БРОНХОЭКТАЗ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БРОНХОЭКТА́З ''' (''бронх'' ж-а гр. tktasis – кеӊейүү, чоюлуу) – дем алуу органдарынын бронхтун айрым бөлүктөрүнүн бузулуп кеӊейиши ж-а деформацияланышы м-н мүнөздөлгөн оорусу. Анын тубаса ж-а кийин пайда болгон түрлөрү бар. Тубаса түрү аз кезигет. Кийин пайда болгон түрүнө өнөкөт бронхит, өпкө кагыны (пневмония), сасык тумоолор, балдардын кээ бир жугуштуу оорулары (көк жөтөл, кызылча), грипп ж. б. себеп болот. Өнөкөт ''бронхитте'' сезгенүүдөн бронхтун былжырлуу ж-а булчуӊдуу кабыктары бузулуп кеӊийт, дем алуу жолдоруна какырык толуп, үстөккө-босток узакка созулган жөтөлдөн пайда болгон басым бронхтун ички бетине таасир этип, аны кеӊейтет. Белгилери: бейтап чыйрыгат, денеси ысыйт, тез-тез катуу жөтөлөт, ириӊдүү, сасык какырык чыгат, айрыкча эртеӊ м-н өтө көп бөлүнөт. Кээде оору күчөгөндө кан түкүрөт. Аны алдын алууда дем алуу органдарынын катуу кармаган ж-а өнөкөт ооруларын өз убагында туура дарылоо зарыл.
'''БРОНХОЭКТА́З ''' (''бронх'' ж-а гр. tktasis – кеӊейүү, чоюлуу) – дем алуу органдарынын - бронхтун айрым бөлүктөрүнүн бузулуп кеӊейиши жана деформацияланышы менен мүнөздөлгөн оорусу. Анын тубаса жана кийин пайда болгон түрлөрү бар. Тубаса түрү аз кезигет. Кийин пайда болгон түрүнө өнөкөт бронхит, өпкө кагыны (пневмония), сасык тумоолор, балдардын кээ бир жугуштуу оорулары (көк жөтөл, кызылча), грипп ж. б. себеп болот. Өнөкөт ''бронхитте'' сезгенүүдөн бронхтун былжырлуу жана булчуӊдуу кабыктары бузулуп кеӊийп, дем алуу жолдоруна какырык толуп, үстөккө-босток узакка созулган жөтөлдөн пайда болгон басым бронхтун ички бетине таасир этип, аны кеӊейтет. Белгилери: бейтап чыйрыгат, денеси ысыйт, тез-тез катуу жөтөлөт, ириӊдүү, сасык какырык чыгат, айрыкча эртеӊ менен өтө көп бөлүнөт. Кээде оору күчөгөндө кан түкүрөт. Аны алдын алууда дем алуу органдарынын катуу кармаган жана өнөкөт ооруларын өз убагында туура дарылоо зарыл.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

04:13, 25 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы

БРОНХОЭКТА́З (бронх ж-а гр. tktasis – кеӊейүү, чоюлуу) – дем алуу органдарынын - бронхтун айрым бөлүктөрүнүн бузулуп кеӊейиши жана деформацияланышы менен мүнөздөлгөн оорусу. Анын тубаса жана кийин пайда болгон түрлөрү бар. Тубаса түрү аз кезигет. Кийин пайда болгон түрүнө өнөкөт бронхит, өпкө кагыны (пневмония), сасык тумоолор, балдардын кээ бир жугуштуу оорулары (көк жөтөл, кызылча), грипп ж. б. себеп болот. Өнөкөт бронхитте сезгенүүдөн бронхтун былжырлуу жана булчуӊдуу кабыктары бузулуп кеӊийп, дем алуу жолдоруна какырык толуп, үстөккө-босток узакка созулган жөтөлдөн пайда болгон басым бронхтун ички бетине таасир этип, аны кеӊейтет. Белгилери: бейтап чыйрыгат, денеси ысыйт, тез-тез катуу жөтөлөт, ириӊдүү, сасык какырык чыгат, айрыкча эртеӊ менен өтө көп бөлүнөт. Кээде оору күчөгөндө кан түкүрөт. Аны алдын алууда дем алуу органдарынын катуу кармаган жана өнөкөт ооруларын өз убагында туура дарылоо зарыл.