ДАВЛЕСОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДАВЛЕСОВ''' (туурасы Дөөлөсов) Насыр (15. 3. 1929- | '''ДАВЛЕСОВ''' (туурасы Дөөлөсов) '''Насыр''' (15. 3. 1929-жылы туулган, Чүй облусу, Кемин району, Кара-Булак – 13. 6. 2011, Бишкек) – дирижёр, композитор, педагог, Кыр­гыз ССРинин искусствосуна эмгек сиӊирген ишмер (1967), Кыргыз ССР эл артисти (1974). | ||
Бала чагында гармондо, мандолинада, комузда ой­ноп, алардын коштоосунда ырдаган. 1945-жылы Фрунзеде­ги М. Күрөӊкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын, 1949-жылы П. И. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консер­ваториясынын дирижёрлук классында окуган. 1958– 1962-жылдарда К. Орозов атындагы Кыр­гыз мамлекеттик эл аспаптар оркестринин дирижёру, башкы дирижёру, 1962-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын дирижёру, бир эле мезгилде В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз­-келиндер педагогикалык институтунун музыка кафедрасынын башчысы болуп иштеген. 1968-жылы Ленинграддын Киров атындагы опера жана балет театрында сыноодон өтүп, «Дон Кихот» балетине дирижёрлук кыл­ган. 1971-жылдан Кыргыз мамлекеттик искусство институту­нун ректору, 1978-жылдан профессор, 1983–1985-жылдарда кайрадан Кыргыз опера жана балет театрында башкы дирижёр, 1985–1994-жылдарда Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун эл аспаптар ка­федрасынын башчы­сы. Анын чыгармачылыгы­на кыргыз фолькло­ру менен тереӊ байла­нышкан музыкалык-компози­торлук каражатта­рынын таасындыгы жана жеткиликтүүлүгү мүнөздүү.[[File:ДАВЛЕСОВ4.png | thumb | Н. Давлесов дирижёр­лук кылууда.|408x408px]] | |||
Бала чагында гармондо, мандолинада, комузда ой­ноп, алардын коштоосунда ырдаган. 1945- | |||
башкы дирижёру, 1962-жылдан Кыргыз | |||
өтүп, «Дон Кихот» балетине дирижёрлук кыл­ган. 1971-жылдан Кыргыз | |||
[[File: | [[File:ДАВЛЕСОВ3.png | thumb | none|356x356px]]Давлесов солисттер, хор жана симфониялык оркестр үчүн «Биздин жер тууралуу ыр» (1957) кантатасынын, «Түбөлүк даӊк» апо­феозунун (1967), 300дөн ашык ыр, романс жана хорлордун, «Айкөл Манас» аспаптык чыгармасынын (1993), 14 кантатанын жана башкалардын автору. «Так­теке» симфониялык бийи (1958), вокалдык-симфониялык «Сел­кинчек» сүрөттөмөсү, «Чолпонбай жөнүндө бал­лада» (А. А. Александров атындагы күмүш медалга арзыган), «Аста-секин, колукту» музыкалык комедия­сы (1979), «Элес» симфониялык поэмасы (1988), «Кур­манбек» операсы (1979, либреттосу Ж. Садыков­дуку), «Жаштар кантатасы» (1978), «Колорату­ралык үн үчүн концерт» (1985), «Скрипка үчүн каприччио» (2005), «Марш жана патриоттук ырлар» (2006) жана башка чыгармалары кеӊири бел­гилүү. Кыргыз эл аспаптар оркестри үчүн «Ток­тогулдун күүлөрү» сюитасын жана башкаларды жазган. «Ай­наш», «Саанчы жеӊе», «Кыргыз жери» жана башка ырлардын, «Суусамыр өрөөнүндө», «Комуз күүсү» аттуу даректүү фильмдердин музыкасынын автору. П. Чайковскийдин «Евгений Онегин», Ж. Вердинин «Аида», М.Абдраевдин «Олжо­бай менен Кишимжан» операларын, К. Мол­чановдун «Макбет», Ж. Пуччининин «Богема», А. Хачатуряндын «Спартак», С. Прокофьевдин «Ромео жана Жульетта», М. Раухвергердин «Чолпон» балеттерин жана башка бир катар классика­лык спектаклдерди койгон жана дирижёрлук кыл­ган. Кыргыз Республикасынын Гимнинин музыкасынын авторло­рунун бири (1992). Республикадагы жалпыга билим берүүчү мектептердин 1–4-класстарынын «Ыр­доо», «Музыка» окуу китебин (Аманбаев, Кой­гелдиева менен бирге) жазган. 1999-жылы Кемин районунун Кемин шаарчасындагы №3 орто мек­тепке ысмы берилген. Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1978). «Ардак Белгиси», Эмгек Кызыл Туу, I, III даражадагы Манас ор­дендери менен сыйланган. | ||
А. Хачатуряндын «Спартак», С. Прокофьевдин | |||
«Ромео жана Жульетта», М. Раухвергердин | |||
«Чолпон» балеттерин | |||
Ад.: ''Алагушов Б.'' Насыр Давлесов // Кыргыз компо­зиторлору. Ф., 1964; Насыр Давлесов. Б., 2004. [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | Ад.: ''Алагушов Б.'' Насыр Давлесов // Кыргыз компо­зиторлору. Ф., 1964; Насыр Давлесов. Б., 2004. [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
06:26, 24 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
ДАВЛЕСОВ (туурасы Дөөлөсов) Насыр (15. 3. 1929-жылы туулган, Чүй облусу, Кемин району, Кара-Булак – 13. 6. 2011, Бишкек) – дирижёр, композитор, педагог, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиӊирген ишмер (1967), Кыргыз ССР эл артисти (1974).
