ГАСТРОЭНТЕРОКОЛИТ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГАСТРОЭНТЕРОКОЛИ́Т ''' (''гастрит..''. ж-а гр. tnteron – ичеги, kjlon – жоон ичеги) – карын, ичке ж-а жоон ичегини бир мезгилде жабыркаткан сезгенүү оорусу. Ал кээ бир бактериялар ж-а вирустар, уу металлдар, щелочтор, спирт, дары-дармек м-н ууланганда, дары ж-а тамактан болгон аллергияда көбүнчө катуу кармайт. Көп учурда бактерия жуккандан болот. Гастроэнтерколитке карын зилинин кычкылынын аз | '''ГАСТРОЭНТЕРОКОЛИ́Т ''' (''гастрит..''. ж-а гр. tnteron – ичеги, kjlon – жоон ичеги) – карын, ичке ж-а жоон ичегини бир мезгилде жабыркаткан сезгенүү оорусу. Ал кээ бир бактериялар ж-а вирустар, уу металлдар, щелочтор, спирт, дары-дармек м-н ууланганда, дары ж-а тамактан болгон аллергияда көбүнчө катуу кармайт. Көп учурда бактерия жуккандан болот. Гастроэнтерколитке карын зилинин кычкылынын аз болушу, витамин жетишсиздиги, кара жумуш, алкоголь ичимдигин көп ичүү түрткү берет. Оору капысынан башталып, оорулуу кусат, ичи ооруйт ж-а өтөт, башы ооруйт, денеси ысыйт, алы кетип, кээде эстен танат. Жүрөк-кан тамыр системасыныне иши бузулат. Аны убагында жакшы дарылабаса өнөкөт түрүнө өтөт. Ал демейде кандайдыр бир органды – карынды (''гастрит''), ичке ичегини (''энтерит'') же жоон ичегини (''колит'') жабыркатат. Жеӊил учурунда 5–7 күндө жакшы болуп кетет. Дарылоо – ичеги-карын жолундагы сезгенүү процессине, инфекция ж-а ууланууга каршы жүргүзүлөт. Диетаны сактоо – аз-аздан 5–6 жолу тамактанып, сүрсүгөн, туздалган, куурулган тамакты, кара нан, ынак сүт ж. б. жегенге ж-а ичкенге болбойт. Белоктуу диета – эт сорпосу, майдаланган эт, быштак, үч күн турган кефир, айран, майсыз сыр, кайнап бышкан балык эти, сууга бышкан ботко, кургатылган же каткан ак нан, лимон м-н чай, компот берүү сунуш кылынат. Алдын алууда тамак-аштан уулануудан сактануу ж-а жеке гигиена эрежелерин сактоо, катуу кармаган гастроэнтерколитти жакшы дарылоо зарыл. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
07:58, 28 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
ГАСТРОЭНТЕРОКОЛИ́Т (гастрит... ж-а гр. tnteron – ичеги, kjlon – жоон ичеги) – карын, ичке ж-а жоон ичегини бир мезгилде жабыркаткан сезгенүү оорусу. Ал кээ бир бактериялар ж-а вирустар, уу металлдар, щелочтор, спирт, дары-дармек м-н ууланганда, дары ж-а тамактан болгон аллергияда көбүнчө катуу кармайт. Көп учурда бактерия жуккандан болот. Гастроэнтерколитке карын зилинин кычкылынын аз болушу, витамин жетишсиздиги, кара жумуш, алкоголь ичимдигин көп ичүү түрткү берет. Оору капысынан башталып, оорулуу кусат, ичи ооруйт ж-а өтөт, башы ооруйт, денеси ысыйт, алы кетип, кээде эстен танат. Жүрөк-кан тамыр системасыныне иши бузулат. Аны убагында жакшы дарылабаса өнөкөт түрүнө өтөт. Ал демейде кандайдыр бир органды – карынды (гастрит), ичке ичегини (энтерит) же жоон ичегини (колит) жабыркатат. Жеӊил учурунда 5–7 күндө жакшы болуп кетет. Дарылоо – ичеги-карын жолундагы сезгенүү процессине, инфекция ж-а ууланууга каршы жүргүзүлөт. Диетаны сактоо – аз-аздан 5–6 жолу тамактанып, сүрсүгөн, туздалган, куурулган тамакты, кара нан, ынак сүт ж. б. жегенге ж-а ичкенге болбойт. Белоктуу диета – эт сорпосу, майдаланган эт, быштак, үч күн турган кефир, айран, майсыз сыр, кайнап бышкан балык эти, сууга бышкан ботко, кургатылган же каткан ак нан, лимон м-н чай, компот берүү сунуш кылынат. Алдын алууда тамак-аштан уулануудан сактануу ж-а жеке гигиена эрежелерин сактоо, катуу кармаган гастроэнтерколитти жакшы дарылоо зарыл.