагандыгынын бул чек арасы согуш жүрүштөр жана анын жыйынтыктарына жараша өзгөрүлүп турган. Чүй өрөөнүндөгү Суйаб шаары (азыркы Токмок шаарына жакын Ак-Бешим шаар калдыгы) көп убакыт бою анын борбору болгон. Мамлекеттин башында каган туруп, ал мамлекеттин ички жана тышкы иштерин башкарып, уруу башчыларын дайындаган. 603-жылы Батыш Түрк кагандыгы расмий түрдө өз алдынча мамлекет болуп бөлүнгөндө анын тагына Эл-тегин Буйурук (Нили-хан) отурган (603–604). Калкы дулу жана нушиби уруулук бирикмелеринен турган «он ок эли» («он ок будун») деп аталган. Кагандыктын курамына карлуктар, чигилдер, тухсилер ж. б. уруулар да кирген. Карапайым калк «кара будун», ал эми элдин эӊ төмөнкү, көз каранды тобу «тат» (М. Кашгари боюнча түрктөр бул сөздү мазактоо иретинде перстерге каршы колдонушкан) деп аталган. Батыш Түрк кагандыгы аркылуу Улуу Жибек жолунун өтүшү да маданияттын жогорулашына чоӊ таасир берген. Өлкөдөгү Кулан, Невакет, Суйаб, Тараз, Мерке, Испиджаб шаарлары соода, маданияттын борбору катары атагы чыккан. Аймактагы элдердин арасында саясий жана экономикалык байланыштардын таралышына согдулук көпөстөрдүн таасири катуу тийген. Дыйканчылык, кол өнөрчүлүк, курулуш иштери өнүккөн. Тыйын жасап чыгарышкан. Андагы жазуулар согду тилинде жазылган. Батыш Түрк кагандыгынын калкы Көкө теӊирге, Умай энеге, жер-сууга тайынышкан. Дулу уруусунан чыккан Таман (Ашина Таман) каган (604–612) дулу жана нушиби уруу бирикмелеринин бийлик үчүн күрөшүн токтотуу үчүн өлкөнү үчкө бөлүп, эки кичи кагандын бири өлкөнүн чыгышын (борбору Куча), экинчисине түндүктөгү Ши-гону (Ташкент) берип, өзү усундардын жеринде (азыркы Ысык-Көл, Иле аймактары) туруп башкарган. Натыйжада бири-бирине атаңдашуу күчөп, өлкөнүн саясий абалы начарлап баштаган. 605-жылы Жуӊгариядагы жашаган теле уруулары көтөрүлүш чыгарып, аны басууга аттанган кагандын аскери талкаланган. Ушундай абалда Чыгыш Түркстан, Орто Азиядагы шаарлар, өз алдынча ээликтер акырындап Кытай менен байланыш түзө башташкан. Алар Таман каганга каршы нушиби уруусунан чыккан Шегуйду тукуруп башташкан. 612-жылдагы салгылашууда Шегуй жеӊишке жетип, Таман Кытайга качып, ошол жакта көз жумган. Шегуй кагандын тушунда (610–618) өлкөнүн саясий абалы бир топ оӊолуп, Согду жана Тарим өрөөндөрүндөгү бийлик ээлери кайрадан Батыш Түрк кагандыгынын вассалына айланышкан. Шегуйдун иниси Тон жабгу-каган (618–630) өлкөдө өз бийлигин чыӊдоо үчүн административдик-акимдик реформа жүргүзгөн. 618-жылы жергиликтүү башкаруучуларды кагандыктын аким, атка минерлерине айландыруу үчүн аларга титулдарды берген. Жергиликтүү акимдерди көзөмөлдөө үчүн өкмөттүн өкүлдөрү дайындалган. Буга чейин салыктарды жергиликтүү акимдер чогултуп, анын жарым үлүшүн алып келсе, эми аларды кагандын өкүлдөрү чогулта баштаган. Кала берсе жергиликтүү башкаруучуларды түрк төрөлөрү менен алмаштырган. 