ДЕӉИЗ ТОЛКУНДАРЫ: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕӉИЗ ТОЛКУНДАРЫ''' – кокусунан болуп ту­руучу күчтөрдүн (абанын басымы, шамал, жа­нар тоолордун атылышы, суу астындагы жер титирөө, деӊиз кемелеринин жүрүшү) же Күн ж-а Айдын суу ташкынын пайда кылуучу тар­туу күчүнүн таасири м-н океан, деӊиздердеги суу­нун термелүү кыймылы. Толкундар суу бетинде биринин артынан бири төө өркөч болуп кый­мылдайт. Толкундун эӊ төмөнкү бөлүгү негиз­ги, эӊ жогорку чекити, кыры, кырынан негизи­не чейинки аралык анын бийиктиги, эки тол­кундун ортосу узундугу, ал эми толкундун узун­дугуна барабар аралыкты өтүүгө кеткен убакыт анын мезгили, белгилүү убакыт бирдигинде (''сек'') | '''ДЕӉИЗ ТОЛКУНДАРЫ''' – кокусунан болуп ту­руучу күчтөрдүн (абанын басымы, шамал, жа­нар тоолордун атылышы, суу астындагы жер титирөө, деӊиз кемелеринин жүрүшү) же Күн ж-а Айдын суу ташкынын пайда кылуучу тар­туу күчүнүн таасири м-н океан, деӊиздердеги суу­нун термелүү кыймылы. Толкундар суу бетинде биринин артынан бири төө өркөч болуп кый­мылдайт. Толкундун эӊ төмөнкү бөлүгү негиз­ги, эӊ жогорку чекити, кыры, кырынан негизи­не чейинки аралык анын бийиктиги, эки тол­кундун ортосу узундугу, ал эми толкундун узун­дугуна барабар аралыкты өтүүгө кеткен убакыт анын мезгили, белгилүү убакыт бирдигинде (''сек'') өткөн аралык толкундун ылдамдыгы деп аталат. Деңиз толкундарынын көлөмү ар түрдүү: кээде анын бийиктиги 13–15 ''м'', деӊиз титирегенде 50 ''м'', таралыш ыл­дамдыгы 14–15 ''м/сек''га, узундугу 400 ''м''ге чейин же­тет. Таасир эткен күчтөргө карата толкундар ша­мал, ташкын, сейсмдик, басымдык Деңиз толкундары; ээле­ген абалына карай үстүнкү ж-а тереӊдиктеги Деңиз толкундары; толкун узундугунун деӊиздин тереӊдиги­не болгон катышы боюнча узун ж-а кыска Деңиз толкундары; таасир эткен салыштырма күчтөргө жараша ар­гасыз ж-а эркин Деңиз толкундарына бөлүнөт. Формасы ж-а аянты боюнча туура ж-а туура эмес, умтулган ж-а ордунда турган Деңиз толкундары болот. Толкундарды изил­дөө атайы куралдардын, приборлордун (море­граф ж. б.) жардамы м-н кемеде, деӊиз жээкте­ринде жүргүзүлөт. Кээ бир өлкөлөрдө толкун­дардын кубатына негизделген электр станция­лары курулган. Дүйнөдө сейши, цунами өӊдүү күчтүү толкундар болот. | ||
өткөн аралык толкундун ылдамдыгы деп аталат. | [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
09:47, 1 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДЕӉИЗ ТОЛКУНДАРЫ – кокусунан болуп туруучу күчтөрдүн (абанын басымы, шамал, жанар тоолордун атылышы, суу астындагы жер титирөө, деӊиз кемелеринин жүрүшү) же Күн ж-а Айдын суу ташкынын пайда кылуучу тартуу күчүнүн таасири м-н океан, деӊиздердеги суунун термелүү кыймылы. Толкундар суу бетинде биринин артынан бири төө өркөч болуп кыймылдайт. Толкундун эӊ төмөнкү бөлүгү негизги, эӊ жогорку чекити, кыры, кырынан негизине чейинки аралык анын бийиктиги, эки толкундун ортосу узундугу, ал эми толкундун узундугуна барабар аралыкты өтүүгө кеткен убакыт анын мезгили, белгилүү убакыт бирдигинде (сек) өткөн аралык толкундун ылдамдыгы деп аталат. Деңиз толкундарынын көлөмү ар түрдүү: кээде анын бийиктиги 13–15 м, деӊиз титирегенде 50 м, таралыш ылдамдыгы 14–15 м/секга, узундугу 400 мге чейин жетет. Таасир эткен күчтөргө карата толкундар шамал, ташкын, сейсмдик, басымдык Деңиз толкундары; ээлеген абалына карай үстүнкү ж-а тереӊдиктеги Деңиз толкундары; толкун узундугунун деӊиздин тереӊдигине болгон катышы боюнча узун ж-а кыска Деңиз толкундары; таасир эткен салыштырма күчтөргө жараша аргасыз ж-а эркин Деңиз толкундарына бөлүнөт. Формасы ж-а аянты боюнча туура ж-а туура эмес, умтулган ж-а ордунда турган Деңиз толкундары болот. Толкундарды изилдөө атайы куралдардын, приборлордун (мореграф ж. б.) жардамы м-н кемеде, деӊиз жээктеринде жүргүзүлөт. Кээ бир өлкөлөрдө толкундардын кубатына негизделген электр станциялары курулган. Дүйнөдө сейши, цунами өӊдүү күчтүү толкундар болот.