ДАН КУРГАТУУ: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДАН КУРГАТУУ''' – эгинди ж-а ар кандай өсүм­дүк үрөнүн сактоого, | '''ДАН КУРГАТУУ''' – эгинди ж-а ар кандай өсүм­дүк үрөнүн сактоого, ошондой эле аларды азык катары пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү технологиялык ыкма. Кургаткандан кийин дан массасынын физиологиялык активдүүлүгү кескин төмөндөйт. Дан эгиндерин­де 20–25%ке чейин ным болот. Мындай ашык­ча нымдан дан көгөрүп, түтөп кетет. Дан ным­дуулугу 14%тен ашпаган учурда жакшы сакта­лат. Жылуулукту пайдаланбай дан кургатуу ж-а жы­луулукту пайдаланып дан кургатуу болуп 2 топко бөлү­нөт. Биринчи ыкмада нымды өзүнө тартып алуу­чу нык заттар (кургак жыгач, хлордуу каль­ций, натрий сульфаты ж. б.), кургак аба пай­даланылат. Бул ыкма техникалык ж-а экономикалык жактан ныйжасыз, көбүнчө үрөн кургатууда колдо­нулат. Жылуулукту пайдаланып дан кургатуу кеӊири таралган. Жылуулуктун келишине жараша бул ыкма бир нечеге бөлүнөт: кондуктивдүү ыкма м-н кургатууда дан ысытылган нерсенин (мисалы, кыштан, темирден даярдалган) үстүнө тегиз жа­йылып кургатылат. Конвективдүү ыкмада ысык аба данды аралап өтүп, текши кургатат. Бул ыкма бардык өнүккөн өлкөлөрдө колдонулат. Радиациялык кургатууда жылуулук данга нур­лантуу аркылуу жиберилет. Данды генератор­дон алынуучу инфракызыл нур м-н кургатуу ык­масы иштелип чыккан. Кырманда данды ша­малдатып, күнгө кургатуу да радиациялык ык­мага кирет. Электр кубаты м-н дан кургатуу ыкмасын­да дан тез, текши кургап, сапатын жоготпойт. Кургатылган дан узак убакытка сакталат, са­паты жогорулайт. | ||
Ад.: Теория и техника сушки зерна. М., 1970. | |||
Ад.: Теория и техника сушки зерна. М., 1970. | |||
''Э. Капарова.'' | |||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
03:47, 3 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДАН КУРГАТУУ – эгинди ж-а ар кандай өсүмдүк үрөнүн сактоого, ошондой эле аларды азык катары пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү технологиялык ыкма. Кургаткандан кийин дан массасынын физиологиялык активдүүлүгү кескин төмөндөйт. Дан эгиндеринде 20–25%ке чейин ным болот. Мындай ашыкча нымдан дан көгөрүп, түтөп кетет. Дан нымдуулугу 14%тен ашпаган учурда жакшы сакталат. Жылуулукту пайдаланбай дан кургатуу ж-а жылуулукту пайдаланып дан кургатуу болуп 2 топко бөлүнөт. Биринчи ыкмада нымды өзүнө тартып алуучу нык заттар (кургак жыгач, хлордуу кальций, натрий сульфаты ж. б.), кургак аба пайдаланылат. Бул ыкма техникалык ж-а экономикалык жактан ныйжасыз, көбүнчө үрөн кургатууда колдонулат. Жылуулукту пайдаланып дан кургатуу кеӊири таралган. Жылуулуктун келишине жараша бул ыкма бир нечеге бөлүнөт: кондуктивдүү ыкма м-н кургатууда дан ысытылган нерсенин (мисалы, кыштан, темирден даярдалган) үстүнө тегиз жайылып кургатылат. Конвективдүү ыкмада ысык аба данды аралап өтүп, текши кургатат. Бул ыкма бардык өнүккөн өлкөлөрдө колдонулат. Радиациялык кургатууда жылуулук данга нурлантуу аркылуу жиберилет. Данды генератордон алынуучу инфракызыл нур м-н кургатуу ыкмасы иштелип чыккан. Кырманда данды шамалдатып, күнгө кургатуу да радиациялык ыкмага кирет. Электр кубаты м-н дан кургатуу ыкмасында дан тез, текши кургап, сапатын жоготпойт. Кургатылган дан узак убакытка сакталат, сапаты жогорулайт.
Ад.: Теория и техника сушки зерна. М., 1970.
Э. Капарова.