619-жылы Жуӊгариядагы теле урууларын кайрадан Батыш Түрк кагандыгына бириктирген. Мунун натыйжасында өлкөнүн чыгыш чек арасы Алтайга чейин созулуп, бул учурда Батыш Түрк каганаты өтө кубаттуу өлкөгө айланган. Тон жабгу-каган батышта Сасаниддерге каршы ийгиликтүү жортуулдарды уюштуруп, 616–617-жылдары шахтынын аскери Тохарстанды басып киргенде эфталиттерге жардамга барган. Тохарстан бошотулуп, анын башкаруучусу болуп Тон жабгунун уулу Тарду шад дайындалган. Мындан тышкары, батыш түрк аскерлери Афганистанды жана Индиянын түндүк-батыш бөлүгүн Батыш Түрк кагандыгынын курамына кошкон. Тон жабгу-каган 615-жылы Византиялык император Ираклий менен Иранга каршы келишим түзгөн. 616-жылы түрк армиясы хазарлар менен бирдикте Дербент шаарын, 618-жылы алар византиялык армия менен бирге Тбилисти алышкан. Мындан кийин Тон жабгу каган ордосуна кайтып келет. Жортуулду анын уулу Бури шад улантып, азыркы Афганстанга кирген. 630-жылы түрк армиясы Арменияны басып алып, бирок түрк кагандыгындагы ич ара талаштардын келип чыгышына байланыштуу Кавказдан кайтып кетишкен. Ошол эле жылы Тон жабгунун аталаш агасы Күлүк Сыби (Шибир) багадур дулулардын колдоосу менен каганды өлтүрүп, тактыга олтурган. ал нушиби жана дулу уруу жол башчыларынын бийлик үчүн күрөшүнүн жүрүшүндө 631-жылы өлтүрүлгөндөн кийин нушиби уруулары күч алып, алар Нишу Дулуну (Ашина Нишу, бийликтеги аты–Долу кэхань) хандыкка (633–634) шайлаган. Бул уруу ушундан баштап Батыш түрк кагандыгына үстөмдүк кылып калган. Алар Улуу Жибек жолунун маанилүү түйүнү болуп саналган Самарканд, Шаш (Ташкент), Куча, Карашаар ж. б. көзөмөлгө алууга жетишип, натыйжада дулу уруулар менен араздыктар күчөгөн. 634–638-жылы бийлик кылган Шаболо Хилиши хан (Л. Гумилев боюнча Ышбара Хилаш каган, Дулу хандын иниси) Батыш Түрк кагандыгындагы ич ара карама-каршылыкты жоюу үчүн административдик реформа жүргүзүп, саясий жактан маанилүү роль ойногон урууларды «он ок будунга» («он ок эли») бөлгөн, б. а. күчтүү уруунун бири экенин белгилеп аларга бирден жебе (ок) берген. Анын бир бөлүгүнө беш уруудан турган дулулар бирикмеси кирип, алар Чүй суусунун чыгышына, ал эми калган беш уруу нушиби батышына ээ болгон. Иби Дулу хан Юйгу Ше (түркчө Йукук Ирбис-Дулу хан, кыт. Ипидолу кэхань, өздүк аты Ашина Юйгу) хан (638–653) келгенден кийин аны менен дулулар койгон Ышбара-Толис-шад (өздүк аты Ашина Тунъэ, бийликтеги аты Шаболосилиши/Хилиши кэхань) хандын (634–639) ортосунда согуш жүрүп, эки тарап тең аябай көп чыгым тарткан. Акыры 638-жылы Иле дарыясынын боюнда экөө келишим түзүп, ал боюнча Батыш Түрк кагандыгы дагы экиге бөлүнгөн. Иле өзөнүнүн чыгышы Ышбара-Толис-шаддын кол алдында калып, Сыр-Дарыядан Илеге чейинки жерлер толук Дулу-хандын карамагына өткөн. Ал өз ордосун кытай тилинде «Цзихэ» деп аталган тоонун батышына орноткон жана аны