ДАРАК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДАРАК''' – катуу сөӊгөктүү, тамыры бекем көп жылдык өсүмдүктөрдүн жалпы аты. | '''ДАРАК''' – катуу сөӊгөктүү, тамыры бекем көп жылдык өсүмдүктөрдүн жалпы аты. Дарактын сый­да жоон сөӊгөгүнөн көптөгөн майда бутактар чыгып, дарак шагын пайда кылат. Дарак сөӊгөгүнүн ж-а шагынын түзүлүшү боюнча ар түрдүү болот. Кам­бийдин эсебинен сөӊгөгү жооноюп өсөт. Калыӊ токойдо дарак түз, бийик өсүп, шагын аз байлайт, ачык жерде жалпак ж-а жоон болуп коюу бу­тактайт. Дарактардын эӊ бийиги – секвойя, дуглас пихтасы, эвкалипт (100–110 ''м''), эӊ жоону – бао­баб (диаметри 9 ''м''ге чейин). Токойчулукта дарак бийиктиги боюнча 25 ''м''ден жогору (кызыл карагай, эмен, ак карагай, кара кайыӊ, жөкө дарак), 15– 25 ''м''ге (байтерек, кайыӊ, ак мажүрүм тал, бал­карагай), 7–15 ''м''ге (ак чечек, арча, четин ж. б.) чейинки болуп айырмаланат. Мөмө дарактары би­йик ж-а көп жыл өсүүчү (алмурут, гилас), анча | ||
чыгып, | |||
ж-а шагынын түзүлүшү | |||
чейинки болуп айырмаланат. Мөмө | |||
[[File:ДАРАК34.png | thumb | Дарактын түрдүү формалары: 1 – кадимки мырза ка­рагай; 2 – италия мырза карагайы; 3 – карагай; 4 – ливан бал карагайы; 5 – бөтөлкө дарак; 6 – мажүрүм ак кайыӊ; 7 – ак тал; 8 – баньян.]] | [[File:ДАРАК34.png | thumb | Дарактын түрдүү формалары: 1 – кадимки мырза ка­рагай; 2 – италия мырза карагайы; 3 – карагай; 4 – ливан бал карагайы; 5 – бөтөлкө дарак; 6 – мажүрүм ак кайыӊ; 7 – ак тал; 8 – баньян.]] | ||
бийик эмес, аз убакка өсүүчү (шабдаалы, алча­нын кээ бир түрү) түрлөргө бөлүнөт. Айрым | бийик эмес, аз убакка өсүүчү (шабдаалы, алча­нын кээ бир түрү) түрлөргө бөлүнөт. Айрым дарактар 3–5 миӊ жыл өсөт. Дарактын сөӊгөгүнөн ку­рулуш материалдары, ошондой эле тиричиликте кол­донулуучу жыгач буюмдары жасалат. | ||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
10:25, 3 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДАРАК – катуу сөӊгөктүү, тамыры бекем көп жылдык өсүмдүктөрдүн жалпы аты. Дарактын сыйда жоон сөӊгөгүнөн көптөгөн майда бутактар чыгып, дарак шагын пайда кылат. Дарак сөӊгөгүнүн ж-а шагынын түзүлүшү боюнча ар түрдүү болот. Камбийдин эсебинен сөӊгөгү жооноюп өсөт. Калыӊ токойдо дарак түз, бийик өсүп, шагын аз байлайт, ачык жерде жалпак ж-а жоон болуп коюу бутактайт. Дарактардын эӊ бийиги – секвойя, дуглас пихтасы, эвкалипт (100–110 м), эӊ жоону – баобаб (диаметри 9 мге чейин). Токойчулукта дарак бийиктиги боюнча 25 мден жогору (кызыл карагай, эмен, ак карагай, кара кайыӊ, жөкө дарак), 15– 25 мге (байтерек, кайыӊ, ак мажүрүм тал, балкарагай), 7–15 мге (ак чечек, арча, четин ж. б.) чейинки болуп айырмаланат. Мөмө дарактары бийик ж-а көп жыл өсүүчү (алмурут, гилас), анча

бийик эмес, аз убакка өсүүчү (шабдаалы, алчанын кээ бир түрү) түрлөргө бөлүнөт. Айрым дарактар 3–5 миӊ жыл өсөт. Дарактын сөӊгөгүнөн курулуш материалдары, ошондой эле тиричиликте колдонулуучу жыгач буюмдары жасалат.