ДЕЛИМИТАЦИЯ: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕЛИМИТА́ЦИЯ''' (delimitatio – чек араны ор­нотуу) – чектеш мамлекеттердин ортосундагы | '''ДЕЛИМИТА́ЦИЯ''' (delimitatio – чек араны ор­нотуу) – чектеш мамлекеттердин ортосундагы | ||
чек ара сызыгынын жер бетиндеги ордун так аныктоо. | чек ара сызыгынын жер бетиндеги ордун так аныктоо. Делимитация эл аралык келишимде белгиленет ж-а ага тиркелген картада графикалык жактан сүрөттөлөт. Делимитация татаал ж-а жай жүргөн процесс. Анда чектеш мамлекеттер мамлекеттик чек ара сызы­гын тактоо, аныктоо ж-а бекитүү б-ча саясий макулдашууга жетишүүсү зарыл. Делимитация жүргүзүү жөнүндөгү саясий макулдашуу биргелешкен коммю­нике, билдирүү, меморандум ж. б. саясий доку­менттерде жарыяланат. Мисалы, кыргыз-кытай чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү 1989-жылы Со­вет-Кытай, 1992-жылы Кыргыз-Кытай биргелешкен коммюникесинде бекитилген. Чек ара маселе­лери боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө пикир келишпестиктер болуп, ал чечилбеген учурда аны жөнгө салуу үчүн дипломатиялык ортомчулук, арбит­раждык, эл аралык сотту калыстыкка тартуу­га эл аралык укуктун жоболору жол берет. Чек араны Делимитациялоонун негизинде ''демаркация'' жүргү­зүлөт. | ||
макулдашууга жетишүүсү зарыл. | |||
''Э. Кадыров.'' | |||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
03:53, 28 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
ДЕЛИМИТА́ЦИЯ (delimitatio – чек араны орнотуу) – чектеш мамлекеттердин ортосундагы чек ара сызыгынын жер бетиндеги ордун так аныктоо. Делимитация эл аралык келишимде белгиленет ж-а ага тиркелген картада графикалык жактан сүрөттөлөт. Делимитация татаал ж-а жай жүргөн процесс. Анда чектеш мамлекеттер мамлекеттик чек ара сызыгын тактоо, аныктоо ж-а бекитүү б-ча саясий макулдашууга жетишүүсү зарыл. Делимитация жүргүзүү жөнүндөгү саясий макулдашуу биргелешкен коммюнике, билдирүү, меморандум ж. б. саясий документтерде жарыяланат. Мисалы, кыргыз-кытай чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү 1989-жылы Совет-Кытай, 1992-жылы Кыргыз-Кытай биргелешкен коммюникесинде бекитилген. Чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө пикир келишпестиктер болуп, ал чечилбеген учурда аны жөнгө салуу үчүн дипломатиялык ортомчулук, арбитраждык, эл аралык сотту калыстыкка тартууга эл аралык укуктун жоболору жол берет. Чек араны Делимитациялоонун негизинде демаркация жүргүзүлөт.
Э. Кадыров.