түндүктөгү ордо деп атаган. Муну менен кошо Дулу-ханга Бома, Кыргыз (Цзегу, Гйегу, Хягас) сыяктуу көптөгөн өлкөлөр баш ийип калган. Мындан кийин Дулу-хан Тухолону (Тохарстан) каратып, андан кийин Кангюй (Каңлы) жана Сяоми (Согду) өлкөлөрүн өзүнө баш ийдирген. Натыйжада Дулу-хандын ээлиги Кавказ тоолоруна чейин жеткен. Чыгышта болсо көп өтпөй Ышбара-Толис-шадга каршы нушибилер козголоң чыгарып, Иби Шаболо Шеху (Ирбис-Ышбара-жагбу хан) деген ат менен жаңы ханды такка отургузушкан. Ал өз ордосун Чүй (Суй-хэ) суусунун түндүгү, Иле дарыясынын чыгышына көчүрүп, аны «Түштүк ордо» деп атаган жана Дешт-и Кыпчактын чыгышынан Чыгыш Түркстандагы Хамиге чейинки жерлер анын карамагына өткөн. Бирок алар менен дулулардын чыр-чатагы уланып, натыйжада алардын ар бири Тан династиясынан колдоо алууга умтулушкан. Мындай кырдаалды пайдаланган Тан императорлору эки тарапты гана эмес, Батыш Түрк кагандыгындагы уруу башчыларын бир-бирине тукурууга киришкен. Нушибиден чыккан Иби Шегуй хан (642–650) императордун кызына жуучу салып, аны менен туугандашууга аракет кылат, бирок ал кызынын калыңына Куча, Котон, Кашкардан баштап, Памир (Цун-лин) тоолоруна чейинки аймакты сураган. Шегуй хан ага көнгөн эмес, ошондуктан Истеми кагандын бешинчи муундагы тукуму Ашина Хелу (Шаболокэхань, Л. Гумилев боюнча Халлыг Ышбара-жагбу) хан (653–657) бытырай баштаган өлкөнүн бийлигин тартып алган. Ал кагандыктагы ички тартипти бекемдөө үчүн саясий реформа жүргүзүп, нушибилерди беш тукумга (кыт. «сыгинь», түркчө «тегин»), дулуларды беш «чжого» (Л. Гумилевдун пикиринде байыркы кыт. тилинде «хоу» болуп, «граф» деген титулду түшүндүргөн, түркчө «чур») бөлгөн. Ашина Хелу көп өтпөй Тан империясына каршы согуш баштап, бирок жеңилип калган. 656-жылы кытайлыктардын аскер башчысы Су Динфан Чүй суусунун жээгине чейин жетип, алгач нушибилерди багындырган. Андан кийин Батыш түрктөрдүн каганын колго түшүрүп, Талас суусуна чейин жеткен. Бирок кытайлыктар түрктөрдү номиналдуу гана башкарган, б. а. түрктөр өз алдынча саясат жүргүзүүнү уланта берген. 657–693-жылдары мурдагы Батыш Түрк каганатынын көп бөлүгүн Тан императору дайындаган Ашина тукумунун кагандары бийлеп турган. Ашина тукумунун бири VI кылымдын 30-жылдары Хазар каганатын, дагы бири VII  кылымдын 90-жылдары Түргөш каганатын негиздеген. Ушуну менен Батыш түрк кагандыгы өз жашоосун токтоткон.

Ад.: Бартольд В. В. Соч. Т. II. Ч. 1. М., 1963; Кара уулу Өмүркул. Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994; Гумилёв Л. Н., Байыркы түрктөр. Б., 1998; Малявкин А. Г. Танские хроники о государствах Центральной Азии. Тексты и исследования. Новосибирск, 1989; Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002; Бичурин (Иакинф) Н. Я. Байыркы мезгилде Орто Азияда жашаган элдер жөнүндө маалыматтар жыйнагы. /Кырг. котормо, Б., 2016.

Ө. Караев.