ДЕӉИЗ ДЕӉГЭЭЛИ: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕӉИЗ ДЕӉГЭЭЛИ''' – Дүйнөлүк океандын тынч абалдагы | '''ДЕӉИЗ ДЕӉГЭЭЛИ''' – Дүйнөлүк океандын тынч абалдагы орточо деӊгээлин билгизген (нөл гори­зонту катары эсептелген) шарттуу белги. Деңиз деңгээли жер бетинин Дүйнөлүк океандан бийиктигин ченөөгө мүмкүнчүлүк берет. Деӊиздин толкушу, ташкындашы, деӊиздин үстүнкү бетинин жы­лышы ж-а муздашы, атмосфералык басымдын туруксуз­дугу, жаан-чачын м-н буулануу ар кандай күч­төрдүн таасиринен өзгөрүп турат. Деңиз деңгээли «көз ир­мемдик», ташкындык, орточо суткалык, орточо ай­лык, орточо жылдык ж-а орточо көп жылдык болуп бөлүнөт. КМШ аймагында Деңиз деңгээли катары Балти­ка деӊизинин (Финн булуӊу) Кронштадттагы футшток нөлүнөн алынган. Ушул деӊгээлден тартып КМШ өлкөлөрүнүн жеринин бетинин бийиктиктери өлчөнөт. Кыргызстандын деӊиз деӊгээлинин орточо бийиктиги 2750 ''м'', эӊ бийик жери 7439 ''м'' (Какшаалдагы Жеӊиш чокусу), эӊ жапыз жери 401 ''м'' (Лейлек районунун аймагында). | ||
ченөөгө мүмкүнчүлүк берет. Деӊиздин толкушу, ташкындашы, деӊиздин үстүнкү бетинин жы­лышы ж-а муздашы, | [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
08:22, 1 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДЕӉИЗ ДЕӉГЭЭЛИ – Дүйнөлүк океандын тынч абалдагы орточо деӊгээлин билгизген (нөл горизонту катары эсептелген) шарттуу белги. Деңиз деңгээли жер бетинин Дүйнөлүк океандан бийиктигин ченөөгө мүмкүнчүлүк берет. Деӊиздин толкушу, ташкындашы, деӊиздин үстүнкү бетинин жылышы ж-а муздашы, атмосфералык басымдын туруксуздугу, жаан-чачын м-н буулануу ар кандай күчтөрдүн таасиринен өзгөрүп турат. Деңиз деңгээли «көз ирмемдик», ташкындык, орточо суткалык, орточо айлык, орточо жылдык ж-а орточо көп жылдык болуп бөлүнөт. КМШ аймагында Деңиз деңгээли катары Балтика деӊизинин (Финн булуӊу) Кронштадттагы футшток нөлүнөн алынган. Ушул деӊгээлден тартып КМШ өлкөлөрүнүн жеринин бетинин бийиктиктери өлчөнөт. Кыргызстандын деӊиз деӊгээлинин орточо бийиктиги 2750 м, эӊ бийик жери 7439 м (Какшаалдагы Жеӊиш чокусу), эӊ жапыз жери 401 м (Лейлек районунун аймагында).