БРОМ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БРОМ ''' (лат. Bromum), Br – ''элементтердин мезгилдик системасынын'' VII тобунан орун алган элемент. Атомдук номери 35, атомдук массасы 79,904, ''галогендерге'' кирет. 1826-жылы франциялык химик А. Ж. Балар ачкан. Жаратылышта 2 туруктуу изотоптон <sup>79</sup>Br, <sup>81</sup>Br турат. Жер кыртышында 1,6 ·10<sup>–4</sup>%ти түзөт. Ал кызыл-күрөӊ түстөгү, жагымсыз жыты бар, оор суюктук. Кайноо t 58,78°C, балкып эрүү t – 7°С. | '''БРОМ ''' (лат. Bromum), Br – ''элементтердин мезгилдик системасынын'' VII тобунан орун алган элемент. Атомдук номери 35, атомдук массасы 79,904, ''галогендерге'' кирет. 1826-жылы франциялык химик А. Ж. Балар ачкан. Жаратылышта 2 туруктуу изотоптон <sup>79</sup>Br, <sup>81</sup>Br турат. Жер кыртышында 1,6 ·10<sup>–4</sup>%ти түзөт. Ал кызыл-күрөӊ түстөгү, жагымсыз жыты бар, оор суюктук. Кайноо t 58,78°C, балкып эрүү t – 7°С. Бромдуу туздар (KBr, NaBr, MgBr<sub>2</sub>) түрүндө көл, деӊиз, нефть сууларында жана суу өсүмдүктөрүнүн курамында кездешет. Спиртте, эфирде, бензолдо, хлороформдо жакшы, сууда начар эрийт. Бромдун 3%түү эритмеси бромдуу суу деп аталат. Химиялык активдүүлүгү боюнча хлор менен иоддун ортосунда турат. Иодду бирикмелеринен сүрүп чыгарат. Ал эми бромду анын бирикмелеринен хлор сүрүп чыгат. Бирикмелеринде валенттүүлүгү –1ден +7ге чейин. Көпчүлүк элементтер менен реакцияга активдүү кирет. Көмүртек, азот, кычкылтек менен түздөн-түз кошулбайт, ошондуктан алардын бирикмелери кыйыр жолдор менен алынат. Суутек менен ысытканда гана реакцияга кирип, бромдуу суутекти пайда кылат. Анын суудагы эритмеси – бромдуу суутек кислотасы. Бул кислотанын туздары бромиддер деп аталат. Бром кислотасынын туздары – броматтар, түссүз кристаллдар, жогорку температурада кычкылтекти бөлүп чыгаруу менен ажырайт. Бром кислотасы жана анын туздары күчтүү окистендиргич касиетке ээ болуп, эркин бромго чейин калыбына келет. Деӊиз сууларынан, суу өсүмдүктөрүнөн, ошондой эле калийдин бромдуу бирикмелеринен химиялык жол менен алынат. Бром органикалык синтезде, ''анализдик химияда'' жана окистендиргич катары колдонулат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
04:02, 25 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БРОМ (лат. Bromum), Br – элементтердин мезгилдик системасынын VII тобунан орун алган элемент. Атомдук номери 35, атомдук массасы 79,904, галогендерге кирет. 1826-жылы франциялык химик А. Ж. Балар ачкан. Жаратылышта 2 туруктуу изотоптон 79Br, 81Br турат. Жер кыртышында 1,6 ·10–4%ти түзөт. Ал кызыл-күрөӊ түстөгү, жагымсыз жыты бар, оор суюктук. Кайноо t 58,78°C, балкып эрүү t – 7°С. Бромдуу туздар (KBr, NaBr, MgBr2) түрүндө көл, деӊиз, нефть сууларында жана суу өсүмдүктөрүнүн курамында кездешет. Спиртте, эфирде, бензолдо, хлороформдо жакшы, сууда начар эрийт. Бромдун 3%түү эритмеси бромдуу суу деп аталат. Химиялык активдүүлүгү боюнча хлор менен иоддун ортосунда турат. Иодду бирикмелеринен сүрүп чыгарат. Ал эми бромду анын бирикмелеринен хлор сүрүп чыгат. Бирикмелеринде валенттүүлүгү –1ден +7ге чейин. Көпчүлүк элементтер менен реакцияга активдүү кирет. Көмүртек, азот, кычкылтек менен түздөн-түз кошулбайт, ошондуктан алардын бирикмелери кыйыр жолдор менен алынат. Суутек менен ысытканда гана реакцияга кирип, бромдуу суутекти пайда кылат. Анын суудагы эритмеси – бромдуу суутек кислотасы. Бул кислотанын туздары бромиддер деп аталат. Бром кислотасынын туздары – броматтар, түссүз кристаллдар, жогорку температурада кычкылтекти бөлүп чыгаруу менен ажырайт. Бром кислотасы жана анын туздары күчтүү окистендиргич касиетке ээ болуп, эркин бромго чейин калыбына келет. Деӊиз сууларынан, суу өсүмдүктөрүнөн, ошондой эле калийдин бромдуу бирикмелеринен химиялык жол менен алынат. Бром органикалык синтезде, анализдик химияда жана окистендиргич катары колдонулат.