ДИВАЕВ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИВАЕВ''' Абубекр, А б у б а к и р Ахмеджано­вич (18.12.1886, Оренбург – 5.2.1932, Ташкент) – фольклор изилдөөчү, этнограф, археолог, түрко­лог, чыгыш таануучу. Улуту – башкыр. Орен­бургдагы Неплюев кадет корпусунун Азия бөлүмүн бүтүргөн (1876). Алгач Түркстанда ас­кер кызматчы, кийин Ташкент шаарында аскер-эл­дик башкармалыкта, Сыр-Дарыя аскер губер­наторунун алдында кызмат өтөгөн. 1877-жыл­дан котормочу – тилмеч. 1906-жылдан Казан университетинин алдындагы этнография бөлүмүнүн илимий кызматкери, Ташкенттеги Орто Азия мамлекеттик ун­иверситетинде жана Чыгыш таануу институтунда этнография жана археология бөлүмдөрүнүн башчысы, эт­нографиялык жана фольклордук экспедициялардын же­текчиси. Диваев Түркстан аймагында жашаган түрк элдеринин (өзбек, казак, кара калпак, кыргыз | '''ДИВАЕВ''' Абубекр, '''А б у б а к и р Ахмеджано­вич''' (18.12.1886, Оренбург – 5.2.1932, Ташкент) – фольклор изилдөөчү, этнограф, археолог, түрко­лог, чыгыш таануучу. Улуту – башкыр. Орен­бургдагы Неплюев кадет корпусунун Азия бөлүмүн бүтүргөн (1876). Алгач Түркстанда ас­кер кызматчы, кийин Ташкент шаарында аскер-эл­дик башкармалыкта, Сыр-Дарыя аскер губер­наторунун алдында кызмат өтөгөн. 1877-жыл­дан котормочу – тилмеч. 1906-жылдан Казан университетинин алдындагы этнография бөлүмүнүн илимий кызматкери, Ташкенттеги Орто Азия мамлекеттик ун­иверситетинде жана Чыгыш таануу институтунда этнография жана археология бөлүмдөрүнүн башчысы, эт­нографиялык жана фольклордук экспедициялардын же­текчиси. Диваев Түркстан аймагында жашаган түрк элдеринин (өзбек, казак, кара калпак, кыргыз | ||
[[Файл:Абуб.jpg|left|thumb|278x278px]] | [[Файл:Абуб.jpg|left|thumb|278x278px]] | ||
жана башка) элдик оозеки чыгармачылыгын, үрп-адаттарын, ырым-жырым, салттарын чогултуп, иретке кел­тирип, изилдөө иштерин жүргүзгөн. Анын кыр­гыздар боюнча чогулткан материалдары Сыр-Да­рыя, Олуя-Ата, Жети-Суу аймактарында жаша­ган топторго таандык болуп, кыргыз элинин эт­нографиясын, фольклорун, дүйнө таанымын изилдөөдө негизги булак болгон. Диваевдин каты­шуусу менен Кожо Ахмед Яссавинин мечитинен табылган эски жазуулар Түркстандын тарыхын изилдөөдө маанилүү салым болду. Ал тапкан мөөрдүн ортосуна Ахмед Яссавинин ысмы жа­зылып, «Хижранын 1212-жылы» деген жазуу түшүрүлгөн, четинде мөөрдү жасаган устанын ысмы (Кожохан) калтырылган. Диваев илимий ишмер­диги үчүн 1896-жылы 22-январда ''Археология сүйүүчүлөрдүн Түркстан ийриминин'' (ТКЛА) анык мүчөсү болуп шайланган. Диваев «Шоро баа­тыр», «Бекет баатыр», «Кобыланды», «Алпа­мыш баатыр» (анын бир нече вариантын), «Кам­бар баатыр», «Эр Таргын», «Айман-Чолпон» ыр­ларын, «Алаша хан менен Алдар көсө», «Ажы» жана башка жомокторду, чечен сөздөрдү, казак балдар оюндарын жыйнап, кагазга түшүрүп, айрымда­рын орус тилине которгон. Эл оозунан Асан Кай­гы, Алашахан, Амир Темир, Караш баатыр туу­ралуу маалыматтарды, ошондой эле макал-ылакаптар­ды жазып алып жарыялаган. Диваевдин илимге сиӊирген эмгегин П.