ДАРГОМЫЖСКИЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДАРГОМЫ́ЖСКИЙ''' Александр Сергеевич [2(14). | '''ДАРГОМЫ́ЖСКИЙ''' '''Александр Сергеевич''' [2(14). 2. 1813, Тула губерниясы, Белёвск уезди, Тро­ицк кыштагы – 5(17). 1. 1869, Петербург] – орус композитору, музыкалык сын реализминин ири өкүлү. | ||
2. 1813, Тула губерниясы, Белёвск уезди, Тро­ицк | |||
[[File:ДАРГОМЫЖСКИЙ38.png | thumb | А. С. | [[File:ДАРГОМЫЖСКИЙ38.png | thumb | А. С. Даргомыж­ский. Сүрөтчү К. Е. Маковский тарткан портрет. Третьяков галереясы. Москва.|left|334x334px]] | ||
Бир катар чыгармаларында («Картаӊ капрал», «Курт», «Титулярдык советник») коомдук теӊсиздикти ашкерелеген. Элдин турмуш-тиричи­лигин чагылдырган лирикалык, декламация­лык-речитативдик драмалардын жаӊы түрлөрүн жараткан. Даргомыжский орустун ''Глинка'' баштаган улут­тук классикалык музыкалык мектебинин элдик-реа­листтик талаптарын өнүктүрүп, жаӊы табыл­галар менен байыткан. Белгилүү чыгармалары: «Эсмеральда» (В. Гюгонун романы боюнча, 1841), «Суу периси» (1855), «Таш конок» (1866, экөө теӊ А. С. Пушкиндин чыгармалары боюнча) жана башка опералар. Даргомыжский симфониялык оркестр үчүн «Жез кемпир» аттуу тамашалуу фантазияны (1862) жана «Чу­хон фантазияларын» (1867), фортепьяно үчүн пьесаларды, вокалдык квартеттерди, 100гө жа­кын романс, ырларды жазган. Даргомыжскийди ''Мусоргский'' музыкадагы чындыктын окутуучусу деп атаган. А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында «Эсмеральда», «Суу периси» жана башка опералары коюлган. | |||
«Курт», «Титулярдык советник») коомдук | |||
«Эсмеральда» (В. Гюгонун романы | |||
«Суу периси» (1855), «Таш конок» (1866, экөө теӊ А. С. Пушкиндин чыгармалары | |||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
03:58, 26 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
ДАРГОМЫ́ЖСКИЙ Александр Сергеевич [2(14). 2. 1813, Тула губерниясы, Белёвск уезди, Троицк кыштагы – 5(17). 1. 1869, Петербург] – орус композитору, музыкалык сын реализминин ири өкүлү.

Бир катар чыгармаларында («Картаӊ капрал», «Курт», «Титулярдык советник») коомдук теӊсиздикти ашкерелеген. Элдин турмуш-тиричилигин чагылдырган лирикалык, декламациялык-речитативдик драмалардын жаӊы түрлөрүн жараткан. Даргомыжский орустун Глинка баштаган улуттук классикалык музыкалык мектебинин элдик-реалисттик талаптарын өнүктүрүп, жаӊы табылгалар менен байыткан. Белгилүү чыгармалары: «Эсмеральда» (В. Гюгонун романы боюнча, 1841), «Суу периси» (1855), «Таш конок» (1866, экөө теӊ А. С. Пушкиндин чыгармалары боюнча) жана башка опералар. Даргомыжский симфониялык оркестр үчүн «Жез кемпир» аттуу тамашалуу фантазияны (1862) жана «Чухон фантазияларын» (1867), фортепьяно үчүн пьесаларды, вокалдык квартеттерди, 100гө жакын романс, ырларды жазган. Даргомыжскийди Мусоргский музыкадагы чындыктын окутуучусу деп атаган. А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында «Эсмеральда», «Суу периси» жана башка опералары коюлган.