БУТАК МУРУТ РАКТАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БУТАК МУРУТ РАКТАР ''' (Cladocera) – жалбырак буттуулар түркүмүнүн рак сымалдар түркүмчөсү. | '''БУТАК МУРУТ РАКТАР ''' (Cladocera) – жалбырак буттуулар түркүмүнүн рак сымалдар түркүмчөсү. Узундугу 1 ''мм''ден кемирээк, кээде 5 ''мм''ге чейин жетет. Денеси анча тунук эмес, кош капкалуу карапакска бекиген. Башы ылдый караган тумшугуна өтөт. Фасеттүү көзү бар. Чоӊ эмес антенналары абдан узун кыл сымал, сүзгөнгө жардам берет. Көкүрөк буттары көпчүлүгүндө чыпка милдетин аткарат. Боорунун аягында 2 тырмагы бар. Алардын 380дей түрү бардык жерде, тузсуз көлмөлөрдө кезигет, деӊизде жашоочу түрү аз, тропик токойлорунда мамык чөптө жашагандары да белгилүү. Көбү детрит, бактериялар, бир клеткалуулар менен азыктанышат, жырткычтары да бар. Айрымдары балыктарга жакшы азык. Балык заводдорунда мекире сымалдарга жана лососторго атайын тоют катары өстүрүлөт. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:52, 1 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
БУТАК МУРУТ РАКТАР (Cladocera) – жалбырак буттуулар түркүмүнүн рак сымалдар түркүмчөсү. Узундугу 1 ммден кемирээк, кээде 5 ммге чейин жетет. Денеси анча тунук эмес, кош капкалуу карапакска бекиген. Башы ылдый караган тумшугуна өтөт. Фасеттүү көзү бар. Чоӊ эмес антенналары абдан узун кыл сымал, сүзгөнгө жардам берет. Көкүрөк буттары көпчүлүгүндө чыпка милдетин аткарат. Боорунун аягында 2 тырмагы бар. Алардын 380дей түрү бардык жерде, тузсуз көлмөлөрдө кезигет, деӊизде жашоочу түрү аз, тропик токойлорунда мамык чөптө жашагандары да белгилүү. Көбү детрит, бактериялар, бир клеткалуулар менен азыктанышат, жырткычтары да бар. Айрымдары балыктарга жакшы азык. Балык заводдорунда мекире сымалдарга жана лососторго атайын тоют катары өстүрүлөт.