ДИАСПОРА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ДИ́АСПО́РА''' (гр. diasporf – таратуу, чачыранды болуу) – өз тарыхый мекенинен сырткары, баш­ка өлкөлөрдө жашаган этностук топ. Д. зордоп көчүрүү, геноцид коркунучу, о. эле экон. ж-а со­циалдык себептердин натыйжасында пайда бол­гон. «Д.» термини алгач б. з. ч. 6-к-дын башын­да Палестинадан куулуп, сыртта жашаган еврей­лерге, кийин башка этностук ж-а диний топтор­го карата колдонула баштаган. Д. өкүлдөрү жа­шап жаткан аймагында улуттук-маданий бор­борлорду түзүп, рухий мад-тын сактоо ж-а өнүк­түрүү, улуттук салттарды, үрп-адаттарды жа­йылтуу, ата журту м-н маданий байланышта болуу, маданий-агартуу иштерин жүргүзөт. Кырг-нда да жашаган улуттардын Д-лары бар. Ал эми Россия, Казакстан, Түркия, Кытай, Ба­тыш Европа, Америка ж. б. өлкөлөрдө кыргыз Д-лары катталган. ''О. Каратаев, С. Эралиев.'' [[Category: 3-том, 5-85 бб]]
'''ДИ́АСПО́РА''' (грекче diasporf – таратуу, чачыранды болуу) – өз тарыхый мекенинен сырткары, баш­ка өлкөлөрдө жашаган этностук топ. Диаспора зордоп көчүрүү, геноцид коркунучу, ошондой эле экономикалык жана со­циалдык себептердин натыйжасында пайда бол­гон. «Дисапора» термини алгач биздин заманга чейинки VI кылымдын башын­да Палестинадан куулуп, сыртта жашаган еврей­лерге, кийин башка этностук жана диний топтор­го карата колдонула баштаган. Диаспора өкүлдөрү жа­шап жаткан аймагында улуттук-маданий бор­борлорду түзүп, рухий маданиятын сактоо жана өнүк­түрүү, улуттук салттарды, үрп-адаттарды жа­йылтуу, ата журту менен маданий байланышта болуу, маданий-агартуу иштерин жүргүзөт. Кыргызстанда да жашаган улуттардын Диаспоралары бар. Ал эми Россия, Казакстан, Түркия, Кытай, Ба­тыш Европа, Америка жана башка өлкөлөрдө кыргыз Диаспоралары катталган.  


''О. Каратаев, С. Эралиев.''
[[Category: 3-том, 5-85 бб]]

03:07, 3 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ДИ́АСПО́РА (грекче diasporf – таратуу, чачыранды болуу) – өз тарыхый мекенинен сырткары, баш­ка өлкөлөрдө жашаган этностук топ. Диаспора зордоп көчүрүү, геноцид коркунучу, ошондой эле экономикалык жана со­циалдык себептердин натыйжасында пайда бол­гон. «Дисапора» термини алгач биздин заманга чейинки VI кылымдын башын­да Палестинадан куулуп, сыртта жашаган еврей­лерге, кийин башка этностук жана диний топтор­го карата колдонула баштаган. Диаспора өкүлдөрү жа­шап жаткан аймагында улуттук-маданий бор­борлорду түзүп, рухий маданиятын сактоо жана өнүк­түрүү, улуттук салттарды, үрп-адаттарды жа­йылтуу, ата журту менен маданий байланышта болуу, маданий-агартуу иштерин жүргүзөт. Кыргызстанда да жашаган улуттардын Диаспоралары бар. Ал эми Россия, Казакстан, Түркия, Кытай, Ба­тыш Европа, Америка жана башка өлкөлөрдө кыргыз Диаспоралары катталган.

О. Каратаев, С. Эралиев.