БУУРЧАК ӨСҮМДҮКТӨРҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БУУРЧАК ӨСҮМДҮКТӨРҮ ''' – чанактуулар тукумуна кирүүчү өсүмдүктөр тобу. Ага ''буурчак,'' май буурчак, ''төө буурчак,'' тоют буурчагы, маш буурчак, шалбаа буурчагы ж-а жер буурчактар кирет. Бул өсүмдүктөр биол., морфол. касиеттери, көрүнүшү б-ча бири бирине окшош. Булардын негизги сапаты – алардын жашыл массасында ж-а үрөндөрүндө эӊ баалуу белоктун көп болушу. Данында белок, крахмал, май, чийки клетчатка, күл болот. Анда адамга, жаныбарларга эӊ керек алмаштыргыс аминкислоталары арбын. Айрымдарында май м-н кант көп. Мис., май буурчакта 20–24%ке чейин май, анын канттуу же жашылча сортторунун данында 8–13% кант, бир топ баалуу витаминдер болот. Жалбырагынын түзүлүшү б-ча үч топко бөлүнөт. Чанактуу дан өсүмдүктөрдүн тамырында бактериялуу түймөк пайда болуп, анда симбиоздо жашоочу бактериялардын жардамы м-н биол. азот пайда болуп, топуракта топтолот.
'''БУУРЧАК ӨСҮМДҮКТӨРҮ ''' – чанактуулар тукумуна кирүүчү өсүмдүктөр тобу. Ага ''буурчак,'' май буурчак, ''төө буурчак,'' тоют буурчагы, маш буурчак, шалбаа буурчагы жана жер буурчактар кирет. Бул өсүмдүктөр биологиялык, морфологиялык касиеттери, көрүнүшү боюнча бири бирине окшош. Булардын негизги сапаты – алардын жашыл массасында жана үрөндөрүндө эӊ баалуу белоктун көп болушу. Данында белок, крахмал, май, чийки клетчатка, күл болот. Анда адамга, жаныбарларга эӊ керек алмаштыргыс аминкислоталары арбын. Айрымдарында май менен кант көп. Мисалы, май буурчакта 20–24%ке чейин май, анын канттуу же жашылча сортторунун данында 8–13% кант, бир топ баалуу витаминдер болот. Жалбырагынын түзүлүшү боюнча үч топко бөлүнөт. Чанактуу дан өсүмдүктөрдүн тамырында бактериялуу түймөк пайда болуп, анда симбиоздо жашоочу бактериялардын жардамы менен биологиялык азот пайда болуп, топуракта топтолот. Ошондуктан топурактын сапатын жакшыртууда буурчак өсүмдүктөрү  өстүрүлөт. <br/>''А. Бабаев.''
<br/>''А. Бабаев.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:22, 25 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы

БУУРЧАК ӨСҮМДҮКТӨРҮ – чанактуулар тукумуна кирүүчү өсүмдүктөр тобу. Ага буурчак, май буурчак, төө буурчак, тоют буурчагы, маш буурчак, шалбаа буурчагы жана жер буурчактар кирет. Бул өсүмдүктөр биологиялык, морфологиялык касиеттери, көрүнүшү боюнча бири бирине окшош. Булардын негизги сапаты – алардын жашыл массасында жана үрөндөрүндө эӊ баалуу белоктун көп болушу. Данында белок, крахмал, май, чийки клетчатка, күл болот. Анда адамга, жаныбарларга эӊ керек алмаштыргыс аминкислоталары арбын. Айрымдарында май менен кант көп. Мисалы, май буурчакта 20–24%ке чейин май, анын канттуу же жашылча сортторунун данында 8–13% кант, бир топ баалуу витаминдер болот. Жалбырагынын түзүлүшү боюнча үч топко бөлүнөт. Чанактуу дан өсүмдүктөрдүн тамырында бактериялуу түймөк пайда болуп, анда симбиоздо жашоочу бактериялардын жардамы менен биологиялык азот пайда болуп, топуракта топтолот. Ошондуктан топурактын сапатын жакшыртууда буурчак өсүмдүктөрү өстүрүлөт.
А. Бабаев.