БОР ПОСТУЛАТЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БОР ПОСТУЛАТЫ ''' – атомдун туруктуулугун | '''БОР ПОСТУЛАТЫ ''' – атомдун туруктуулугун жана спектрдик закон ченемдүүлүгүн түшүндүрүүчү негизги далилдөө. Бул постулатты ''Н. Бор'' 1913-жылы киргизген. Классикалык физика түшүндүрө албаган атом касиетин түшүндүрүү үчүн эки постулатты квант теориясынын негизи катары алган: 1. Атомдун стационардык абалда болушу. Энергиясы дискреттик Е<sub>1</sub> Е<sub>2</sub>– Е<sub>3</sub>… катар сан маанилерине дал келген стационардык абалда атом туруктуу жана нур чыгарбайт. 2. Атом нурлануусунун жыштык шарты. Атом Еi энергиялуу стационардык абалдан Ек энергиялуу башка стационардык абалга өткөндө hn=Еi – Ек белгилүү жыштыктагы жарыкты – hn чоӊдуктагы кванттык нурланууну ''(фотонду)'' жутат же чыгарат. Атом квант энергиясын бөлүп чыгарганда көп энергиялуу Еi абалдан аз энергиялуу Ек абалга өтөт, ал эми квант энергиясын жутканда, тескерисинче болот. ''Атом физикасынын'' өсүшү Бор постулаты жалаӊ эле атом эмес башка микроскопиялык системалар – молекула, атом ядролору үчүн да туура экенин көрсөттү. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:45, 24 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БОР ПОСТУЛАТЫ – атомдун туруктуулугун жана спектрдик закон ченемдүүлүгүн түшүндүрүүчү негизги далилдөө. Бул постулатты Н. Бор 1913-жылы киргизген. Классикалык физика түшүндүрө албаган атом касиетин түшүндүрүү үчүн эки постулатты квант теориясынын негизи катары алган: 1. Атомдун стационардык абалда болушу. Энергиясы дискреттик Е1 Е2– Е3… катар сан маанилерине дал келген стационардык абалда атом туруктуу жана нур чыгарбайт. 2. Атом нурлануусунун жыштык шарты. Атом Еi энергиялуу стационардык абалдан Ек энергиялуу башка стационардык абалга өткөндө hn=Еi – Ек белгилүү жыштыктагы жарыкты – hn чоӊдуктагы кванттык нурланууну (фотонду) жутат же чыгарат. Атом квант энергиясын бөлүп чыгарганда көп энергиялуу Еi абалдан аз энергиялуу Ек абалга өтөт, ал эми квант энергиясын жутканда, тескерисинче болот. Атом физикасынын өсүшү Бор постулаты жалаӊ эле атом эмес башка микроскопиялык системалар – молекула, атом ядролору үчүн да туура экенин көрсөттү.