М.''Мелиоранский,'' В. А. ''Горд­левский,'' В. В. ''Бартольд'' ж.ана башка илимпоздор жогору баалашкан. Диваев Түркстан элдик университетинде жана Түркстан Чыгыш институтунда (1924-жылы Орто Азия мамлекеттик университетинин (САГУ) чыгыш факультетине айланган) сабак берген. | жана башка) элдик оозеки чыгармачылыгын, үрп-адаттарын, ырым-жырым, салттарын чогултуп, иретке кел­тирип, изилдөө иштерин жүргүзгөн. Анын кыр­гыздар боюнча чогулткан материалдары Сыр-Да­рыя, Олуя-Ата, Жети-Суу аймактарында жаша­ган топторго таандык болуп, кыргыз элинин эт­нографиясын, фольклорун, дүйнө таанымын изилдөөдө негизги булак болгон. Диваевдин каты­шуусу менен Кожо Ахмед Яссавинин мечитинен табылган эски жазуулар Түркстандын тарыхын изилдөөдө маанилүү салым болду. Ал тапкан мөөрдүн ортосуна Ахмед Яссавинин ысмы жа­зылып, «Хижранын 1212-жылы» деген жазуу түшүрүлгөн, четинде мөөрдү жасаган устанын ысмы (Кожохан) калтырылган. Диваев илимий ишмер­диги үчүн 1896-жылы 22-январда ''Археология сүйүүчүлөрдүн Түркстан ийриминин'' (ТКЛА) анык мүчөсү болуп шайланган. Диваев «Шоро баа­тыр», «Бекет баатыр», «Кобыланды», «Алпа­мыш баатыр» (анын бир нече вариантын), «Кам­бар баатыр», «Эр Таргын», «Айман-Чолпон» ыр­ларын, «Алаша хан менен Алдар көсө», «Ажы» жана башка жомокторду, чечен сөздөрдү, казак балдар оюндарын жыйнап, кагазга түшүрүп, айрымда­рын орус тилине которгон. Эл оозунан Асан Кай­гы, Алашахан, Амир Темир, Караш баатыр туу­ралуу маалыматтарды, ошондой эле макал-ылакаптар­ды жазып алып жарыялаган. Диваевдин илимге сиӊирген эмгегин П.М.''Мелиоранский,'' В. А. ''Горд­левский,'' В. В. ''Бартольд'' ж.ана башка илимпоздор жогору баалашкан. Диваев Түркстан элдик университетинде жана Түркстан Чыгыш институтунда (1924-жылы Орто Азия мамлекеттик университетинин (САГУ) чыгыш факультетине айланган) сабак берген. | ||
Эмгектери.: Казахская народная поэзия. А.-А., 1964; Ка­зактын халык творчествосы. А., 1989. | Эмгектери.: Казахская народная поэзия. А.-А., 1964; Ка­зактын халык творчествосы. А., 1989. | ||
Ад.: ''Гордлевский В. А.'' Абубакир Диваев // Живая старина. 1916/1; ''Сулейменов Б. С.'' Некоторые вопросы истории Казахстана в трудах А. А. Диваева//Известия АН Каз. ССР, Серия историческая, археологическая и этнографическая. А., 1988. 1(9); Казак фолькло­ристикасынын тарыхы. А., 1988. | Ад.: ''Гордлевский В. А.'' Абубакир Диваев // Живая старина. 1916/1; ''Сулейменов Б. С.'' Некоторые вопросы истории Казахстана в трудах А. А. Диваева//Известия АН Каз. ССР, Серия историческая, археологическая и этнографическая. А., 1988. 1(9); Казак фолькло­ристикасынын тарыхы. А., 1988. | ||
''Ч. Жумагулов, А. Көчкүнов.'' [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | |||
