ДЕМОКРАТИЯ: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕМОКРА́ТИЯ''' (гр. demos – эл, krftos – бий­лик) – эл бийлиги, бийлик элдин колунда бол­гон саясий түзүлүш, мамлекет формасы. | '''ДЕМОКРА́ТИЯ''' (гр. demos – эл, krftos – бий­лик) – эл бийлиги, бийлик элдин колунда бол­гон саясий түзүлүш, мамлекет формасы. Демократияда мамлекеттик бийликтин негизги органдары шайланат, жарандардын теӊ укуктуулугу, чечимдерди ка­был алууда азчылыктын көпчүлүккө баш ийи­ши камсыз болот. Демократиянын тарыхы байыркы ба­тыш цивилизациясынын мезгилинен башталат. Байыркы Афиныда тарыхта биринчи жолу эл­дик чогулуш, бардык жооптуу кызматтагы адам­дардын шайлануу ж-а отчёт берүү принциптери сыяктуу саясий институттар иштелип чыккан. Азыр­кы Демократиянын салттары батыштагы революциялардын жүрүшүндө ж-а АКШдагы көз каранды эместик үчүн болгон согуштарда түптөлүп, Демократиянын негиз­ги башаты – бардык адамдардын мыйзам ал­дында теӊдиги ж-а адамдын эркиндигине негиз салынган. Демократия төмөндөгүдөй принциптерди кам­тыйт: адам укугу ж-а аны мамлекеттин укугу­нан жогору коюу; эркин атаандаштык ж-а ба­зар мамилелериндеги эркиндик, жеке ойго ээ бо­луу ж-а аны ачык айтуу боюнча азчылыктын уку­гунун корголушу; башкаруу органдарынын мез­гил-мезгили м-н эл алдына иши жөнүндө отчёт бе­рип туруу, көпчүлүк колдогон чечимди кабыл алуу; эркиндик, азаттык, теӊдик, теӊчилдик, мыйзамды ж-а адам укуктарын сыйлоочулук, көп түрдүү пикирдүүлүк (плюрализм), калк эге­мендиги, жарандардын мамлекеттик, административдик башкарууга катышы ж. б. Демократиялык коомдо теӊ салмактуулук­ту кармап турган өз алдынча, бирок бири бири м-н байланыштуу болгон бийликтин үч бутагы түзүлөт. Аларга мыйзам чыгаруучу, аткаруучу ж-а сот бийлиги ыйгарылат. Демократиянын негизинде элдин өзүн-өзү башкаруу идеясы ж-а элдик өкүл- | ||
үчүн болгон согуштарда түптөлүп, | |||
дөрдүн шайлоочулар алдындагы жоопкерчили­ги жатат. [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | дөрдүн шайлоочулар алдындагы жоопкерчили­ги жатат. [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
09:16, 28 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
ДЕМОКРА́ТИЯ (гр. demos – эл, krftos – бийлик) – эл бийлиги, бийлик элдин колунда болгон саясий түзүлүш, мамлекет формасы. Демократияда мамлекеттик бийликтин негизги органдары шайланат, жарандардын теӊ укуктуулугу, чечимдерди кабыл алууда азчылыктын көпчүлүккө баш ийиши камсыз болот. Демократиянын тарыхы байыркы батыш цивилизациясынын мезгилинен башталат. Байыркы Афиныда тарыхта биринчи жолу элдик чогулуш, бардык жооптуу кызматтагы адамдардын шайлануу ж-а отчёт берүү принциптери сыяктуу саясий институттар иштелип чыккан. Азыркы Демократиянын салттары батыштагы революциялардын жүрүшүндө ж-а АКШдагы көз каранды эместик үчүн болгон согуштарда түптөлүп, Демократиянын негизги башаты – бардык адамдардын мыйзам алдында теӊдиги ж-а адамдын эркиндигине негиз салынган. Демократия төмөндөгүдөй принциптерди камтыйт: адам укугу ж-а аны мамлекеттин укугунан жогору коюу; эркин атаандаштык ж-а базар мамилелериндеги эркиндик, жеке ойго ээ болуу ж-а аны ачык айтуу боюнча азчылыктын укугунун корголушу; башкаруу органдарынын мезгил-мезгили м-н эл алдына иши жөнүндө отчёт берип туруу, көпчүлүк колдогон чечимди кабыл алуу; эркиндик, азаттык, теӊдик, теӊчилдик, мыйзамды ж-а адам укуктарын сыйлоочулук, көп түрдүү пикирдүүлүк (плюрализм), калк эгемендиги, жарандардын мамлекеттик, административдик башкарууга катышы ж. б. Демократиялык коомдо теӊ салмактуулукту кармап турган өз алдынча, бирок бири бири м-н байланыштуу болгон бийликтин үч бутагы түзүлөт. Аларга мыйзам чыгаруучу, аткаруучу ж-а сот бийлиги ыйгарылат. Демократиянын негизинде элдин өзүн-өзү башкаруу идеясы ж-а элдик өкүл-
дөрдүн шайлоочулар алдындагы жоопкерчилиги жатат.