Бала чагында гармондо, мандолинада, комузда ойноп, алардын коштоосунда ырдаган. 1945-жылы Фрунзедеги М. Күрөӊкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын, 1949-жылы П. И. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын дирижёрлук классында окуган. 1958– 1962-жылдарда К. Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик эл аспаптар оркестринин дирижёру, башкы дирижёру, 1962-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын дирижёру, бир эле мезгилде В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун музыка кафедрасынын башчысы болуп иштеген. 1968-жылы Ленинграддын Киров атындагы опера жана балет театрында сыноодон өтүп, «Дон Кихот» балетине дирижёрлук кылган. 1971-жылдан Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору, 1978-жылдан профессор, 1983–1985-жылдарда кайрадан Кыргыз опера жана балет театрында башкы дирижёр, 1985–1994-жылдарда Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун эл аспаптар кафедрасынын башчысы. Анын чыгармачылыгына кыргыз фольклору менен тереӊ байланышкан музыкалык-композиторлук каражаттарынын таасындыгы жана жеткиликтүүлүгү мүнөздүү.


Давлесов солисттер, хор жана симфониялык оркестр үчүн «Биздин жер тууралуу ыр» (1957) кантатасынын, «Түбөлүк даӊк» апофеозунун (1967), 300дөн ашык ыр, романс жана хорлордун, «Айкөл Манас» аспаптык чыгармасынын (1993), 14 кантатанын жана башкалардын автору. «Тактеке» симфониялык бийи (1958), вокалдык-симфониялык «Селкинчек» сүрөттөмөсү, «Чолпонбай жөнүндө баллада» (А. А. Александров атындагы күмүш медалга арзыган), «Аста-секин, колукту» музыкалык комедиясы (1979), «Элес» симфониялык поэмасы (1988), «Курманбек» операсы (1979, либреттосу Ж. Садыковдуку), «Жаштар кантатасы» (1978), «Колоратуралык үн үчүн концерт» (1985), «Скрипка үчүн каприччио» (2005), «Марш жана патриоттук ырлар» (2006) жана башка чыгармалары кеӊири белгилүү. Кыргыз эл аспаптар оркестри үчүн «Токтогулдун күүлөрү» сюитасын жана башкаларды жазган. «Айнаш», «Саанчы жеӊе», «Кыргыз жери» жана башка ырлардын, «Суусамыр өрөөнүндө», «Комуз күүсү» аттуу даректүү фильмдердин музыкасынын автору. П. Чайковскийдин «Евгений Онегин», Ж. Вердинин «Аида», М.Абдраевдин «Олжобай менен Кишимжан» операларын, К. Молчановдун «Макбет», Ж. Пуччининин «Богема», А. Хачатуряндын «Спартак», С. Прокофьевдин «Ромео жана Жульетта», М. Раухвергердин «Чолпон» балеттерин жана башка бир катар классикалык спектаклдерди койгон жана дирижёрлук кылган. Кыргыз Республикасынын Гимнинин музыкасынын авторлорунун бири (1992). Республикадагы жалпыга билим берүүчү мектептердин 1–4-класстарынын «Ырдоо», «Музыка» окуу китебин (Аманбаев, Койгелдиева менен бирге) жазган. 1999-жылы Кемин районунун Кемин шаарчасындагы №3 орто мектепке ысмы берилген. Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1978). «Ардак Белгиси», Эмгек Кызыл Туу, I, III даражадагы Манас ордендери менен сыйланган.
Ад.: Алагушов Б. Насыр Давлесов // Кыргыз композиторлору. Ф., 1964; Насыр Давлесов. Б., 2004.