БИОГЕОХИМИЯ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИОГЕОХИ́МИЯ''' – '' | '''БИОГЕОХИ́МИЯ''' – биосферадагы химиялык элементтердин тирүү организмдердин тиричилиги м-н шартталган миграциясын ж-а тирүү организмдердин тоо тектердин ж-а минералдардын бузулушундагы ролун изилдөөчү илим. Термин 1920-ж орус окумуштуусу В. И. Вернадский тарабынан киргизилген. Азыркы биохимиянын негизги багыты экологиялык стехиометрия (негизги биогендик элементтердин агымынын тирүү организмдердин популяциясы аркылуу өз ара байланышы), элементтердин биологиялык алмашуусу ж-а биогендик миграциясы, Жердин геологиялык катмарынын тирүү организмдердин таасири м-н болгон эволюциясын изилдөөгө, глобалдык ''биогеохимиялык циклдин'' өзгөрүшүн прогноздоого ж-а моделдөөгө байланыштуу. Биогеохимиянын милдети: пайдалуу кендердин калыптанышына, аларды табууда организдердин ж-а биологиялык процесстердин ролу; аймакты биогехимиялык райондоштуруу, топурак, суу, тоют ж-а тамак азыктарында бул же тигил химиялык элементтердин жетишсиздигин ж-а ашыкчалыгын; биогеохимиялык циклга кишинин тиричилигинин таасирин анализдөө ж. б. Биогеохимиялык изилдөөлөр негизинен өсүмдүктөрдүн же кыртыштын курамындагы белгилүү химиялык элементти аныктоо жолу м-н руда кендерин издөө, ошондой эле өсүмдүктүн, жаныбардын, адамдын денесиндеги кээ бир химиялык элементтин ашыкча болушунан келип чыккан оорулардын себебин билүү үчүн жүргүзүлөт. | ||
Ад.: | Ад.: Вернгадский В. И., Химимческое строение биосферы Земли и её окружения, М., 1965. | ||
[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | |||
[[Категория:Олуттуу түрдө өзгөргөн макалалар]] |
10:37, 25 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БИОГЕОХИ́МИЯ – биосферадагы химиялык элементтердин тирүү организмдердин тиричилиги м-н шартталган миграциясын ж-а тирүү организмдердин тоо тектердин ж-а минералдардын бузулушундагы ролун изилдөөчү илим. Термин 1920-ж орус окумуштуусу В. И. Вернадский тарабынан киргизилген. Азыркы биохимиянын негизги багыты экологиялык стехиометрия (негизги биогендик элементтердин агымынын тирүү организмдердин популяциясы аркылуу өз ара байланышы), элементтердин биологиялык алмашуусу ж-а биогендик миграциясы, Жердин геологиялык катмарынын тирүү организмдердин таасири м-н болгон эволюциясын изилдөөгө, глобалдык биогеохимиялык циклдин өзгөрүшүн прогноздоого ж-а моделдөөгө байланыштуу. Биогеохимиянын милдети: пайдалуу кендердин калыптанышына, аларды табууда организдердин ж-а биологиялык процесстердин ролу; аймакты биогехимиялык райондоштуруу, топурак, суу, тоют ж-а тамак азыктарында бул же тигил химиялык элементтердин жетишсиздигин ж-а ашыкчалыгын; биогеохимиялык циклга кишинин тиричилигинин таасирин анализдөө ж. б. Биогеохимиялык изилдөөлөр негизинен өсүмдүктөрдүн же кыртыштын курамындагы белгилүү химиялык элементти аныктоо жолу м-н руда кендерин издөө, ошондой эле өсүмдүктүн, жаныбардын, адамдын денесиндеги кээ бир химиялык элементтин ашыкча болушунан келип чыккан оорулардын себебин билүү үчүн жүргүзүлөт.
Ад.: Вернгадский В. И., Химимческое строение биосферы Земли и её окружения, М., 1965.