ДЕШТ-И КЫПЧАК: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕШТ-И КЫПЧА́К''' , К ы п ч а к т а л а а с ы – 11–16- | '''ДЕШТ-И КЫПЧА́К''' , К ы п ч а к т а л а а с ы – 11–16-кылымдардын жазма булактарынан белгилүү бол­гон, ''Борбордук Азиянын'' түндүк-батышынан орун алган тарыхый-географиялык аймак. Түштүгүндө Аму- Дарыя м-н Сыр-Дарыянын төмөнкү алабынан баштап, түндүгү Урал тоолорунун жарымы, чы­гышында Батыш Алтай ж-а Иртыш өзөнүнүн эки өйүзү; батышы Дунайдын төмөнкү агымы­на чейинки жерлерди кучагына алган. Бул ата­лыш алгачкы ирет (1030) фарсы акыны На­сир-и Хосровдун дастанында эскерилет. Аймак­та башка калктар (огуз ж. б. тилдүү түрк уруу­лар, финн-угорлор ж. б.) жашаса да, кыпчак­тардын саясий ролунун өсүшүнөн улам фарсы тилинде Дешт-и Кыпчак деп аталган. Орус жылнаама­ларында бул аймак «половец талаасы», «куман талаасы» деген ат м-н да белгилүү. Моӊгол чабуу­лунан кийин деле бул аймак өзүнүн атын сак­тап, Урал (Жайык) суусунун чыгыш жак бөлүгү Ак Ордого карайт. Бул аймакта жашашкан уруулардын көбү кийинчерээк Орто Азия м-н Казакстан элдерин кураган түрк элдеринин кура­мына кирип, алардын этностук бөлүгүн түзгөн. | ||
Ад.: ''Кудряшов К. В.'' Половецкая степь. М., 1948; ''Плетнева С. А.'' Половцы. М., 1990. | |||
''О. Каратаев.'' | |||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
07:43, 1 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДЕШТ-И КЫПЧА́К , К ы п ч а к т а л а а с ы – 11–16-кылымдардын жазма булактарынан белгилүү болгон, Борбордук Азиянын түндүк-батышынан орун алган тарыхый-географиялык аймак. Түштүгүндө Аму- Дарыя м-н Сыр-Дарыянын төмөнкү алабынан баштап, түндүгү Урал тоолорунун жарымы, чыгышында Батыш Алтай ж-а Иртыш өзөнүнүн эки өйүзү; батышы Дунайдын төмөнкү агымына чейинки жерлерди кучагына алган. Бул аталыш алгачкы ирет (1030) фарсы акыны Насир-и Хосровдун дастанында эскерилет. Аймакта башка калктар (огуз ж. б. тилдүү түрк уруулар, финн-угорлор ж. б.) жашаса да, кыпчактардын саясий ролунун өсүшүнөн улам фарсы тилинде Дешт-и Кыпчак деп аталган. Орус жылнаамаларында бул аймак «половец талаасы», «куман талаасы» деген ат м-н да белгилүү. Моӊгол чабуулунан кийин деле бул аймак өзүнүн атын сактап, Урал (Жайык) суусунун чыгыш жак бөлүгү Ак Ордого карайт. Бул аймакта жашашкан уруулардын көбү кийинчерээк Орто Азия м-н Казакстан элдерин кураган түрк элдеринин курамына кирип, алардын этностук бөлүгүн түзгөн.
Ад.: Кудряшов К. В. Половецкая степь. М., 1948; Плетнева С. А. Половцы. М., 1990.
О. Каратаев.