''Ч. Жумагулов, А. Көчкүнов.'' | |||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
03:39, 3 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИВАЕВ Абубекр, А б у б а к и р Ахмеджанович (18.12.1886, Оренбург – 5.2.1932, Ташкент) – фольклор изилдөөчү, этнограф, археолог, түрколог, чыгыш таануучу. Улуту – башкыр. Оренбургдагы Неплюев кадет корпусунун Азия бөлүмүн бүтүргөн (1876). Алгач Түркстанда аскер кызматчы, кийин Ташкент шаарында аскер-элдик башкармалыкта, Сыр-Дарыя аскер губернаторунун алдында кызмат өтөгөн. 1877-жылдан котормочу – тилмеч. 1906-жылдан Казан университетинин алдындагы этнография бөлүмүнүн илимий кызматкери, Ташкенттеги Орто Азия мамлекеттик университетинде жана Чыгыш таануу институтунда этнография жана археология бөлүмдөрүнүн башчысы, этнографиялык жана фольклордук экспедициялардын жетекчиси. Диваев Түркстан аймагында жашаган түрк элдеринин (өзбек, казак, кара калпак, кыргыз

жана башка) элдик оозеки чыгармачылыгын, үрп-адаттарын, ырым-жырым, салттарын чогултуп, иретке келтирип, изилдөө иштерин жүргүзгөн. Анын кыргыздар боюнча чогулткан материалдары Сыр-Дарыя, Олуя-Ата, Жети-Суу аймактарында жашаган топторго таандык болуп, кыргыз элинин этнографиясын, фольклорун, дүйнө таанымын изилдөөдө негизги булак болгон. Диваевдин катышуусу менен Кожо Ахмед Яссавинин мечитинен табылган эски жазуулар Түркстандын тарыхын изилдөөдө маанилүү салым болду. Ал тапкан мөөрдүн ортосуна Ахмед Яссавинин ысмы жазылып, «Хижранын 1212-жылы» деген жазуу түшүрүлгөн, четинде мөөрдү жасаган устанын ысмы (Кожохан) калтырылган. Диваев илимий ишмердиги үчүн 1896-жылы 22-январда Археология сүйүүчүлөрдүн Түркстан ийриминин (ТКЛА) анык мүчөсү болуп шайланган. Диваев «Шоро баатыр», «Бекет баатыр», «Кобыланды», «Алпамыш баатыр» (анын бир нече вариантын), «Камбар баатыр», «Эр Таргын», «Айман-Чолпон» ырларын, «Алаша хан менен Алдар көсө», «Ажы» жана башка жомокторду, чечен сөздөрдү, казак балдар оюндарын жыйнап, кагазга түшүрүп, айрымдарын орус тилине которгон. Эл оозунан Асан Кайгы, Алашахан, Амир Темир, Караш баатыр тууралуу маалыматтарды, ошондой эле макал-ылакаптарды жазып алып жарыялаган. Диваевдин илимге сиӊирген эмгегин П.М.Мелиоранский, В. А. Гордлевский, В. В. Бартольд ж.ана башка илимпоздор жогору баалашкан. Диваев Түркстан элдик университетинде жана Түркстан Чыгыш институтунда (1924-жылы Орто Азия мамлекеттик университетинин (САГУ) чыгыш факультетине айланган) сабак берген.
Эмгектери.: Казахская народная поэзия. А.-А., 1964; Казактын халык творчествосы. А., 1989.
Ад.: Гордлевский В. А. Абубакир Диваев // Живая старина. 1916/1; Сулейменов Б. С. Некоторые вопросы истории Казахстана в трудах А. А. Диваева//Известия АН Каз. ССР, Серия историческая, археологическая и этнографическая. А., 1988. 1(9); Казак фольклористикасынын тарыхы. А., 1988.
Ч. Жумагулов, А. Көчкүнов.