ДЕӉИЗ ЧӨКМӨЛӨРҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ДЕӉИЗ ЧӨКМӨЛӨРҮ''' – деӊиз, океан түбүндө
'''ДЕӉИЗ ЧӨКМӨЛӨРҮ''' – деӊиз, океан түбүндө чөкмөлөрдүн жыйылышынан пайда болгон тоо­тек катмарлары. Алар кургактыктан дарыя агы­мы, шамал, жээктердеги суу толкуну м-н сүрүлүп келген заттардан, деӊизде жашаган организм калдыктарынан, химиялык жол м-н пайда болгон минералдардан ж-а суу астындагы жанар тоо бүркүндүлөрүнөн түзүлөт. Деңиз чөкмөлөрүндөгү бөлүкчөлөр: терриген (тоотектердин талкаланып үбөлө­нүшүнөн), биоген (деӊиз организмдеринин ске­лет ж-а кабык калдыктарынан) ж-а хемоген (деӊиз сууларында туздардын чөгүшүнөн же деӊиз түбүндө жүргөн химиялык процесстерден) жолдо­ру м-н пайда болот. Пайда болуу тереӊдигине жараша литораль, нерит, батиаль ж-а абиссаль чөкмөлөрү болуп бөлүнөт. Механикалык курамы боюнча Деңиз чөкмөлөрү кум, ылайлуу кум, алевролит ж-а ылайлардан турат. Деңиз чөкмөлөрү диагенездин натыйжасында катуу чөкмө тектерге айланат. Кыргызстанда байыркы Деңиз чөкмөлөрү геологиялык мезгилдердин дээрлик бардыгында (мезо­зой ж-а кайнозой замандарынан башка) кеӊи­ри таралган. Алар м-н Теӊир тоонун темир, мар­ганец, коргошун, пирит, фосфорит, боксит, нефть ж-а газдын кендери байланыштуу.
чөкмөлөрдүн жыйылышынан пайда болгон тоо­тек катмарлары. Алар кургактыктан дарыя агы­мы, шамал, жээктердеги суу толкуну м-н сүрүлүп келген заттардан, деӊизде жашаган организм калдыктарынан, хим. жол м-н пайда болгон минералдардан ж-а суу астындагы жанар тоо бүркүндүлөрүнөн түзүлөт. Д. ч-ндөгү бөлүкчөлөр: терриген (тоотектердин талкаланып үбөлө­нүшүнөн), биоген (деӊиз организмдеринин ске­лет ж-а кабык калдыктарынан) ж-а хемоген (деӊиз сууларында туздардын чөгүшүнөн же де-
ӊиз түбүндө жүргөн хим. процесстерден) жолдо­ру м-н пайда болот. Пайда болуу тереӊдигине жараша литораль, нерит, батиаль ж-а абиссаль
чөкмөлөрү болуп бөлүнөт. Мех. курамы б-ча Д. ч. кум, ылайлуу кум, алевролит ж-а ылайлардан турат. Д. ч. диагенездин натыйжасында катуу
чөкмө тектерге айланат. Кырг-нда байыркы Д. ч.
геол. мезгилдердин дээрлик бардыгында (мезо­зой ж-а кайнозой замандарынан башка) кеӊи­ри таралган. Алар м-н Теӊир тоонун темир, мар­ганец, коргошун, пирит, фосфорит, боксит, нефть ж-а газдын кендери байланыштуу.


Ад.: ''Страхов Н. М.'' Основы теории литогенеза. Т. 1–3-е, М., 1962; ''Швецов М. С.'' Петрография оса­дочных пород. 3-е изд., М.; Л., 1958; ''Крашенинни­ков Г. Ф.'' Учение о фациях. М., 1971. [[Category: 3-том, 5-85 бб]]
Ад.: ''Страхов Н. М.'' Основы теории литогенеза. Т. 1–3-е, М., 1962; ''Швецов М. С.'' Петрография оса­дочных пород. 3-е изд., М.; Л., 1958; ''Крашенинни­ков Г. Ф.'' Учение о фациях. М., 1971. [[Category: 3-том, 5-85 бб]]

10:02, 1 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ДЕӉИЗ ЧӨКМӨЛӨРҮ – деӊиз, океан түбүндө чөкмөлөрдүн жыйылышынан пайда болгон тоо­тек катмарлары. Алар кургактыктан дарыя агы­мы, шамал, жээктердеги суу толкуну м-н сүрүлүп келген заттардан, деӊизде жашаган организм калдыктарынан, химиялык жол м-н пайда болгон минералдардан ж-а суу астындагы жанар тоо бүркүндүлөрүнөн түзүлөт. Деңиз чөкмөлөрүндөгү бөлүкчөлөр: терриген (тоотектердин талкаланып үбөлө­нүшүнөн), биоген (деӊиз организмдеринин ске­лет ж-а кабык калдыктарынан) ж-а хемоген (деӊиз сууларында туздардын чөгүшүнөн же деӊиз түбүндө жүргөн химиялык процесстерден) жолдо­ру м-н пайда болот. Пайда болуу тереӊдигине жараша литораль, нерит, батиаль ж-а абиссаль чөкмөлөрү болуп бөлүнөт. Механикалык курамы боюнча Деңиз чөкмөлөрү кум, ылайлуу кум, алевролит ж-а ылайлардан турат. Деңиз чөкмөлөрү диагенездин натыйжасында катуу чөкмө тектерге айланат. Кыргызстанда байыркы Деңиз чөкмөлөрү геологиялык мезгилдердин дээрлик бардыгында (мезо­зой ж-а кайнозой замандарынан башка) кеӊи­ри таралган. Алар м-н Теӊир тоонун темир, мар­ганец, коргошун, пирит, фосфорит, боксит, нефть ж-а газдын кендери байланыштуу.

Ад.: Страхов Н. М. Основы теории литогенеза. Т. 1–3-е, М., 1962; Швецов М. С. Петрография оса­дочных пород. 3-е изд., М.; Л., 1958; Крашенинни­ков Г. Ф. Учение о фациях. М., 1971.