ДАНИЯЛЫКТАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ДАНИЯЛЫКТАР''' , д а н д а р (өздөрүн д а н­с к е р е деп аташат) – Даниянын негизги кал­кы. Швеция, Норвегия, Германия (Шлезвиг- Гольштейн жери), АКШ, Канада, Австралияда да жашашат.  
'''ДАНИЯЛЫКТАР''' , д а н д а р (өздөрүн д а н ­с к е р е деп аташат) – Даниянын негизги кал­кы. Швеция, Норвегия, Германия (Шлезвиг- Гольштейн жери), АКШ, Канада, Австралияда да жашашат.  
[[File:ДАНИЯЛЫКТАР28.png | thumb | none]]
[[File:ДАНИЯЛЫКТАР28.png | thumb | none]]
Саны 5,7 млн киши, а. и. 5,1 млну Данияда (2000). Д. дания (дан) тилинде сүйлө­шөт. Д-дын көпчүлүгү лютеран, калгандары протестант ж-а като­лик дининде. Д-дын түпкү теги б. з. ч. 3-миӊ жылдыктын аягында Даниянын азыркы ай­магына Скандинавия а-нан көчүп келишкен кимврлер, юттар, англ­дар, сакстар сыяктуу герман уруулары, 5–6- к-да Түш. Швециядан келген дан уруулары
Саны 5,7 млн киши, анын ичинде 5,1 млну Данияда (2000). Даниялыктар дания (дан) тилинде сүйлө­шөт. Даниялыктардын көпчүлүгү лютеран, калгандары протестант ж-а като­лик дининде. Даниялыктардын түпкү теги б. з. ч. 3-миӊ жылдыктын аягында Даниянын азыркы ай­магына Скандинавия аралынан көчүп келишкен кимврлер, юттар, англ­дар, сакстар сыяктуу герман уруулары, 5–6- кылымдарда Түштүк Швециядан келген дан уруулары (өлкө ошолордун атынан Данмарк же дандар жери деп аталган) деген божомолдор бар. Алар фриздер, Балтика өндүрүндөгү славяндар м-н ара­лашып, бир этноско биригип кеткен. Викинг­дердин үстөмдүгүнүн тушунда Даниялыктардын мамлекети пайда болуп, христиан динин кабыл алган. 10– 11-кылымдарда бирдиктүү дания эли калыптанып, 19-кылымда улут болуп түзүлгөн. Негизинен дыйкан­чылык, мал чарбачылык, балык уулоочулук м-н кесиптенишет. Даниялыктарда байыртадан кол өнөрчү­лүгү өнүккөн. Темир ж-а жыгач устачылык, зер­герчилик, карапачылык, кездеме ж-а килем то­куу иштери өнүгүп, 19-кылымдын аягына чейин бе­тине көчөт түшүрүлгөн оймо-чиймелүү карапа ж-а металл буюмдары кеӊири колдонулган. Эр­кектер кездеме токуп, жаныбарлардын турпа­тын жыгачтан жасашкан. Даниялыктардын көпчүлүгү ша­арларда турушат. Улуттук кийимдери негизи­нен жүндөн токулат. Аялдар жеӊдүү кофта, ке­нен тигилген узун юбка кийип, алжапкыч та­гынышкан. Эркектер ак көйнөк, багалеги тизе ылдый шым, тизеден жогору жүн байпак, күрмө, улгайгандары кемсел, башына жүндөн токул­ган баш кийим же цилиндр (өтө бийик төбөлүү калпак) кийишкен. Тамак-ашы – эт, балык, сүт азыктары, анын ичинде күрүч, таруу, буудай, арпадан бышырылган ботко, фледегред (малина м-н кай­мак аралаштырып жасалган буудай ботко), бутерброддун 700 түрү, маргарин кеӊири колдо­нулат. Суусундук катары кофе, чай ичишет. Айыл жерлеринде дыйкандар арпадан пиво кай­натышат. Улуттук майрамдары – Ыйык Лю­сия (13-декабрь), Ыйык Кнюда (13-январь) ж. б.
(өлкө ошолордун атынан Данмарк же дандар жери деп аталган) деген божомолдор бар. Алар фриздер, Балтика өндүрүндөгү славяндар м-н ара­лашып, бир этноско биригип кеткен. Викинг­дердин үстөмдүгүнүн тушунда Д-дын мамлекети пайда болуп, христиан динин кабыл алган. 10– 11-к-да бирдиктүү дания эли калыптанып, 19- к-да улут болуп түзүлгөн. Негизинен дыйкан­чылык, мал чарбачылык, балык уулоочулук м-н кесиптенишет. Д-да байыртадан кол өнөрчү­лүгү өнүккөн. Темир ж-а жыгач устачылык, зер­герчилик, карапачылык, кездеме ж-а килем то­куу иштери өнүгүп, 19-к-дын аягына чейин бе­тине көчөт түшүрүлгөн оймо-чиймелүү карапа ж-а металл буюмдары кеӊири колдонулган. Эр­кектер кездеме токуп, жаныбарлардын турпа­тын жыгачтан жасашкан. Д-дын көпчүлүгү ша­арларда турушат. Улуттук кийимдери негизи­нен жүндөн токулат. Аялдар жеӊдүү кофта, ке­нен тигилген узун юбка кийип, алжапкыч та­гынышкан. Эркектер ак көйнөк, багалеги тизе ылдый шым, тизеден жогору жүн байпак, күрмө, улгайгандары кемсел, башына жүндөн токул­ган баш кийим же цилиндр (өтө бийик төбөлүү калпак) кийишкен. Тамак-ашы – эт, балык, сүт азыктары, а. и. күрүч, таруу, буудай, арпадан бышырылган ботко, фледегред (малина м-н кай­мак аралаштырып жасалган буудай ботко), бутерброддун 700 түрү, маргарин кеӊири колдо­нулат. Суусундук катары кофе, чай ичишет. Айыл жерлеринде дыйкандар арпадан пиво кай­натышат. Улуттук майрамдары – Ыйык Лю­сия (13-декабрь), Ыйык Кнюда (13-январь) ж. б.
''Ш. Керимова.'' [[Category: 3-том, 5-85 бб]]

''Ш. Керимова.''
[[Category: 3-том, 5-85 бб]]

08:07, 25 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы

ДАНИЯЛЫКТАР , д а н д а р (өздөрүн д а н ­с к е р е деп аташат) – Даниянын негизги кал­кы. Швеция, Норвегия, Германия (Шлезвиг- Гольштейн жери), АКШ, Канада, Австралияда да жашашат.

Ш. Керимова.